ЖАҢЫ МОДЕЛГЕ ӨТҮҮ АЙЫЛДЫК МЕКТЕПТЕ КАНДАЙ ИШКЕ АШУУДА

  • 20.04.2026
  • 0

Өлкөдө этап-этабы менен киргизилип жаткан 12 жылдык билим берүү модели айыл мектептеринде да ишке аша баштады. Жаңы моделдин артыкчылыктары, мурунку моделден айырмачылыктары жана жаралган көйгөйлөр тууралуу Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылынын Жалпы билим берүүчү Жаңыбай уулу Тилек Баатыр атындагы Кашка-Жол орто  мектебинин директору Мамышева Гульнура Койчубаевна айтып берди.

ЖАҢЫ МОДЕЛГЕ ӨТҮҮ АЙЫЛДЫК МЕКТЕПТЕ КАНДАЙ ИШКЕ АШУУДА

Анын айтымында, мектепте жаңы стандартты ишке ашыруу үчүн биринчи кезекте техникалык шарттар түзүлгөн. “Алтын Казык” программасынын алкагында окуу жайга ноутбуктар келип, 16 мугалимге таратылган. Учурда педагогдор сабактарды ушул техникалык каражаттардын жардамы менен өткөрүп жатышат. Мындан тышкары, 1-класстар үчүн өзүнчө кабинет бөлүнүп, мугалимдер атайын окуулардан өтүшкөн. Район тарабынан окуучулар үчүн окуу куралдары жеткирилип, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шарт түзүлгөн.

Жаңы моделде окутуунун мазмуну да өзгөргөн. Эгер мурда теорияга көбүрөөк басым жасалса, азыр сабактын 30 пайызы теория, 70 пайызы практика түрүндө өтүп жатат. Бул ыкма окуучулардын билимди жакшы өздөштүрүп, аны турмушта колдонушуна жардам берүүдө.

Бирок реформа башталганда айрым кыйынчылыктар да жаралган. Баштапкы этапта ата-энелер арасында түшүнбөстүктөр болуп, мектеп жамааты аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Натыйжада ата-энелердин колдоосу күчөгөн. Директор белгилегендей, мурда да балдар башталгыч классты кошкондо 12 жыл билим алышчу. Азыр болгону структура өзгөрүп, даярдоо баскычы 1-класс болуп калды.

Окуу жылынын башындагы негизги көйгөйлөрдүн бири — китеп жетишсиздиги болгон. Айрыкча 1-класстын окуу китептери убагында келбей, ата-энелер тарабынан көп кайрылуулар түшкөн. Ошого карабастан мугалимдер сабактарды токтотпой, интернеттен материалдарды издеп таап, ар бир окуучуга чыгарып берип иштешкен. Бул кошумча убакытты жана каражатты талап кылган.

Жаңы стандарттын негизги өзгөчөлүгү — практикага басым жасалышы. Окуучулар көбүрөөк жазып, талдап, өз оюн эркин билдирүүгө үйрөнүп жатышат. Эгер мурда айына бир жолу дилбаян жазышса, азыр 2–3 жолу жазып, анализ жүргүзүүгө көнүп калышкан. Мугалимдер 5E модели менен сабак өтүп, окуучулардын кызыгуусун арттырууга, өз алдынча ойлонууга багыт берүүдө.

“Ошол эле учурда айрым маселелер дагы эле чечиле элек. 1-, 5- жана 7-класстар үчүн китептер жетишсиз болууда. Айрым китептердин кагазы жука болгондуктан, 2–3 ай колдонгондон кийин эле айрылып, жараксыз абалга келүүдө. Ошондой эле жумушчу дептерлер карандаш менен толтурулгандыктан, аны кийинки жылы башка окуучулар кантип колдонушат? Карандаш менен толтурулган дептерлерди окуучулар өчүрөбү же мугалимдерби деген суроолор жүрөк өйүтүүдө”, — дейт Гульнура Койчубаевна.

Жалпысынан мектеп жетекчиси 12 жылдык билим берүү моделин келечек үчүн маанилүү кадам катары баалады. Анын пикиринде, жаңы программа окуучулар үчүн кызыктуу темаларды жана заманбап усулдарды камтып, билим берүүнүн сапатын акырындык менен жогорулатууда.

Даярдаган Баяман АНАРБАЕВ,
И. Арабаев атындагы КМУнун Эл аралык журналистика жана медиакоммуникация факультетинин 1-курс студенти

Бөлүшүү

Комментарийлер