“ЫСЫК-КӨЛ БАЛДАРДЫН КӨЗҮ МЕНЕН” ЭЛ АРАЛЫК СЛЁТУН ЖАНА ПЛЕНЭРДИК ПРАКТИКАНЫ ӨТКӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ БУЙРУК

  • 17.03.2023
  • 0

Кыргыз республикасынын  билим берүү жана илим министрлигинин ЫсыкКөл балдардын көзү менен эл аралык слётун жана пленэрдик практиканы өткөрүү жөнүндө

БУЙРУГУ

20.02.2023, №594/1

“Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “2021-2030 жылдарга Кыргыз Республикасында мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо жөнүндө” Концепцияларын аткаруу алкагында балдардын глобалдык, маалыматтык жана финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, өз алдынча таанып билүүсүнө, өнүгүүсүнө, өзүн өзү тарбиялоого багытталган социалдык ишмердик аркылуу алардын ички дараметин кеңири ачуу үчүн шарт түзүү жана лидерлик башатын аныктоо максатында буйрук кылам:

  1. “Ысык-Көл балдардын көзү менен” балдардын коомдук уюмдарынын жана бирикмелеринин лидерлеринин эл аралык слёту жана пленэрдик практика 2023-жылдын 23-июнунан 29-июнуна чейин уюштурулуп өткөрүлсүн.
  2. Слётту жана пленэрдик практиканы өткөрүү боюнча уюштуруу тобу, жобосу, катышуучулардын сандык курамы жана чыгымдардын сметасы 1, 2, 3, 4-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
  3. Аймактардан келген катышуучулардын жетекчилеринин слётко жана пленэрдик практикага катышууга кеткен чыгымдарын каржылоо иш сапарга жөнөткөн тарапка тапшырылсын.
  4. Слётту жана пленэрдик практиканы уюштуруу жана өткөрүү “Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборуна (Д.С.Мусина) жүктөлсүн.
  5. Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын, облустук билим берүү институттарынын, облустук усулдук билим берүү бөлүмдөрүнүн, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине:

— мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилерине Слётко жана пленэрдик практикага балдардын катышуусун камсыз кылуу милдеттендирилсин.

  1. Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгына (Г.Б. Токтахунова) эл аралык слётту жана пленэрдик практиканы өткөрүү үчүн “Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун 2023-жылга каралган чыгымдардын эсебинен бекитилген сметанын негизинде каржылоо тапшырылсын.
  2. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Мектептеги билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясаты башкармалыгына (М.Дж.Усеналиев) жүктөлсүн.

Министрдин

орун басары        Т.А. Ашымбаева

 

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентинин
“Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын жана “Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Концепцияны ишке ашыруу алкагында өтүлүүчү “Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам!” аймактар аралык сынагын уюштуруу комитетинин курамы:

  1. Ашымбаева Т.А. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, уюштуруу тобунун төрайымы.
  2. Усеналиев М.Дж. – Мектептеги билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы, уюштуруу тобунун мүчөсү
  3. Мусина Д.С. – «Балажан» РЭТОУБнун директору, уюштуруу тобунун мүчөсү.
  4. Токтахунова Г.Б. – бюджеттик саясат жана каржылык талдоо башкармалыгынын башкы адиси, уюштуруу тобунун мүчөсү.
  5. Омурканова С.Т. – Мектептеги билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясаты башкармалыгынын адиси, уюштуруу тобунун мүчөсү.
  6. Эшматова Г.С. – борборлоштурулган эсепкананын башкы эсепчиси.

Тиркеме 2

«Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», «2021-2030 жылдарга Кыргыз Республикасында мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо жөнүндө» Концепцияларын ишке ашыруу алкагында өтүлүүчү “Ысык-Көл балдардын көзү менен” балдардын коомдук уюмдарынын жана бирикмелеринин лидерлеринин эл аралык слётунун жана пленэрдик практиканын

ЖОБОСУ

  1. Жалпы жобо

Азыркы мезгилде социалдык-экономикалык коомдун өнүгүшүндө активдүү жарандарды калыптандырууга талап коюлууда. Келечекте бүгүнкү жаш лидерлер тез өнүгүп жаткан коомдун социалдык-экономикалык, экологиялык, илимий жана жалпы маданияттык маселелерин чечүү жоопкерчилигин өз мойнуна алышат.

Ушуга байланыштуу лидерлерди аныктоо жана балдар уюмдарында лидерликти өнүктүрүү маселеси зор социалдык мааниге ээ болууда. Пленэр өткөрүү көркөм сүрөт өнөрү боюнча балдардын кесипке багыт алуусуна маанилүү мамиле болуп саналат, бул – композиция, живопись жана сүрөт боюнча окуу процессинин уландысы. Пленэрдеги живопись көркөм сүрөт өнөрүндө балдардын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө таасир этет. Аларды философиялык, эстетикалык жана эмоционалдык көз караштарын жана сезимдерин көрсөтүүгө үйрөтөт. Пленэрде иштөө балдардын жаратылыш кубулуштары жана формалары жөнүндөгү элестөөлөрүн байытат, түздөн-түз окутуучу болуп саналат, жаратылыш дүйнөсүн өздөштүрүүгө кызыгуусун тарбиялайт, таза баалуулуктарды кабыл алуусуна жардам берет.

  1. Слёттун жана пленэрдик практиканын максаты:

Балдардын глобалдык, маалыматтык жана финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, өз алдынча таанып билүүсүнө, өнүгүүсүнө, өзүн тарбиялоого багытталган социалдык-маанилүү ишмердик аркылуу алардын ички дараметин кеңири ачуу үчүн шарт түзүү жана лидерлик башатын аныктоо максатында балдардын өз алдынча таанып билүүсүнө, өнүгүүсүнө, өзүн тарбиялоого багытталган социалдык-маанилүү ишмердик аркылуу алардын ички дараметин кеңири ачуу үчүн шарт түзүү жана лидерлик башатын аныктоо.

  1. Слёттун жана пленэрдик практиканын милдеттери:

— балдардын лидерлик билгичтиктерин жана көндүмдөрүн чыгармачыл дараметин жогорулатуу, алардын глобалдык компетенцияларына жана функционалдык сабаттуулукка ээ болуусун кеңейтүү;

— балдарды жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн балдар коомдук уюмдары жана бирикмелери менен тааныштыруу;

— жаш сүрөтчүлөрдү ачык мейкиндикте иштөөнүн практикалык көндүмдөрүнө үйрөтүү, табигатты бүтүн кабыл алуусун жана креативдик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү;

— Кыргызстандын, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн балдарынын социалдык активдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган балдардын демилгесин жана социалдык долбоорлорду колдоо.

  1. Слёттун жана пленэрдик практиканын уюштуруучулары:
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
  • «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору – ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы Алгачкы клубу

Өнөктөштөр:

  • Балдарга кошумча билим берүүнүн Евразиялык Ассоциациясы;
  • ЮНЕСКО клубдарынын Азиялык-Тынч океандык Федерациясы жана Ассоциациясы (Кыргызстан);
  • Кыргызстандагы ЮНЕСКО Клубдарынын Ассоциациясы;
  • КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;
  • Бишкек шаарынын мэриясы;
  • Республикалык МАИ.
  • Өткөрүү убагы: 23-29 июнь 2023-жыл

5.1. Өткөрүү орду: Ысык-Көл областы (күнгөй жээги), Кыргызстан

5.2. Слёттун жана пленэрдик практиканын катышуучулары:

— Кыргызстандын, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн балдар коомдук бирикмелеринин жана уюмдарынын лидерлери, мектеп бирикмелеринде иш тажрыйбасы бар жана лидерлик сапаттарын көрсөткөн өспүрүмдөр;

— социалдык жана социалдык-педагогикалык республикалык, областтык, регионалдык сынактарынын жеңүүчүлөрү;

— балдар коомдук бирикмелеринин жана уюмдарынын педагог-уюштуруучулары жана көркөм сүрөт өнөр жана кол өнөрчүлүк ийримдеринин жана студияларынын мугалимдери.

— Кыргызстандын, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн мектептеринин жана кошумча билим берүү уюмдарынын көркөм сүрөт өнөр жана кол өнөрчүлүк ийримдеринин жана студияларынын окуучулары.

5.3. Катышуучулардын жашы: 9-16 жаш.

5.4. Өкүлчүлүктүн курамы: Ар бир өкүлчүлүк 12-25 катышуучудан жана 1-2 жетекчиден турат.

  1. Уюштуруу

6.1. Слёттун жана пленэрдик практиканын алкагында төмөнкү иштер уюштурулат:

  • балдардын активдүү эс алуусу жана ден-соолугун чыңдоо;
  • чыгармачыл жөндөмүн өнүктүрүү, кругозорду кеңейтүү;
  • маданий байланыштарды бекемдөө;
  • маалымат алмашууну уюштуруу;
  • ар түрдүү маданий эс алуу жана дене тарбия иш чараларын өткөрүү.

6.2. Лидерлердин эл аралык слётунун программасына төмөнкүлөр кирет:

АОМ (активдүү окутуу методу) менен коучингдер (квест оюндар, case-study ж.б.):

— натыйжалуу баарлашууну өнүктүрүү;

— лидерлик сапаттарды өнүктүрүү;

— балдардын уюштуруучулук жөндөмүн өнүктүрүү.

  • коворкинг борбордун иши (бизнес-инкубатор, иштиктүү клуб ж.б.)
  • социалдык стартаптарды иштеп чыгаруу боюнча (Тиркеме №2.1.) сынактык иштер. Сынактын жыйынтыгы менен жеңүүчү командалар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин дипломдору, мактоо баракчалары жана белектер менен сыйланышат;
  • усулдук коштоо:

— балдардын коомдук бирикмелеринин жана уюмдарынын уюштургуч-педагогдору үчүн семинар-практикум;

— балдардын коомдук бирикмелеринин жана уюмдарынын уюштургуч-педагогдору үчүн социалдык-педагогикалык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча коворкинг борбордун иши.

6.3. Пленэрдик практиканын программасы төмөнкүлөрдү эске алат:

  • таза абада живопись боюнча иш аткаруу;
  • Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн белгилүү сүрөтчүлөрүнүн жана кол өнөрчүлүк боюнча эмгек сиңирген өнөр ишмерлеринин арт-коучингдери;
  • пленэрдин жүрүшүндө аткарылган мыкты сүрөттөрдүн жана кол өнөрчүлүктүн сынагы. Сынактын жыйынтыгы боюнча сүрөттөрдүн жана кол өнөрчүлүктүн “Ысык-Көл балдардын көзү менен” көргөзмөсү өткөрүлөт. Сынактын бардык жеңүүчүлөрү дипломдор, мактоо баракчалары менен сыйланышат. Алдыңкы жамааттардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылык каттарына жана мактоо баракчасына ээ болушат.

*Пленэрдин катышуучулары өздөрү менен төмөнкүлөрдү алып келүүлөрү зарыл: планшет же чапталма-папка, жыйналма отургуч жана пленэрге зарыл болгон бардык материалдарды.

6.4. Эл аралык слёттун жана пленэрдик практиканын программасындагы мүмкүнчүлүктөр:

— балдардын жана мугалимдердин уюштуруучулук жөндөмдөрүн, лидерлик сапаттарын жана маалыматтык, глобалдык жана финансылык сабаттуулугун практикада бекемдөө;

— болуп жаткан актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулоо;

— ишти уюштуруунун кызыктуу формаларына жана ыкмаларына ээ болуу;

— көркөм сүрөт өнөр билгичтигин жана көндүмдөрүн өнүктүрүү жана кошумча билим берүү мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн шарт түзүү.

Эл аралык слёттун жана пленэрдик практиканын катышуучулары окутууну өткөндүгү тууралуу сертификат алышат.

  1. Слётту жана пленэрдик практиканы уюштуруу жана өткөрүү:

7.1. Слётту жана пленэрдик практиканы уюштуруу, даярдоо жана өткөрүүнү координациялоону сынакты уюштуруу, даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу тобу ишке ашырат (мындан ары Уюштуруу тобу)

7.2. Слёттун жана пленэрдик практиканын Уюштуруу тобу:

Слётту жана пленэрдик практиканы уюштурууну, даярдоону жана өткөрүүнү координациялайт жана жалпы планын бекитет: даярдоо жана өткөрүү ишин уюштурат, өткөрүү ордун, убагын жана узактыгын, катышуучулардын санын, катышуунун шарттарын, өтүнмөнү, башка зарыл иш кагаздарды берүү тартибин жана убагын, аныктайт; слёттун жана пленэрдик практиканын программасын, социалдык жана социалдык-педагогикалык долбоорлордун жана пленэрдик практиканын жыйынтыгы боюнча “Ысык-Көл балдардын көзү менен” сынактарын, иш өткөрүү шарттарын, сыйлык орундардын санын, сынактардын түрү боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо тартибин ыйгарылган атайын жана кызыктыруучу сыйлыктардын тизмесин, ошондой эле сынакты уюштуруунун жана өткөрүүнүн башка шарттарын бекитет; сынактардын калыстар тобунун курамын бекитет; Кыргызстандын, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн көркөм сүрөт жана кол өнөрчүлүк чеберлерин чакыруу; слёттун жана пленэрдик практиканын катышуучуларынын өмүр жана ден соолук коопсуздугун камсыздоо боюнча ишти уюштурууга жардам көрсөтөт.

7.3. Слётту уюштурууну, даярдоону жана өткөрүүнү «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору (мындан ары «Балажан» РЭТОУБ) түздөн-түз ишке ашырат.

  1. Өтүнмөнү берүү тартиби жана убагы:

“Ысык-Көл балдардын көзү менен” Слёттун жана пленэрдик практиканын уюштуруу кийинкилерди камтыйт:

  • 3-4-5-6-орундуу, бардык шарттары бар бөлмөлөр;
  • 4 жолу тамактануу;
  • трансфер (автобустар) Бишкек шаарынан Ысык-Көлгө чейин жана кайра жалпы колонна менен катышуучуларды патрулдук автоунаанын коштоосу менен алып жүрүү.

Көңүл буруңуздар! Слётко жана пленэрдик практикага келген учурда бардык уюштуруу маселелери түздөн-түз топтун жетекчиси менен чечилет.

Слётко жана пленэрдик практикага катышууга жана автобустагы орунга өтүнмөнү 2023-жылдын 1-апрелине чейин жиберүү зарыл.

2023-жылдын 1-апрелине чейин слётко жана пленэрдик практикага катышууга өтүнмөнү [email protected] электрондук почтасына жөнөтүңүздөр. Жиберилген өтүнмөлөргө ылайык, уюштуруучулар 1-майга чейин слёттун жана пленэрдик практикага катышууга расмий чакыруу жиберишет. Расмий чакыруу алган өкүлчүлүктөр слёттун жана пленэрдик практиканын катышуучулары болуп саналышат.Катышуучулардын Бишкек шаарына чейинки жана кайра кетүү жол киреси жөнөтүүчү тараптын же катышуучулардын өз эсебинен жүргүзүлөт.

  1. Слёт жана пленэрдик практика боюнча материалдар «Балажан» РЭТОУБдун www.balajan.kg сайтында жайгаштырылган. Сурамжылоо телефондору: +996 (312) 38-32-60; (0312) 48-64-75, факс: (0312) 48-63-19. Жооптуу адамдар: Молдалиева Замиркуль Абыкановна +996 (705) 17-68-31, Исалиева Назира Жанышовна +996 (550) 477407.
  2. Корутунду жобо.

Жободо жазылган бардык маселелер уюштуруу тобу менен өзүнүн компетенциясына ылайык түзүлгөн жагдайга жараша чечилет.

«Ысык-Көл балдардын көзү менен» эл аралык слётко жана пленэрдик практикага катышууга Өтүнмөнүн үлгүсү 23-29 июнь 2023-ж. Кыргызстан

Өлкө 
Область, шаар 
Уюмдун, мекеменин, ийримдин студиянын, лидерлик топтун аталышы 
Уюмдун дареги, байланыш маалыматы (тел., факс, e-mail) 
Коштоочу адам (аты-жөнү толук маалымат) 
Коштоочунун байланыш маалыматы (иштеген жери, кызматы, тел., e-mail) 
Келүү күнү 
Келүү убактысы 
Келүү орду 
Келүү унаасы 
Автобустагы орундарга өтүнмөбир жагына (саны)эки жакка (саны)
Окуучулардын (балдардын) аты-жөнүТуулган жылы, айыЖынысыКатышуунун багыты (лидерлик, көркөм өнөр)
1    
2    
3    
    

Тиркеме 3

«Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», «2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо жөнүндө» Концепцияларын ишке ашыруу алкагында өтүлүүчү “Ысык-Көл балдардын көзү менен” балдардын коомдук уюмдарынын жана бирикмелеринин лидерлеринин эл аралык слётунун жана пленэрдик практиканын катышуучуларынын сандык курамы 2023-жылдын 23-29 июну

Республикалар, областтарБалдардын саныЖетекчилердин саныТарбиячылардын саны
1Россия1011
2Казакстан2011
3Өзбекстан1511
4Белоруссия1011
5Таджикстан1011
6Ысык-Көл облусу3011
7Ош облусу2511
8Чүй облусу2011
9Талас облусу2511
10Жалал-Абад облусу4012
11Нарын облусу1011
12Баткен облусу1511
13Ош ш.2011
14Бишкек ш.5022
15Слёттун жана пленэрдик практика-нын чыгармачыл жана тренингдик топтору 14 
16Чеберканаларды өткөрүүчү адистер 6 
 Бардыгы:3003516
 Жалпы саны:351  

“Балажан” РЭТОУБ директору Д.С.Мусина

Бөлүшүү

Комментарийлер