ЗАМАНБАП МУГАЛИМ: АЛГАЧКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ИЙГИЛИГИ
- 17.06.2026
- 0
Кыргызстандын билим берүү тармагында жаңы дем берген «Заманбап мугалим» программасынын алгачкы бүтүрүүчүлөрүн узатуу аземи 17-июнда Бишкекте өттү. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан бул демилге эл аралык Teach For All тармагынын мүчөсү болуп саналат.

Программанын биринчи агымын аяктаган 25 жаратман мугалим эки жыл бою Чүй облусундагы 12 мектепте эмгектенип, сегиз миңден ашуун окуучуга билим берди. Алар сабак берүү менен гана чектелбестен, билим берүү жана социалдык долбоорлорду жүзөгө ашырып, окуучулардын чыгармачылык жана лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө салым кошту.
Эки жыл аралыгында жаратман мугалимдер экологиялык демилгелерди көтөрүп чыгып, медиа жана чыгармачылык клубдарды уюштурушту. Мектеп фестивалдарын өткөрүп, кыска метраждуу тасмаларды жана мультфильмдерди жаратып, балдардын социалдык долбоорлорун колдоого алышты. Ошол эле учурда алар Борбордук Азиянын Эл аралык университетинде «Өзгөрүүлөр шартындагы педагогика» багыты боюнча магистрлик билим алышты.
— Биздин максат — эки жылдык мөөнөткө гана мугалим даярдоо эмес. Биз Кыргызстандагы билим берүү системасын өнүктүрө турган лидерлердин жаңы муунун калыптандырууну көздөйбүз. Teach For All тармагынын эл аралык тажрыйбасы көрсөткөндөй, мындай программалардын бүтүрүүчүлөрү кийин да билим берүү тармагында ар кандай ролдордо ишин улантышат, — дейт программанын негиздөөчүлөрүнүн бири Асель Бектенова.

Программа ар кыл кесиптик чөйрөлөрдөн келген адистерди билим берүү системасына тартууну жана жаңы муундагы мугалим-лидерлерди даярдоону максат кылат. Алардын илимий изилдөөлөрү жасалма интеллектти окутууда колдонуу, окуучулардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү жана билим алууга болгон кызыгуусун арттыруу сыяктуу актуалдуу темаларга арналды.

«Жаратмандар окуу жайга жаңы дем берди”
Чүй облусунун Кемин районундагы Абдыкайыр Казакбаев атындагы жалпы билим берүү мектеби «Заманбап мугалим» программасынын натыйжалуулугун өз тажрыйбасында көргөн билим берүү мекемелеринин бири. Мектеп директору Айнура Масылованын айтымында, эки жыл мурда айылга келген төрт жаратмандар: технология мугалими, окуу иштери боюнча орун басар Данагүл Байкүчүкова менен биология мугалими Айденек Садыбакасовалар кадрдык тартыштыкты жоюуга гана жардам бербестен, мектеп жамаатына жаңыча көз караш, заманбап окутуу ыкмаларын жана чыгармачылык дем алып келишкен. Эки жылдык магистрликтерин ийгиликтүү жактап, керек болсо бири кызыл диплом менен аяктоодо.
— Жаратман мугалимдер окуучулар менен бир толкунда иштеп, алардын кызыгуусун арттырган ар кандай демилгелерди көтөрүп чыгышты. Алар кесиптештерине интерактивдүү усулдарды жайылтып, тажрыйба бөлүшүп, мектеп турмушуна активдүү аралашты. Келген күндөн баштап дуалдык форматта: күндүзү сабак берип, кечкисин онлайн окуп, ишемби күндөрү офлайн билим алганына карабастан көптөгөн ийгиликтерди, жеңиштерди жарата алышты. «Айтматов дүйнөсү” жана “Мейкин” медиа клубдарынын түзүлүшү окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө чоң өбөлгө болду. Балдар экологиялык темадагы кыска видеолорду, роликтерди даярдап, өз идеяларын коомчулукка жеткирүүнү үйрөнүштү. «Убакыт учкан куш» дегендей сапарлары карып, биз менен коштошкону турушат. Жалал-Абад менен Токтогул жергесинин сулуулары мектептин тарых барактарына каларыңар шексиз. Бирок көч уланат… кийинки келген жаратман АЧД, дене тарбия мугалими Сыргак Медеркул уулу менен география мугалими Жанара Баялиевалар да өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарып, окуучулардын, мугалимдердин жүрөктөрүнөн түнөк табышты. Мындай кызматташтык үчүн “Заманбап мугалим” программасына терең ыраазычылык!, – дейт директор.

Ошондой эле жаратман мугалимдер мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга да салым кошушкан. Алардын демилгеси менен биология кабинети жаңыланып, окуучулар менен биргеликте гүл бакча уюштурулган. Айнура Масылова мындай кызматташтык айыл мектептеринин өнүгүүсүнө олуттуу түрткү берерин белгилеп, программанын кийинки катышуучулары да окуучулардын жана мугалимдердин арасында чоң колдоого ээ болуп жатканын айтты.

