ӨЗГӨЧӨ МАКАМДАГЫ ЖОЖдорду ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ОТЧЕТ УГУЛДУ

  • 14.05.2024
  • 0

13-майда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева баштаган жетекчилик өзгөчө макамы бар жогорку окуу жайларды өнүктүрүү боюнча Жол картанын аткарылышы жөнүндө отчетторду угуу боюнча жыйынга катышты.

ӨЗГӨЧӨ МАКАМДАГЫ ЖОЖдорду ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ОТЧЕТ УГУЛДУ

Жыйында ректорлор презентацияларында жогорку окуу жайлардын өзгөчө макам алгандан кийинки өнүгүүлөр, өзгөрүүлөр, илимий-изилдөө иштеринин өнүгүүлөрү, эл аралык байланыштын күчөтүлүшү, материалдык-техникалык базанын чыңдалышы, ошондой эле ар бир жогорку окуу жайга бөлүнүп берилген жалпы орто мектептер менен жүргүзүгөн иш-чаралар жөнүндө баяндашты.

ӨЗГӨЧӨ МАКАМДАГЫ ЖОЖдорду ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ОТЧЕТ УГУЛДУ

Мындан сырткары жыйында өзгөчө макамдагы жогорку окуу жайларды өнүктүрүү боюнча Жол картанын мындан аркы аткарылышы боюнча талкуулар жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 18-июлунда   Президент Садыр Жапаров Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына жана Ош мамлекеттик университетине өзгөчө макам берүү боюнча Жарлыкка кол койгон.

ЖОЖдордун презентациялары — КУАУ отчет , Отчет КНУ , ОшМУ Отчет , Презентация _ КМТУ , Презентация КГМА

Бөлүшүү

Комментарийлер