«Мекен коргоочулар». Чок-Талдагы мектепте аскерге чейинки даярдык каанасы ачылды
- 30.04.2026
- 0
29-апрелде Ысык-Көл районундагы Чок-Тал айылындагы А. Түмөнбаев атындагы мектепте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Байгубатов Жумаштын ысымындагы аскерге чейинки даярдык каанасы ачылды. Бул демилге «Мекен коргоочулар» коомдук бирикмеси менен Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин биргелешкен аракетинин натыйжасында ишке ашты.
Бул каананы ачуунун негизги максаты жаш муунду аскердик-патриоттук духта тарбиялоо, аларды мекенди коргоого даярдоо. «Мекендик коргоочулар» бирикмеси бул багытта жалпы билим берүү мектептеринин базасында аскерге чейинки даярдоо кааналарын ачуу иштерин жүргүзүп келатат. Кыргызстандын түштүк областтарында буга чейин 23 ушундай АЧД ачылган. Чок-Талдагы ачылган АЧД өлкө түштүгүндөгү биринчи каана.
АЧД ачуу салтанаты мамлекеттик органдардын, күч түзүмдөрүнүн, ардагерлер кеңешинин уюмдарынын жана билим берүү тармагынын өкүлдөрүнүн кеңири катышуусу менен жакшы маанайда өттү. Ардактуу эс алуудагы генералдар, атап айтканда генерал -майор Эрлис Тердикбаев, генерал-майор Шейшенбек Байзаков, генерал -майор Закир Тиленов катышып, нускалуу сөздөрүн сүйлөштү.
«Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин төрагасы Эшанкулов Жайлообай, бирикмесинин мүчөсү, күч түзүмдөрүнүн ардактуу ардагери, полковник Какчекеев Токтогул, бирикменин Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустары боюнча координатору Чыналиев Алмазбек, бирикменин Бишкек шаардык төрагасы Таласбек Эдилов, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустары боюнча координатору, полковник Матибраимов Маматсабыр, «Кут Билим» медиа борборунун директору Чекиров Кубат чыгып сөз сүйлөшүп, окуучуларга аскердик-патриоттук тарбиянын маанисин баса белгилешти. Аскердик тартипке жана жоопкерчиликке үйрөтүү, мекенди коргоого даярдоо, КР Куралдуу Күчтөрүнүн уставдарын үйрөтүү, жарандык милдеттерди так аткарууга багыттоо сыяктуу маанилүү учурларга токтолушту.
Генерал-майор Шейшенбек Байзаков, Чек арачы аскерлердин ардагерлер кеңешинин төрагасы Чолпонбек Буржуев мектептин алдыңкы мугалимдерине арнап алып келген сыйлыктарын, белектерин тартуулашты. «Кут Билим» медиа борборунун директору мугалимдердин санарип жана башка кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрө турган окуу куралдарын жана көркөм адабияттарды тапшырды.
Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин төрайымы Байгубатова Уулкан даңктуу жоокер болгон атасынын атындагы АЧД ачылып жатканына сыймыктанып, «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин жамаатына ыраазылык билдирди.
Иш-чаранын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун, Афган согушунун, ошондой эле 1999-жылдагы жана 2021–2022-жылдардагы Баткен окуяларынын курмандыктары эскерилип, аларга арналган куран окулду. Бул жаш муунга тарыхый эстутумду сактоонун үлгүсү катары баалуу окуя болуп калды.
К.А. «КБ»






Комментарийлер