АЙЫЛ ЧАРБА АДИСТЕРИН ДАЯРДАГАН АЛДЫҢКЫ УСТАКАНА

  • 08.05.2024
  • 0

АЙЫЛ ЧАРБА АДИСТЕРИН ДАЯРДАГАН АЛДЫҢКЫ УСТАКАНА

           Тувашев Полот Зулжалалович, окуу жайдын директору

Ош айыл чарба техникумунун миссиясы — аймактык социалдык өнөктөштөр менен биргеликте өлкөнүн агрардык секторуна конкуренцияга жөндөмдүү орто звенонун адистерин даярдоо аркылуу Кыргыз Республикасынын түштүк регионунда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.

АЙЫЛ ЧАРБА АДИСТЕРИН ДАЯРДАГАН АЛДЫҢКЫ УСТАКАНААЙЫЛ ЧАРБА АДИСТЕРИН ДАЯРДАГАН АЛДЫҢКЫ УСТАКАНА

АЙЫЛ ЧАРБА АДИСТЕРИН ДАЯРДАГАН АЛДЫҢКЫ УСТАКАНААЙЫЛ ЧАРБА АДИСТЕРИН ДАЯРДАГАН АЛДЫҢКЫ УСТАКАНА

Ош айыл чарба техникуму өндүрүшкө керектүү болгон, башкача айтканда, дыйканчылыктын маданиятын жогорулатуу, агротехникалык эрежелердин сакталышын камсыз кылуу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине жана ооруларына каршы күрөшүү системасын өнүктүрүү, өндүрүштү комплекстүү механизациялоо, электрлештирүү жана автоматташтыруу, мелиорация иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөтө алган адистерди даярдайт. Орто звенодогу айыл чарба адистерин даярдоого негизги роль Ош айыл чарба техникумуна таандык. Анткени окуу жай чындыгында эле айыл чарба адистерин даярдоо боюнча Кыргызстандын түштүгүндөгү устакана болуп саналат. Ош шаарынын так ортосунан орун алган окуу жайдын тамыры терең, анткени Кыргызстанда атайын орто окуу жайларынын ичинен биринчилерден болуп 1932-жылы Ош талаачылык техникум деп ачылган. Бул түштүк Кыргызстандагы эң биринчи адистештирилген окуу жайы болгон. Алгачкы бүтүрүүчүлөрү 14 адамды түзүп, 1936-жылы айыл чарба адиси катары дипломдорун алышкан. Окуу жайда бир нече жылдар бою агрономия, гидромелиорация, айыл чарба механизациясы боюнча адистерди даярдап келсе, Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки жылдары өсүмдүктөрдү коргоо, жибекчилик адистиктери ачылган. Окуу жай 90-жылдын ичинде түрдүү адистиктер боюнча 25 миңден ашык адис даярдап, Кыргызстандын айыл чарба тармагынын өнүгүшүнө зор салымын кошту. Бүгүн окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү эмгектенбеген Кыргызстандын түштүгүндө бир да чарба жок. Окуу жайдын көпчүлүк бүтүрүүчүлөрү айыл чарба багытындагы ишкана-мекемелеринде, окуу жайларда иш билги жетекчи катарында эмгектенип келе жатышат. Ал эми 1977-жылы Ош айыл чарба техникуму менен Төлөйкөн совхозунун базасында Ош совхоз техникуму түзүлгөн. Ошол мезгилде студенттерге эң ыңгайлуу жабдыктар менен камсыздалган окуу өндүрүштүк база түзүлүп, студенттерге окуу менен практиканын айкалыштырууга кеңири мүмкүнчүлүк жаралган. Айыл чарба өндүрүшүндөгү ар бир технологиялык процессти студенттер колу менен жасап эмгектенишкен. Кыргыз Республикасы көз карандысыздыгын алгандан кийин, 1991-жылы Ош совхоз техникуму кайрадан Ош айыл чарба техникуму болуп өзгөрүлгөн. Ал эми окуу жайдын негизги максаты өзгөргөн жок, тескерисинче, айыл чарбасына керектүү болгон жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо жыл сайын эмгек рыногун жана экономикалык керектөөлөрдү эске алуу менен толуктап келе жатат.

АЙЫЛ ЧАРБА АДИСТЕРИН ДАЯРДАГАН АЛДЫҢКЫ УСТАКАНААЙЫЛ ЧАРБА АДИСТЕРИН ДАЯРДАГАН АЛДЫҢКЫ УСТАКАНА

Учурда окуу жайда 30дан ашуун мугалим жана өндүрүштүк окутуу боюнча мастерлер эмгектенет, алардын баардыгы жогорку квалификациялуу адистер. Жаштарга сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүүнүн ачкычы — бул терең билимдүү, күнүгө өз билимин өркүндөткөн мугалимдер. Окуу жай бир топ жылдардан бери  студенттердин мобилдүүлүгүн камсыз кылуу максатында Германиянын «Лого» программасы менен кызматташып, студенттердин Германиянын алдыңкы фермердик чарбаларына практика өтүүсүнө кеңири жол ачылды. Окуу жайыбыз азыркы мезгилде заман талабына ылайык, көптөгөн проекттер менен иштешип, анын ичинен (Ош облусу жана Ош шаары боюнча региондорду өнүктүрүү) проектисинин алкагында окуу жайга акыркы үлгүдөгү транспорт жана компьютердик каражаттар алынып, азыркы мезгилде окуу жайдын өнүгүүсүнө жана студенттерге терең билим алуусуна чоң өбөлгө түзүлдү.

АЙЫЛ ЧАРБА АДИСТЕРИН ДАЯРДАГАН АЛДЫҢКЫ УСТАКАНААЙЫЛ ЧАРБА АДИСТЕРИН ДАЯРДАГАН АЛДЫҢКЫ УСТАКАНА

                 ОШ АЙЫЛ ЧАРБА ТЕХНИКУМУ

         2024/2025-окуу жылына кабыл алууну жарыялайт

Ош айыл чарба техникуму төмөнкү адистиктер боюнча 9-кл. базасында (бюджеттик жана контракттык) негизде абитуриенттерди кабыл алат:

  1. Ветеринария (ветеринардык фельдшер) — окуу мөөнөтү 2 жыл 10 ай.
  2. Айыл чарбасынын механизациясы (техник-механик) — окуу мөөнөтү 2 жыл 10 ай.
  3. Айыл чарбасыны электирлештирүү жана автоматташтыруу (техник-электрик) — окуу мөөнөтү 2 жыл 10 ай.
  4. Агрономия (агроном) — окуу мөөнөтү 2 жыл 10 ай.
Бөлүшүү

Комментарийлер