Эки жылдагы чоң тажрыйба
Бүтүрүүчү Данагүл Байкучукова «Заманбап мугалим» программасынын алгачкы агымынын катышуучуларынын бири. Ал эки жыл бою жогоруда аты аталган мектепте технология, сүрөт жана музыка сабактарынан билим берип, кийин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматын аркалады. Бул долбоорго чейин Манас шаарындагы №3 Ж.Бакиев атындагы орто мектебинде окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенген.
Жаш педагог үчүн бул мезгил жөн гана мугалимдик иш эмес, чоң тажрыйба мектеби болду. Ал окуучуларга билим берүү менен катар өзүнүн да кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, жаңы методикаларды өздөштүрүп, заманбап билим берүү технологияларын практикада колдонууга жетишкен.

Эки жыл аралыгында Данагүл Байкучукова райондук деңгээлде мугалимдер үчүн семинар-тренингдерди өткөрүп, өз тажрыйбасын бөлүштү. Ошондой эле оор кырдаалда калган 11-класска класс жетекчи болуп дайындалып, окуучуларды ийгиликтүү бүтүрүүгө көмөк көрсөттү. Анын айтымында, бул мезгил окуучулардын психологиялык абалын түшүнүүнүн, колдоо көрсөтүүнүн жана ишеним жаратуунун маанисин терең аңдоого жардам берген.
Программанын алкагында ал мектепте бир катар жаңычыл демилгелерди ишке ашырды. Санариптик технологияларды билим берүү процессине активдүү киргизип, электрондук күндөлүк системасынын натыйжалуу иштешине салым кошту. Бул багыттагы эмгеги үчүн райондук Ардак грамота менен сыйланган.

Окуучулар менен биргеликте жүзөгө ашырылган «Мен жана экология» долбоору дагы өзгөчө натыйжа берген демилгелердин бири болду. Анын алкагында мектеп аймагын жашылдандыруу, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Долбоор окуучулардын экологиялык аң-сезимин калыптандырууга өбөлгө түздү.
- Окуу менен мугалимдик кесипти айкалыштыруу башында оңой болгон жок. Бирок убакытты туура пайдалануу, алдыга так максат коюу жана жоопкерчиликти сезүү аркылуу бул кыйынчылыктарды жеңүүгө аракет кылдым. Күндүз окуучулар менен иштеп, мектептеги милдеттерди аткарсам, калган убактымды өзүмдүн билим алуумду улантууга арнадым. Албетте, кээ бир учурларда чарчоо болду, бирок ар бир жаңы билим жана жетишкендик мага күч берип турду. Мен үчүн окуу жана иш бири-бирине тоскоолдук эмес, тескерисинче бири-бирин толуктаган процесс болду, — дейт ал.
Данагүл Байкучукованын пикиринде, программа ага жаңы билим гана эмес, жаңы көз караштарды жана чоң жоопкерчиликти алып келди. «Өзгөрүүнү өзүмдөн баштоо аркылуу окуучуларга сапаттуу билим берүү — негизги максатым. Анткени мугалим өзгөрсө, окуучу өзгөрөт, окуучу өзгөрсө, коом өнүгөт», — деген педагог «Заманбап мугалим» программасы анын кесиптик жана инсандык өсүшүнө кеңири мүмкүнчүлүк түзүп бергенин белгилейт.

“Мектепти чыгармачылык мейкиндикке айланткан”
Ал эми Айденек Садыбакасова ушул эле окуу жайдын биология мугалими. Мугалим бул долбоорго катышуу жашоосундагы эң туура чечимдердин бири болгонун ишенимдүү белгилейт. Медициналык жана психологиялык билимге ээ болгон жаш педагогдун буга чейинки иш тажрыйбасы да мугалимдик кесипте жардам берген. Ал жеке медициналык борбордо хирургдун ассистенти, ошондой эле кризистик борбордо адис болуп иштеп, адамдарды угуу жана колдоо көрсөтүү көндүмдөрүн калыптандырган. Бүгүн ошол тажрыйба окуучулар менен иштөөдө өз жемишин берүүдө.
Айденек айтымында, кадимки 45 мүнөттүк сабак баланын бардык мүмкүнчүлүгүн ачууга жетишсиз. Ошондуктан ал окуучулар менен биргеликте долбоордук окутууга өзгөчө көңүл буруп келген. Ушул максатта мектепте медиа клуб уюштурулуп, окуучулар медиа сабаттуулукка, чыгармачылыкка жана командада иштөөгө үйрөнүштү.

Жаратман мугалимдин демилгеси менен Create4 жумалыгынын алкагында окуучулар «Айтматовдун дүйнөсү» аттуу кыска метраждуу тасма тартып чыгышкан. Ошондой эле окуучулары ар кандай чыгармачылык долбоорлорго катышып, өз таланттарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Мисалы, бир окуучусу республикалык деңгээлдеги “Биринчи Апрель көркөм чыгармачылык” сынагынын финалына эки жыл катары менен өтүп, эмгектери Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде көргөзмөгө коюлган.
Мындан тышкары ал түрдүү уюмдар менен кызматташып, мектепте кесипке багыт берүүчү жолугушууларды, семинарларды жана экологиялык иш-чараларды уюштурган. Бул демилгелер окуучулардын жарандык жоопкерчилигин жана коомдук активдүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн.

Айденек Садыбакасова үчүн программа чоң сыноо жана чоң мүмкүнчүлүк болгон. Күндүз мектепте сабак берип, кечинде магистратурада билим алып, каникул маалында офлайн окууларга катышкан. Талыкпаган эмгектин натыйжасында магистратураны кызыл диплом менен аяктоодо.
Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”









Комментарийлер