«Манасты» кургак ураанга айландырып жиберүүдөн сак бололу            

  • 08.05.2024
  • 0

«Манасты» кургак ураанга айландырып жиберүүдөн сак бололу             

Окуучулардын «Урааным Манас!» деп аянттарда хор менен Манас айтышы эң сонун педагогикалык көрүнүш. Бул тарбия ишинин бир формасы. Мындай учурда балдарда мекенчилдик сезим ойгонуп, алардын турмушунда өзүнчө бир сыймыктуу окуя болуп, “Манастын” жок эле дегенде бир эки саптары окуучунун көкүрөк көөдөнүнө уюп калат.

Сузактагы кырсык болбогондо «Урааным Манас!» конкурсунун натыйжасы коомубузда өзүнчө бир чоң тарбия эффектисин жаратмак, жаратып да жаткан. Бул форма уланууга тийиш. Бир гана уюштуруу жагын, коопсуздук иш-чараларын күчөтүү зарыл.

Ошентсе да, «Манасты» кургак ураанга айландырып жиберүүдөн сак болушубуз керек. Манас Ата окуучунун дилинде, жүрөгүндө жашаш керек.

«Манасты» окутуунун тагдыры класста, аудиторияда чечилет. Улуу эпопеяны окутуу канткенде жакшырат? Алдыңкы тажрыйбадан азыраак мисал тарталы.

Эл мугалими Бектур Исаков жаш мугалим кезинде сабагын, окутканын талдап көрсө, окуучулар “Манас” жөнүндөгү түрдүү фактыларды, эпостогу каармандардын аттарын, сюжеттик окуялардын тизмегин билишет экен. Бирок эң негизгиси, “Манас” алардын жүрөгү аркылуу өткөн эмес. Балдар эпостун жүрөк титиреткен трагедияларына, каармандардын драмалуу тагдырларына, кайгы-кубанычына жан-дили менен аралашып, бирде күйүнүп, бирде сүйүнүп, жаак таянып ойгонгон, тогуз толгонгон эмес, кабыргасынан коюлган суроолорго жооп издеген эмес. Дастандын өзөгүн аралап өткөн улуу идеяларга жан дүйнөлөрү ашташкан эмес. Демек, “Манас” балдарга ички сырын ачпай кала берген. Ушундан кийин Б. Исаков окутуу методикасын түп тамырынан өзгөрткөн.

Анын кийин сабакта колдонгон методдорун, ыкма-амалдарын, формаларын иликтеп-изилдеп келсек, анда алар негизинен төмөнкүлөр болуп чыгат. Модулдук система менен окутуу (Б.Исаковчо айтканда, теманы парчаларга бөлүп окутуу), интерактивдик усулдар, проблемалык кырдаалдарды түзүү, талаш-тартыш, диолог-дискуссия, окуу оюну, талкуу, сынчыл ойлом, мээге чабуул, акыл эрөөлү, евристикалык усул, изилдөө усулу, тегерек үстөл, тоскоолдуктарды коюу жана аны жеңип өтүү ыкмасы, ар кандай пратчаларды, тамсилдерди, накыл сөздөрдү, ичине маанилүү турмуштук сабактарды камтыган икаяларды пайдалануу, чыгармачылык менен окуу, үн кубултуп көркөм окуу, каталардын үстүндө иштөө, сочинениелерди талдоо-талкуулоо, сахна-сабак, сабак-конференция, ачык асман алдындагы сабак, окуучунун сабагы, маектешүү сабагы ж.б. Ушул методдорду активдүү колдонгондон кийин натыйжа такыр башкача болуп чыккан.

Балдар мурдагыдай “Манастын” темасы, окуялары, идеясы, анын изилдениши, эл оозунан жыйналышы, көлөмү жагынан дүйнө элдеринин эпосторун ат чабым артка таштаары жөнүндөгү ж.б. мугалимдин жана окуу китебинин илимий маалыматтары менен чектелбей, эпостун өзүнүн чыныгы сюжеттик структурасына сүңгүп киришип, каармандардын жүрүм-турумун, иш-аракеттерин талкуулашып, сахна-сабакта кейипкерлердин ролдорун ойношуп, жазган рефераттарында, жасаган докладдарында, ар түрдүү жанрдагы сочинениелеринде аларга жекече мүнөздөмөлөрүн беришип, тексти көркөм окушуп, күпүлдөп “Манас айтышып, бирде түнөрүшүп, бирде кабактары ачылып, калайык калктын трагедиялары менен жеңиштери жөнүндө ой толгошуп, дастандын мекенчилдик идеялары тууралуу акыл тегеретишип, “Манастын” көркөм сөз берметтерин, фразеологизмдерин өз сөздөрүнө кошуп сүйлөшүп, манасчылардын куюлушкан кооз, көркөм баяндоолорунун эстетикасына суктанышып, бири-биринин жазган дилбаяндарына сын берип талдашып, бир сөз менен айтканда,  бүт окуучулар эпос боюнча активдүү окуу ишмердигине тартылып, чыгарманын көркөм дүйнөсүнө чумкуп отурушат. Бул процессте Бектур Исаков: “Эпосту үйрөнүүнү музыка, сүрөт, манасчылардын пластинкалары, Манас жөңүндөгү кинофильмдерден, театралдык спектаклдерден алынган үзүндү-фрагменттер, манастаануучулардын, жазуучулардын эмгектеринен алынган даанышман ойлор менен коштоп, окуучулардын алдына проблемалуу тоскоол суроолорду коюп, атайын бири-бирине кайчы келген пикирлерди айтып, балдардын оюн чиелентип, билүүгө, чечмелөөгө болгон ынтызарлыктарын ырбаттым. Балдардын кайым айтышууларын ырбатып турдум. Ошону менен аларга тымызын багыт берүүгө тырыштым,” – деп жазат.

