“Жаңы дем” – улуттун өсүш даремети
- 20.05.2026
- 0
Өзөк
14-майда «Жаңы дем» агартуу платформасынын расмий ачылышы болду. Кыргызстандагы билим берүү тармагын колдоо, мугалимдерди жана окуучуларды бириктирүү, инновациялык методдорду жайылтуу максатында уюштурулган бул демилге коомдогу кайдыгер эмес адамдардын баары колдойт деп ишенебиз.
Өркөнияттан өксүбөйлү
Кеченин башталышында кыргыздын соңку жаңы тарыхындагы агартуучулар жөнүндө театрынын артисттери мыкты оюн коюшту. Касым Тыныстанов, Ишенаалы Арабаев, аларга чейинки Молдо Кылыч сыяктуу рухий көчтүн баштоочулары совет өкмөтү келгенге чейин эле караңгыдан суурулуп чыгуу жолун чапкан. Борбор Азиядагы мусулман элдерине жадидчилер кыймылы окутуунун жаңы, натыйжалуу усулун жайылта баштаган. Жүз жыл ашуун мезгил мурдагы бийик мүдөө бүгүнкү күнү өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын элестүү, таасирдүү чагылдырып беришти.
Анан “Жаңы дем” платформасынын максаты, миссиясы жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө чакан видео тасма көрсөтүлдү. Эми ошол жерде айтылган айрым идеяларды келтирели.
Советбек НАЗАРАЛИЕВ, чакан ГЭС куруучу инженер, ишкер: “Ачык-айкындык ишенимди бекемдейт”
– Түркияда сүрөөнчү уюмдар өтө көп, биздин студенттерге да чоң пайдасы тийген. Бул өтө терең маанилүү эстафета экен – кечээ мен жардам алып, көздөгөн максаттарыма жеттимби – бүгүн өзүм муктаждарга кол сунушум керек. Менин колумдан берилген жардам эртең – кийинки муундагыларга жетет да, андан ары – жакшылык иштин учугу улана берет.
Жардам ачык-айкын уюштурулса – кимге качан кандай ишти бүтүрүү үчүн канча берилди деп ар бир сомдун эсеби так көрсөтүлүп турса, ишеним бекемделет. Сүрөөнчүлөр отчёт талап кылгандан тышкары конкреттүү иштердин кандай жүрүп жатканына көз салып, уюштуруу жагынан көмөк көрсөтсө, дагы жакшы. Ортого кошулган акчанын жардам жалпы ишке пайдасы тийип жатканын көргөндө, сүрөөнчү дагы бергиси келет, анын өрнөгүн башкалар да ээрчийт.
Өлкөбүздүн, элибиздин келечеги – мектепте. Мугалимдерге баарыбыз колдон келишинче кам көрөлү, жардам берели.
Гүлмира СУЛТАНАЛИЕВА, Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылындагы А. Абдраимов ат. о.м. деректири:
“Мектепке жардам берген азаматтар бар”
– Айлык жогорулаганы абдан жакшы болду. Олимпиада, ЖРТ дагы ийгиликке жеткен окуучулардын мугалимдердин айлыгына Президенттик фонддун эсебинен миң сомдон кошулуп жатат.
Ата-энелер мектеби менен тыгыз кызматташабыз. Майдын аягында сабагынан кыйналгандар үчүн окуу лагерин уюштурабыз. Бир маал тамак берилет.
Айылдын мыкты жигиттери мектепке Чынгыз Айтматовдун томдорун, «Манас» ж.б. адабий китептерди сатып беришти. Бюджеттен каржыланбаган ийримдердин ишин ата-энелер өздөрү камсыздап жатат.
«Жаңы демдин» колдоосу менен 2-3-класстарда китеп окуу долбоору жүргүзүлө баштады.
Бакытбек АБДУЛЛАЕВ, “Китепстан” басма үйүнүн жетекчиси:
“Окуган бала ойлонот. Чыгармачыл жөндөмү өнүгөт”
– Алты-жети жыл мурун “Дүйнөнү кыргызча окуйлу” деген ураан менен “Китепстан» басма үйүн негиздеп, дүйнөдө эң көп окулган китептерди которуп чыгара баштадык. Бүгүнкү күнгө чейин 65 китеп чыгардык. Кыргызстанда 4 кишиге бир китеп туура келет – жалпы басылып чыкканы боюнча, окулганы боюнча эмес. Аталыштары боюнча миңдин тегерегинде эле китеп чыгат. Окуганга кызыккандар үчүн да китеп түркүмү (ассортименти) өтө аз. Өнүккөн өлкөлөрдө бир жылда бир кишиге 20-25 китеп туура келет.
