ЫСЫК-КӨЛ ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУНУН ИШИ УЛАНУУДА

  • 19.06.2026
  • 0

Кыргызстанда юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форуму өз ишин улантууда.

Бишкекте чет элдик коноктор Чыңгыз Айтматовдун белгилүү «Ак кеме» чыгармасынын урматына аталган жаңы «Ак-Кеме» мейманканасына жайгаштырылды. Эртең менен форумдун чет өлкөлүк жана жергиликтүү катышуучулары «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, улуу жазуучунун элесине арналган куран окутулуп, реквием өткөрүлдү.

ЫСЫК-КӨЛ ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУНУН ИШИ УЛАНУУДАЭкскурсиядан кийин катышуучулар чартердик каттам менен Ысык-Көлгө жөнөп кетишти. Андан соң «Рух Ордо» маданий-тарыхый борборунда форумдун расмий ачылыш аземи болду. Иш-чара форумдун тарыхын, анын гуманисттик маанисин жана заманбап Кыргызстандын жетишкендиктерин чагылдырган видеотасманын көрсөтүлүшү менен башталды.

 

Расмий ачылышта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров куттуктоо сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда Чыңгыз Айтматовдун гуманисттик идеялары бүгүнкү күндө да актуалдуу экенин белгилеп, форум саясат, экология жана адеп-ахлактык тарбия сыяктуу маанилүү маселелерди талкуулоочу эл аралык аянтча болуп саналарына токтолду.

Форумдун модератору, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев мааракелик иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо сөзүн сүйлөө үчүн ардактуу конок катары Албаниянын Президенти Байрам Бегайды чакырды.

Андан соң Казакстан, Россия жана Түркиянын делегация жетекчилери өз өлкөлөрүнүн президенттеринин куттуктоо каттарын окуп беришти. Анда форумдун жана Кыргызстандын эл аралык интеллектуалдык диалог менен дипломатиянын маанилүү борбору катары ролу өзгөчө белгиленди.

Форумдун иши БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Гравенин, Түрк мамлекеттери уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевдин, ICESCOнун Башкы директору Салим бин Мухаммед Аль-Маликтин жана ЮНЕСКОнун Алматыдагы жана Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн директору Амир Пиричтин баяндамалары менен уланды.

18-июндагы программанын алкагында биринчи пленардык сессия өтүп, анда Кытай, Улуу Британия, Россия жана Кыргызстандын өкүлдөрү сөз сүйлөштү:

• Чжан Хунсэнь — Кытай Жазуучулар союзунун төрагасы;

• Питер Франкопан — Оксфорд университетинин профессору (Улуу Британия);

• Василий Церетели — сүрөтчү, Россия көркөм сүрөт академиясынын президенти;

• Осмонакун Ибраимов — Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, жазуучу жана коомдук ишмер.

Баяндамачылар Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк гуманизмдин көрүнүктүү өкүлү катары ордун белгилешип, форумдун тынчтыкты, коопсуздукту жана жаратуучулукту бекемдөөгө багытталган эл аралык диалог аянтчасы катары маанисине өзгөчө токтолушту.

Ысык-Көл эл аралык форуму өз ишин 19–21-июнь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде улантат.

Бөлүшүү

Комментарийлер