ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДА ӨТКӨН МАМЛЕКЕТТИК ЭКЗАМЕНДЕР

  • 04.06.2020
  • 0

2-июнда Кыргызстандагы мектептерде 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик аттестациялоо башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, Билим берүү жана илим министрлигинин убактылуу жобосуна ылайык, ар бир мектепте, кааналарда бардык санитардык эрежелерди аткаруу менен аттестациялоо жүрүп жатат.

Коронавирус илдетине байланыштуу түзүлгөн карантин режиминде быйыл бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик сынактарды тапшыруусу жаңы ыкмада өтүүдө. Министрдин убактылуу жобосуна ылайык, ар бир предмет боюнча комиссия түзүлүп, комиссия курамы бүтүрүүчүнүн буга чейинки текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана  чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн  эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик бааны коёт.

Жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин беш предмет боюнча өтөт.

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДА ӨТКӨН МАМЛЕКЕТТИК ЭКЗАМЕНДЕР

Чүй облусундагы билим берүү мекемелеринде мамлекеттик экзамендердин жүрүшү бардык талапка шайкеш жүргүзүлүп жатканын облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн адиси Кундуз Абдраеванын билдирди.

— Облус боюнча 330 мектепте түзүлгөн предметтик комиссиянын курамына жогорку педагогикалык тажрыйбасы бар мугалимдер тартылган. Алар эртең мененки саат 9:00дон баштап экзамендик иш-кагаздарды даярдап, протоколдорду түзүү менен графикке ылайык иш алып барышууда. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары өз кезегинде комиссия мүчөлөрүнө беткап, колкап ж.б. карантиндин шартында колдонулуучу каражаттар менен жабдып беришти, ал эми мугалимдер талап кылынган аралыкты сактап иш алып барып жатышат. Райондук билим берүү бөлүмдөрү мамлекеттик экзамендердин шарттарын талкуулаган педкеңешмелерди өткөрүшкөн. Чүй облустук билим берүү бөлүмү  экзамендин жүрүшүнө толук көзөмөл жүргүзүүдө,-дейт Кундуз Абдраева.

Мээрим Закирова жетектеген Сокулук районундагы Ч.Айтматов атындагы № 1 Ново-Павловка инновациялык окуу-тарбия лицейин быйыл 600гө жакын окуучу аяктап жатат. Директор айымдын айтымында, алгачкы күндөгү аттестациялоо үч предметтен: кыргыз, орус тилдери жана математика боюнча жүргүзүлдү.

— Быйылкы бүтүрүүчүлөр үчүн өзгөчө эстен кеткис болуп жатат деп ойлойм. Негизи эле ар бир адам үчүн мектепти аяктоонун өзү эле толкундаткан өзгөчө окуя эмеспи. Минтип дүйнө жүзүн каптаган коронавирус тумоосуна каршы туруу максатында түзүлгөн азыркы шартта, окуу жылын аралыкта аяктап, бүтүрүү экзамендерин да аралыкта жүргүзүүгө туура келүүдө.

Биздин окуучулар санариптештирүү жылында мерчемделген иш-чаралардан четте калбай, аралыктан өткөрүлгөн бардык иш-чараларга жигердүү катышып, алдыңкы байгелүү орундарга ээ болушканы бизди аябай кубандырды. Чынында бул эпидемия баарыбызга чоң сыноо болду. Аралыктан билим алууну өздөштүрүүдө мугалимге жана окуучуга ата-энелер жакындан жардам беришип, кыйындыкта бирдиктүү, ынтымактуу команда боло алаарыбызды көргөздү. Андыктан келерки жаңы окуу жылында балдарыбызды чыдамсыздык менен кучак жайып тосуп алабыз! Аралыктан эмес, бет маңдай бир класста окуй турган күндө жолугушалы дегим келет,-дейт Мээрим Бактыбековна.

11-класстар үчүн түзүлгөн комиссиянын төрайымы милдетин кошо аткарган Мээрим Закированын айтымында, окуучулар жана ата-энелер тест жүргүзүүнүн талаптары, шарттары менен толук тааныш болгондуктан, эч кандай тоскоолдуктар, түшүнбөстүктөр орун алган жок. Бирок шарт боюнча түзүлгөн конфликт комиссиясы кокус күтүүсүз кырдаалдар пайда болсо, четтеткенге, биринчи кезекте окуучунун кызыкчылыгын коргоого даяр экенин билдирди.

Кошумчалай кетсек, 2019-2020-окуу жылын уюшкандыкта аяктоо жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин ү.ж. 11-майындагы буйругун аткаруу максатында республикабыздын бардык аймактарында онлайн жыйындар өткөрүлгөн.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим

Бөлүшүү

Комментарийлер