Адегенде мугалимдер үчүн китептерди которуп чыгара баштадык. Финансылык жактан өзүн актабады. Кийин жалпы окурмандар үчүн чыгара баштадык. Чет өлкөдөн грант алган жокпуз. Китеп чыгаруу иши – коомдук агартуу кызматы. Бизнес деп айтуу үчүн рынок кичине, окурмандар аз.
Эгер бир күнү менин байып калганымды көрсөңүздөр, же китеп окугандар көбөйүп, өлкөбүз өнүгүп кеткен болот, же мен башка бизнес секторго кеткен болом. (күлкү)
Измирде мамлекетти башкаруу адистигине окуганмын. 2020-жылдан кийин бир нерсени түшүндүм. Азыркы иштеп жүргөн 35-45 жаш, ортоңку муун менен өлкөнү алдыга сүрөй албайбыз. Бир гана үмүт – 18 жаштан ылдыйкыларда. Ошондуктан да акыркы жылдары балдар адабиятына көңүл бура баштадык. Балдарга ылайык 30дай китеп чыгардык. “Кыргыз эл жомоктору” сыяктуу китептер азыркы балдарды кызыктырбай жатат. Түстүү сүрөттөр менен коштолгон китептер керек. Ата-энеси окуса, балдары да окуйт. “Менин акырам уча алат” китеби аркылуу сүрөт конкурсун уюштурдук. Инстаграмда #менинакырамучаалат хештеги менен 1000ден ашык балдардын сүрөтүн көрөсүздөр. “Китеп бетине саякат” китеби аркылуу дилбаян конкурсун уюштурдук. Ата-энелер кызыга баштады. Окуучулары активдүү катышкан мугалимдерди да сыйлайлы деп 10дон ашык окуучусу китеп конкурска катышкан мугалимдерге сыйлык бере баштадык. “Экономика мектеби” китебин окуу конкурсуна 9 жаштан 15 жашка чейинки курактагылар абдан жакшы катышты. 700дөн ашуун бала тест тапшырып, экинчи турга өткөн 70 бала “Жүз доллар утуп алсам кантип иштетем” деген темадагы видео тасмасы менен катышты. Каржы сабатын жайылталы дедик.
Окуган бала ойлонот. Ойлонгон бала суроо бере баштайт. Чыгармачыл жөндөмү өнүгөт. Бир нерсени өзгөртө баштайт.
Бирок ата-энелердин көбү 300 сомдук китепти кымбат дешет. Тойго 3000 сом короткону эсеп эмес.
Биздеги китеп чыгаруу — бизнес эмес, агартуу иши. Ата-энелерден “Ушул китептин окуп, балама мамилем өзгөрдү”, “Балам биринчи жолу китеп окуп калды. Чоң рахмат!” дегендей алкыш сөздөр бизге дем берет. Ушуну өзү эле баа жеткис пайда. “Ушул китептен бир класска толук жеткендей санда сатып берейин, мектепке тартуулайын”, “он жылдык, жыйырма жылдыкка сонун белек болот экен” дегендер келгенде, абдан ыраазы болом.
Мугалимдерди да китепкөйлүккө тарталы деп “Чырак” фонду менен биргеликте конкурс уюштуруп, жеңүүчүлөрдү Ташкентке, Алматыга жиберип жатабыз жолдомо тартуулап. Мисалы, жакында Кен Робинсон мнен Луи Ароника жазган “Креативдүү мектептер” китебин окуу конкурсун өткөрдүк. Бишкекте бестселлер китептер боюнча талкууларды өткөрүп турабыз.
Асылбек МАДАЛИЕВ, “Санарип мугалим” долбоорун негиздөөчү:
“Жалпы ишти колдоо керек”
Атайын конкурстарды уюштуруп, жеңген мугалимдерди чет өлкөлөргө саякатка алып барып турабыз. Тилекке каршы, мектептер үчүн пайдалуу иштерге колдоо жетишпейт. Расмий мекемелер менен биздей коомдук уюмдар, жеке демилгечилер эки башка кемеге түшүп калгандай абал байкалат. Айыл өкмөттөр, китепкана, клубдар жалпы ишке кол кабыш кылгандын ордуна залдардын ижара акысын сурашат. Кара кулпу кайтарган маданият үйлөрүн мугалимдерден аяп койбошу керек го?
Дария АБДИМЕТАЛИЕВА, ай-ти адис:
“Биздин элдин даремети дүйнөлүк деңгээлдеги иштерге жарайт экен”
Катардагы эле мамлекеттик кызматкермин. Сыймыктанар ийгилигим – төрт балам тең кыргызча так сүйлөйт. Билим берүүнү жакшыртуу боюнча талкуу кылып жатабыз. Бирок бизде билим кайсы тилде берилип жатат? Биз өзөгүбүздү сактап калыш үчүн кыргыз тилин балдарга беришибиз керек. Кенже балдар үчүн, наристелер үчүн кыргыз тилинде жакшы китептер жокко эсе. Албетте, кыргыз эл жомокторун айтып келебиз, бирок мурунку китептерде, жомоктордо архаизмдер көп. Жомокту балдарга сөз байлыгы жетиштүү болуп калган кезде окутса болот. Ага чейин ата-энелер, мугалимдер жөнөкөй тил менен айтып берип, кызыктырышы керек. Мазмуну азыркы балдарды кызыктырган, жасалгасы көзгө толумдуу китептер керек. Кооз сүрөттөр баланы тили чыга баштаганда эле китепке үйрөтүш, көнүктүрүш үчүн керек. Биз чыгарган китептердин ар бир бетинде сюжетти бир караганда эле түшүнүп кеткидей сүрөттөр бар.
