ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНЕ 80 ЖЫЛ

  • 15.06.2020
  • 0

13-июнда Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин түзүлгөнүнө  80 жыл болду. Кереметтүү Ысык-Көлдүн борбору Каракол шаарында жайгашкан К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети ири окуу жайларынын бири катары 1940-жылы 13-июнда Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Советинин токтому менен эки жылдык Мугалимдер институту болуп ачылган.

ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНЕ 80 ЖЫЛ

Институттун биринчи директору А.Шеньдрих, директордун орун басары болуп белгилүү тилчи З.Бектенов эмгектенген. Улуу Ата мекендик согуштун башталышына байланыштуу 1941-жылы Фрунзедеги педагогикалык институт Пржевальск шаарына көчүрүлүп, бул жердеги мугалимдер институту менен кошулган. Бул учурда ирилештирилген окуу жайды Кыргызстандын эң алгачкы химик окумуштуусу С. Арбаев жетектей баштаган. 1944-жылы Пржевальск мугалимдер институту кайра калыбына келтирилип, ага ушул эле шаарда туулуп-өсүп, Улуу Ата мекендик согушта Белорусияны коргоодо эрдик көрсөтүп, кыргызстандыктардын ичинен биринчи болуп 1941-жылы 10-июлда Советтер Союзунун Баатыры деген ардактуу наамга татыктуу болгон Г.Дмитровдун ысымы ыйгарылган. СССР Министрлер Советинин 1953-жылдын 22-апрелиндеги чечими менен мугалимдер институтунун базасында Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институту уюштурулган.

Жаңы ачылган педагогикалык институттун ректорлугуна С.Юсупов дайындалган. Жаңы статуска ээ болгон окуу жай Кыргызстандын, өзгөчө Ысык-Көл жана Нарын аймактары үчүн педагог-адистерди даярдоо ишин жылдан жылга жаңы баскычка көтөрүп, республиканын эң алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири катары эсептелип, абройлуу институтка айланган. Кыргызстандын эгемендүүлүккө жетиши менен 1992-жылы 18-декабрда окуу жай университетке айланып, ага кыргыздын чыгаан уулу, таланттуу окумуштуу-тилчиси, туңгуч профессор  Касым Тыныстановдун ысымы ыйгарылган. Ошентип, окуу жайдын профессордук-окутуучулар эмгек жамааты республиканын эл чарбасынын бардык тармактары үчүн керектүү, заманбап адистерди даярдоого белсенип киришкен.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер