ЫСЫК-КӨЛДҮН ДЕМИ, АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ

  • 03.07.2018
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги менен «Балажан» Эстетикалык тарбия боюнча республикалык окуу-усулдук борбору быйыл «Ысык-Көл балдардын көзү менен — 2018» эл аралык слётун улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арнап, өзгөчө нукта өткөрүүдө.

Россиядан, Өзбекстандан, ошондой эле өзүбүздүн бардык облустардан келген 400дөй бала эл аралык макамы бар «Барчын» балдардын спорт-ден соолук комплексинде ушул айдын 1инен 7сине чейин эң сонун эс алып жүрүшөт. Ысык-Көлдүн жээгинде алар үчүн мыкты адистер лидерлик жөндөмүн өнүктүрүүгө, чыгармачыл дареметин ачууга багытталган тренингдерди өткөрүшүүдө. Күн сайын ар башка кызыктуу темалар менен иштеп, таанымдык оюндарга, конкурстарга, викториналарга катышат. Адамзаттын залкары Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окушат.

Жаш жарандар өз  өлкөлөрүн, улуттук маданиятын таанытып, көркөм сүрөт, колдонмо жана элдик чыгармачылык, бий, вокал, комуз чертүү өнөрлөрүнүн сырларын өздөштүрүшөт, туризм менен чөлкөм таануу жаатында билимин жана көндүмүн арттырышат, англис тилин тереңдете үйрөнүшөт. Балдарга Кыргызстандын, Россиянын, Өзбекстандын жана Индиянын атактуу сүрөтчүлөрү, таанымал маданият ишмерлери устаттык сабак берип жатат. Өтө бай мазмундуу программага эстрадалык ырдоо, элдик аспаптарда ойноо, заманбап бий, көркөм окуу ж.б. боюнча ажайып сабактар камтылган.

Жолдош Турдубаев

Бөлүшүү

Комментарийлер