Диснейдин таанымал жомокторун, өзүбүздүн азыркы авторлордун – ишкер ж.б. замандаштардын жомокторун да чыгарып жатабыз. Ар бир китеп мыкты редактор, корректорлордун колунан өтөт. Бир дагы ката кетирилбей, синонимдер жетиштүү колдонулган, китептин мукабасында айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү да берилет, айрым китептерибизде Qr код аркылуу аудио жомокко шилтеме берилет.
“Тойбос”компаниясынын, «Жаңы дем” жана «Тоо балдары» фонддорунун, колдоосу менен былтыр 50 мектепке биздин 19 китептен турган топтомду жеткире алдык. Быйыл жазуучу Насыпбек Асанбаев 100 мектепке ушул куржун менен өзү жеткирип, 2-3-класстардын окуучуларына тапшыруу иштери башталып жатат.
Мына бул 72 беттүү китеп Италиянын Болонья шаарында өткөрүлгөн балдар китебинин көргөзмөсүнө быйыл биринчи жолу Кыргызстандын, Орто Азиянын атынан коюлду. Ал жакка биздин Маданият же билим берүү министрликтери жеткирген жок. Казак жараны кызыгып калган экен, ошол алып барды. Молдо Кылычтын урпагы, «Турар» басмасынын жетекчиси Мирлан Мураталиев толугу менен каржылап, биз өтүнгөндөй талапка тууралап чыгарып берди. Иллюстрациясына Орусиядагы, Питер шаарындагы китеп дүкөндөрүнүн өкүлдөрү абдан таң калыптыр, бул сүрөттөрдү силер Америка же Англиядан лицензия менен сатып алдыңар беле деп сурашыптыр. Буларды өзүбүздүн эле Нурбек Жумакалиев тартып берген. Демек, биздин элдин чыгармачыл даремети дүйнөлүк деңгээлдеги иштерге жетет экен!
Агартуу министрлигине караштуу Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун башкы директору Алмазбек ТОКТОМАМЕТОВ:
“Биргелешип иштесек, бардык маселелер чечилет”
Ийгилик качан болот? Баарыбыз биргеликте аракеттенсек, бири-бирибизди кубаттап, жалпы ишке ар бирибиз колдон келишинче салым кошконубузда. Бүгүн бул жерде чогулган замандаштардын дилгир маанайына, эң орчундуу маселелер ушундай жакшы талкууланып жатканына абдан ыраазы болдум, кубандым. Бүгүн бизге биримдик керек. Өзүмчүлдүк, ич тардык менен эч ким алыс бара албайт.
Мыкты демилгелерди колдой берели
Сөз соңунда “Жаңы дем” платформасын алга сүрөгөн ProKG профессионалдар клубунун сайтынан алынган бул маалыматты келтирели:
Бул клубдун “миссиясы — жаш лидерлерди шыктандырып, багыт көрсөткөн адистерди бириктирген платформа түзүү. Биздин иш-аракеттерибиз жаштардын билим берүү жана кесиптик потенциалын, ошондой эле жеке өсүүсүн өнүктүрүүгө багытталган”.
“Клуб эч кандай саясий максаттарды көздөбөйт, Клуб жана анын мүчөлөрү мүчөлөрдүн эч кимисин ресурс катары пайдалана алышпайт, эч кимди саясий ишмердикке тартпайт, ошондой эле эч кандай саясий аракеттерге чакырууга же үгүттөөгө укуктуу эмес. Клуб эл аралык донор уюмдарга көз каранды эмес. Анын бюджети мүчөлүк төлөмдөр жана жергиликтүү ишкерлердин колдоосу менен түзүлөт”.
“Аймактык мектептерди колдоого багытталган стипендиялык демилге. Бул долбоор кесиптик багыт берүү, билим берүү тренингдерин уюштуруу жана таланттуу окуучулар менен мугалимдерге жардам көрсөтүүнү камтыйт”. “Аймактардагы таланттуу 8–9-класстын окуучулары үчүн уюштурулган программа. Англис тили жана математика боюнча курстарды сунуштап, мыкты университеттердин бүтүрүүчүлөрүнөн насаатчылык жана консультациялык колдоо берет”.





Комментарийлер