ЯПОНИЯДАН БИЛИМ АЛУУ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

  • 18.10.2018
  • 0

11-октябрда Бишкек гуманитардык университетинде “Япониядан билим алуу — 2018” жарманкеси өттү.

Анда Япониянын Цукуба жана Эхиме университеттеринин билим берүү программалары жана Япониянын алдыңкы университеттеринде мамлекеттик кызматкерлер үчүн ишке ашырып жаткан билим берүү программалар тууралуу кенен маалымат берилди.

Жарманкеде мектеп окуучулары, студенттер, магистрлер жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн түрдүү программалар сунушталды. Япониянын окуу жайында билим алууну каалаган студенттер окуу тилин: же япон тилин же англис тилин өздөрү тандаса боло тургандыгын жана эл аралык байланышты чыңдоо максатында түрдүү гранттык программалар бар экендигин айтып беришти.

Бөлүшүү

Комментарийлер