Ушул жерден Бектур Исаковдун “эпостун көркөм фактыларына, окуяларына жана каармандарына карата окуучунун ЖЕКЕЧЕ МАМИЛЕСИН иштеп чыгууну практикалоону чечтим” деген сөзүн эске түшүрүүнүн кезеги келип турат. Дал ушундай жаңы методдор менен окутуу кырдаалында педагогдун ушул жекече мамилени иштеп чыгуу жөнүндөгү мүдөөсү жүзөгө ашып отурат. Муну бизге окуучунун сочинениеси далилдеп берет. Типтүү мисал келтирели.

Окуучу Каныкей өзүнүн дилбаянында:

“Мен келечекте эне болсом, баламды Алманбеттей акыйкатчыл, чынчыл кылып өстүрөм жана уулумдун ар намысы үчүн Алтынай эне сыяктуу өлүмдөн коркпой, күрөшкө чыгууга даярмын!”- деп жазып отурат. Мынакей, “Манаска” окуучунун жекече мамилесинин жаралышы. Бул мугалимдин зор педагогикалык ийгилиги.

20-жылдардын башында залкар манасчы Сагымбай Орозбаков, Ыбырайым Абдырахмановго «Манасты» жаздырып жатып мындай деген: «Азыркыбызга кейибейли, кийинки укум-тукумубуз үчүн кейийли. Жүр — нарыга салбай жакшылап айтып, жакшылап жазалы. Азыркылар билбесе, кийинки калыс өспүрүмдөр билер. Бизге рахмат айтышар». Акылман манасчы С.Орозобаков кыргыз журтунун кылым аралаган асылнарктарын ичине камтыган «Манас» дастанынын болочок ээлери — жаш муундардын рухий тарбиясы үчүн ат көтөргүс, төө көтөргүс зор мааниси бар экендигин ошо кезде эле көрөгөчтүк менен баамдаган. Элдик оозеки чыгармачылыктын чоң күйөрманы, чыгаан акыныбыз Алыкул Осмоновдун да улуу эпосубуздун педагогикалык, билим берүүчүлүк маанисин учурунда өзгөчө басым коюп белгилегендигин да эскерип айып өтөлү: «Кыргыз жаштары «Манасты» окуу менен коркпостукту, келечекке жайдары кароону, жаңы доордун сонун иштерине акниет жана берилгендик менен кызмат кылуунун касиеттерине үйрөнүшөт” — деп жазган акын.

Сагынбай Орозбаков менен Алыкул Осмоновдун «Манас» эпосунун тарбиялык потенциалы жөнүндөгү көрөгөч ойлорунун чындыгын бүгүнкү жогорку окуу жайларындагы «Манастаануу» сабагынын кээ бир практикасы да ырастап отурат. Студенттердин өздөрү “Манас сабагынан” кийин жазган дилбаяндарында төмөнкүчө агынан жарылып ачылышкан:

«Манас» баатырдын антын карачы, эмне деген алтын саптар, эмне деген керемет сөздөр! Бул саптардын ар бири биз үчүн маанилүү, анткени ушул ар бир сөздүн артында көөнөргүс кенч, айтылып бүткүс эрдик, эл үчүн өзүнүн жанын аябай курмандыкка чалуу, мекенчилдик, сөзүнө болгон бекемдик, айткан сөзүн аткара билүүчүлүк сыяктуу “төрт тарабы төп келишкен” инсанга тиешелүү асыл сапаттар жатат. Анан кантип ушундай сапаттар жаш муундарды ойготпой койсун. Бул нерсе ар бир адамды патриоттуулукка, Ата мекендин коргоочусу болууга, берген убадасын аткарууга, элин, жерин көздүн карегиндей сактоого тарбиялайт” (Орозбай кызы Акбермет).

«Манас сабагынын» мага калтырган таасири өтө чоң болду. Менин элиме болгон патриотгук сезимимди күчөтүп, ички дүйнөмө бүлүк салып, “ойлон кыргыз, ойгон кыргыз” дегендей, ичимдеги катылып жаткан энергияны ойготту, менин жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Көп нерсеге кызыгуу менен карап, бир гана күнүмдүк тиричилик жашоо менен алышпай, элим үчүн, жерим үчүн кызмат кылгым келет деген кыялдарым алоолонду” (Имер кызы Айпери).

 “Манас сабагынын” предмет катары расписаниеге коюлушуна мен ыраазымын” (Үсонова Уркуя).

“Манас сабагын угуп олтуруп, ошол клармандарга аралашып, кадимкидей көз, алдыма элестетип, көзүмөн жаш тегеренген күндөр болду. “Манастаануу” сабагын 1-курстан 5-курска чейин кирсе дейм» (Жумакунова Асель).

Демек, бул дилбаяндар, эгерде тарбиячы — педагог «Манаста» айтылгандай «жүлүнгө жетээр кеп айткан, жүрөгүн өрттөп бек айткан» күчтүү, ийкемдүү, эффективдүү методиканы тапса, анда улуу эпопеянын жаштардын жан дүйнөсүнө, аң-сезимине таасир кылуу мүмкүнчүлүгү мол жана кең экендигин айгинелейт. Мынакей, жаштарды Манас руху менен сугарса болот экен.

 Мына ушинтип, Манас руху окуучунун же студенттин жан дүйнөсүндө, жүрөгүндө жашаса, анан алардын аянтка чыгып жалпы хорго кошулуп Манас айтканы кадимкидей көркүнө чыкмак.

                                                                          Советбек БАЙГАЗИЕВ,

                                                       Кыргыз билимберүү академиясынын

                                                      башкы илимий кызматкери

Бөлүшүү

Комментарийлер