ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ “АДАМ УКУКТАРЫ БАЛДАРДЫН КӨЗҮ МЕНЕН” ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР КОНКУРСУН ЖАРЫЯЛАЙТ
- 05.11.2020
- 0
Аталган конкурс адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө арналган. Европа Биримдиги жана GIZ “Кыргыз Республикасындагы укуктун улуктугу – 2-фаза” аттуу программанын колдоосу менен жеткинчек курактагы (6-10 жашка чейинки), орто жана улук курактагы балдардын (11-16 жашка чейинки) арасында өткөрүлөт.
Конкурска катышуунун жолу, уюлдук телефондун видеокамерасына тартылган конкурсантардын жооптору менен видеоматериалдары Фейсбук же Инстаграм социалдык тармактарына ата-энесинин/өкүлдөрүнүн же өзүнүн баракчасына жайгаштырылат. Ошондой эле ага #мыйзаммененжаша деген хештег коюп, Юстиция министрлигинин баракчасын белгилейт.
Конкурстун жеңүүчүлөрү “РАРИТЕТ” китеп дүкөнүнөн төмөндөгүдөй тартипте белек сертификаттары менен сыйланат:
1) кенже курактагы балдар: I орун – 10 000 сом, II орун – 7000 сом, III орун — 5000 сом.
2) орто жана улук жаштагы балдар: I орун – 12 000 сом, II орун – 9000 сом, III орун – 7000 сом.
Конкурсту өткөрүү тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө кеңири маалымат менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышсаңыздар болот: http://minjust.gov.kg/ky/content/1463
Видеоматериалдарды жайгаштыруу мөөнөтү: 2020-жылдын 5-декабры саат 17.00 гө чейин.
Комментарийлер