ЫСЫК-КӨЛДӨ БОЗ ҮЙЛӨРДҮН КАРОО-СЫНАК ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ

  • 13.07.2023
  • 0

Ысык-көл облусунун Кызыл -Туу айылында «Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы» эл аралык кароо-сынак фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

2023-жылдын 15-16-июль күндөрү Тоң районуна караштуу Кызыл -Туу айылында «Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы» аталышындагы эл аралык кароо-сынак фестивалы өтөт.

Фестиваль кароо-сынак 7 багыт боюнча өткөрүлөт:

· «Кан боз үй»;

· «6 канат боз үй»;

· «Тарыхый жасалгалуу боз үй»;

· «Шамдагай – жигиттер арасында боз үйдү тез тигүү»;

· «Шамдагай – кыз келиндер арасында боз үйдү тез чечүү»;

· «Тал аарчуу»;

· «Чий согуу»;

Сынактардын бекитилген жобосуна ылайык, ага түрк тилдүү элдердердин өкүлдөрү, өлкө аймагындагы облус жана шаарлардын кол өнөрчүлөрү, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер ж.б. каалоочулар катыша алышат. Катышуучулар 2023- жылдын 14-июль күнү кечки саат 18:00гө чейин бул шилтемеге кирип, катталуусу шарт.

Өтүү убактысы: 15-16-июль, саат: 10:00. Байланыш үчүн: е-mail: [email protected]. Тел.: +996 700 411 011, +996 700 394 041.

Бөлүшүү

Комментарийлер