ЫСЫК-КӨЛДҮН МЕКТЕПТЕРИ САНАРИПКЕ КАНЧАЛЫК ДАЯР? МОНИТОРИНГДИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

  • 13.05.2026
  • 0

Ысык-Көл облусундагы мектептерде санариптештирүү кандай жүрүп жатат? Агартуу министрлигинин адистери 27-апрелден 30-апрелге чейин аймактагы билим берүү мекемелерин кыдырып, заманбап технологиялардын колдонулушун жеринде текшерип келишти.

Адистер негизги көңүлдү мектептердин инфраструктурасына жана «Келечек үчүн билим берүү» долбоору аркылуу берилген компьютерлердин иштешине бурушту. Ошондой эле, күнүмдүк турмушубузга кирген бир катар электрондук системалардын натыйжалуулугу каралды:

  • «Санарип Кампа» жана «Күндөлүк»;
  • «Мугалим» жана «Мектепке электрондук каттоо»;
  • Башка билим берүү платформалары.

Бул системалар жөн эле иштеп койбостон, мугалим менен окуучу үчүн канчалык жеңил жана үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүп жатканы башкы планга чыкты.

Иш сапардын жүрүшүндө «Алтын Казык» ноутбуктары мугалимдердин эң жакын жардамчысына айланганы байкалды. Бул техникалар сабакты пландаштырууну кыйла жеңилдетип, окуу процессин кызыктуу кылууга жол ачкан.

Ошону менен бирге, мугалимдерден кызыктуу сунуштар да түштү. Маселен, «Санарип Кампа» платформасындагы материалдарды STEM (так илимдер) багыты менен эле чектебей, гуманитардык предметтер менен да байытуу зарылдыгы айтылды.

Мониторинг бир гана текшерүү менен чектелген жок. Министрликтин өкүлдөрү мугалимдерге жана IT-адистерге консультация берип, санариптик инструменттерди күнүмдүк иште кантип натыйжалуу колдонуу керектигин көрсөтүп беришти.

Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер