ЫМУДАГЫ КИТЕПТИН БЕТ АЧАРЫ
- 29.04.2024
- 0
«Ата-Бейит» улуттук тарыхЫй-мемориалдык комплекси менен К.Тыныстанов атындагы ЫМУ Кара-Кыргыз автономиялуу областынын 100 жылдык мааракесинин алкагында «Эскерүү китеби» Ысык-Кѳл облусундагы саясий репрессиялардын курмандыктары (1920-1953-жж.) аттуу китебинин бет ачары болуп ѳттү.
Иш-чарада Ысык – Көл областынан чыккан, тарыхта белгисиз инсандар (К.Батырбеков, С.Ажыбаев), Кыргызстандан репрессияланган аскер кызматкерлери боюнча тастыкталган, өзгөчө маалыматтар айтылды.
Жалпысынан бул илимий жыйында Ысык-Көл областынан чыккан өз учурунда Кыргызстандын булуӊ-бурчтарында партиялык кызматтарда кызмат кылган сталиндик репрессиянын курмандыктары болгон Көл өрөөнүнүн «каймактары» боюнча даректүү маалыматтар баяндалды.
Илимий жыйынга Ысык-Көл областынан келген тарых мугалимдери да катышышты. Баяндамалар боюнча тарыхтагы «кара так», ачуу чындыктар тууралуу суроо-жооптор болду.
Илимий жыйындын алкагында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети менен «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин ортосунда Меморандумга кол койулду. Келген конокторго К.Тыныстанов атындагы ЫМУ тарабынан Ыраазычылык кат тапшырылды.
Комментарийлер