ЖАҢЫ МУУНДУН МУГАЛИМДЕРИ: «МЫКТЫ САБАК» СЫНАГЫНДА КИМДЕР ӨЗГӨЧӨЛӨНДҮ?
- 10.06.2026
- 0
Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» мамлекеттик мекемеси жана «Кут Билим» медиа борбору уюштурган «Мыкты сабак – 2026» республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Өлкөнүн бардык аймактарынан катышкан мугалимдер математика жана табигый илимдер боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстердин негизинде өткөн сабактарынын видеофрагменттерин сунушташты. Сынак мыкты педагогдорду аныктоо менен катар алардын тажрыйба алмашуусуна да мүмкүнчүлүк түздү.

Сынактын жыйынтыгында математика сабагы боюнча биринчи орун Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы №5 Барктабас атындагы мектептин мугалими Назгүл Шаршеновага ыйгарылды. Табигый илимдер багыты боюнча баш байгени Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тосор жалпы билим берүү мектебинин мугалими Асел Талайбек кызы жеңип алды.

Математика предмети 2-орунду — Махабат Асанходжоева алса, 3-орунду — Табылбек кызы Бермет багындырды. Ал эми табигый илимдер предмети боюнча 2-орунга — Сатбекова Наргиза, 3-орунга — Темирбекова Тинатин татыктуу болду. Жеңүүчүлөр грамоталар жана кызыктыруучу белектер менен сыйланды.
«Бул сынак мага чоң семинардай таасир калтырды»
Математика предметинен 1-орунга ээ болгон Шаршенова Назгүл Бакаевна Жалал-Абад облусунун, Тогуз -Торо районунун Атай айылынын №5 Барктабас атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими. Ал сынакка катышууну жөн гана атаандаштык эмес, жаңы билим берүү реформаларын колдоо мүмкүнчүлүгү катары кабыл алганын айтат.
— «12 жылдык билим берүү программасына байланыштуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып жаткандыктан, сынакка катышуу мен үчүн принципиалдуу маселе болуп калды. Жеңүүчү болом деп ойлогон эмесмин. Бирок республика боюнча мугалимдердин сабактарын көрүп, жаңы ыкмаларды үйрөндүм. Бул сынак мага чоң семинардай эле таасир калтырды», — дейт ал.

Ошондой эле жеңүүчү 1- орунду алары кътъъсъз болгонун, сынак республикалык деңгээлде уюштурулгандыктан, мугалимдер ъчън сабак =тъъ ыкмасын алмашуу аянтчасы катары болгонун кошумчалады.
- Ар бир катышуучунун сабактарын эринбей көрүп чыгып, өзүмө керектүү ыкмаларын алып жаттым. Мен бир чоң семинарга катышкандай болдум. Дагы көп сынактар уюштуруула берсин, — дейт.
Мугалим сынак үчүн күнүмдүк сабактарындагы кызыктуу учурларды тартып, социалдык тармактарга жайгаштырып турган. «Ойноп жатып үйрөнөм», «Математика чемпиондору», «Көңүлдүү танапис» сыяктуу тапшырмалар аркылуу окуучулардын сабакка кызыгуусун арттырган.
Анын айтымында, жаңы муундагы математика китептери Сингапур методикасынын элементтерине негизделип, балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

«Мугалим болууну кыялданчу эмесмин»
Табигый илимдер сабагы боюнча жеңүүчү болгон Асел Талайбек кызы Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында Тосор жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими 2015-жылы Ысык-Көл мамлеккеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Быйыл ушул эле окуу жайдын педогогика факультетинде магистратураны аяктоодо. 2024- жылы райондук деңгээлдеги «Жылдын мыкты мугалими” сынагында алдыга чыккан мугалим.
Тосор айылынын жаш мугалими сабактарында чыгармачылыкка өзгөчө басым жасап келет. Кол өнөрчүлүк менен алектенгени анын педагогикалык ишмердүүлүгүнө да таасирин тийгизип, ар бир сабагын өзгөчө уюштурууга жардам берет.
Мугалимдин айтымында, 12 жылдык билим берүү системасы жана жаңы окуу-методикалык комплекстер заманбап окуучулардын муктаждыктарына жооп берет. Себеби бүгүнкү күндө анын классында билим алган 35 окуучу тең секирик жасаганына карабай, ар бир теманы жакшы өздөштүрүп кетти.
— Бул окуу китептери альфа муундагы балдар үчүн абдан ылайыктуу. Мен атайын жаңы методика ойлоп тапкан жокмун. Китептин түзүлүшү эле мугалимди мыкты натыйжага жетелейт. 12 жылдык билим берүү системасын өзгөчө сүйүү менен кабыл алып иштегеним да жеңишке жетеледи деп айтар элем, — дейт мугалим.

Чыгармачыл жана жаңычыл мугалим катары таанылганы менен, бала кезинде таптакыр башка кесипти кыялданганын жашырбайт.
— Мугалим болууну кыялданчу эмесмин. Котормочу болуп, дүйнөнү кыдырсам деп ойлочумун. Бирок ата-энемдин мени контрактта окутууга шарты болгон жок. Өзүм филология багытына бюджетке өтүп, окуп калдым. Бара-бара мугалимдик кесипке болгон сүйүүм ачылды. Мурмуш жолум мени мектепке алып келди. Азыр болсо кесибимди чын жүрөктөн сүйөм», — дейт ал.

Асел Талайбек кызы быйыл 12 жылдык билим берүүгө арналган мугалимдик блог ачып, төрт айдын ичинде жети миңден ашуун окурман топтогон. Бүгүн анын баракчасы өлкөнүн ар тарабынан мугалимдер тажрыйба алмашкан аянтчага айланган.
— «Күн сайын мугалимдер жазып, кеңеш сурашат. Башкаларга жардам берүү менен өзүм да өнүгүп жатам. Бул сынактагы жеңиш мага жаңы максаттарды коюуга чоң мотивация берди. Жаш муундарды окутуу жана тарбиялоо ишине чоң жоопкерчилик менен мамиле кылам. Билим берүү тармагындагы жаңылыктарды дайыма өздөштүрүп, заман талабына ылайык иш алып барууга умтулам, — дейт жеңүүчү.

«Мыкты сабак–2026» сынагы жаңы муундагы окуу китептерин натыйжалуу колдонгон, чыгармачыл жана изденүүчү мугалимдерди аныктап гана тим болбостон, алардын тажрыйба алмашуусуна да өбөлгө түздү. Жеңүүчүлөрдүн окуялары көрсөткөндөй, билим берүүдөгү өзгөрүүлөрдүн ийгилиги эң оболу мугалимдин изденүүсүнө жана жаңылыкка болгон ачыктыгына байланыштуу.
Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”







Комментарийлер