“ЫСЫК-КӨЛ ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИН БИРИКТИРГЕН ДОСТУКТУН БОРБОРУНА АЙЛАНДЫ” А.КАСЫМАЛИЕВ КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНА БАРДЫ
- 02.09.2026
- 0
Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы “Биримдик кербенин” салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Республикалык жана чет элдик меймандардын көч кербенин тосуп алууга арналган бул маанилүү маданий иш-чара “Кут Ордо” негизги сахнасында өттү. 
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүнкү күндө катардагы спорттук мелдештин алкагынан чыгып, дүйнө элдерин бириктирген, тарыхый-маданий мурастарды кеңири тааныткан маанилүү эл аралык аянтчага айланганын баса белгиледи. Өкмөт башчысы Ысык-Көлдө дүйнөнүн жүздөгөн мамлекеттеринен келген коноктордун башын бириктирген чоң майрам өтүп жатканын айтып, көчмөндөрдүн улуу цивилизациясын даңазалаган Кырчынга келгенде ата-бабалардын дүйнөсүнө аралашкандай өзгөчө таасир калтырарын билдирди. Анын айтымында, көз жоосун алган кол өнөрчүлүк буюмдары, боз үйлөр, тулпарлар жана элдик оюндар — мунун баары кылымдар бою муундан-муунга өтүп келген баа жеткис улуттук мурасыбыз. 
Кийиз басуу, шырдак шыруу сыяктуу өнөрлөр кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана жашоо образын терең чагылдырарын айткан өкмөт башчысы: “Ат – адамдын канаты. Ата-бабаларыбыз ат үстүндө эр жетип, ат жалында ойноп, өзүнүн эркин жашоо образын калыптандырган. Бүгүн биз ошол улуу мурастарыбызды дүйнөгө көрсөтүп жатабыз. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул элдерди жакындаткан, достукту бекемдеген, тарыхыбызды, маданиятыбызды жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды бириктирген дүйнөлүк майрам”, — деп кошумчалады. 
Сөзүнүн аягында ал “Биримдик кербени” дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген элдердин ынтымагын бекемдөөгө багытталганын белгилеп, бүгүнкү күндө касиеттүү Ысык-Көл жергеси дүйнө элдеринин башын бириктирген достуктун жана биримдиктин чыныгы борборуна айланганын жар салды.
А.К., «КБ»
Комментарийлер