БИШКЕКТЕГИ ЧОЛПОНБЕК БАЗАРБАЕВ АТЫНДАГЫ ХОРЕОГРАФИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ
- 08.05.2024
- 0
2024-2025 окуу жылына кабыл алууну жарыялайт
«Балет искусство» адистиги боюнча «Балет бийчиси» квалификациясына башталгыч мектептин 4-классын бүтүргөн 9-11 жаштагы окуучулар кабыл алынат.
«Хореографиялык искусство» адистиги боюнча «Бий ансамблинин артисти» квалификациясына орто мектептин 9-классын бүтүргөн жана башталгыч хореографиялык билими бар (искусство мектебин, бий студиясын же бий ансамблинин бүтүргөн) 14-16 жаштагы окуучулар кабыл алынат.
Кабыл алуу сынактары 10-июндан 26-июнга чейин 3 тур менен өткөрүлөт.
Кабыл алына турган документтер:
— Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
— ИНН;
— Сүрөт 3/4 (4 даана);
— Жашаган жеринен тастыктама;
— Ата-энесинин паспортторунун көчүрмөсү;
— Башталгыч мектепти аяктагандыгы тууралуу өздүк дело;
— Негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүк (1 курс үчүн);
— Медициналык талон (БХОЖдун врачынан алынат).
Сырткы аймактардан келген окуучулар окуу жайдын интернатынан орун менен камсыз болушат.
Сурап билүү телефондору: (0312) 621793, 663216.
Окуу жайынын реквизиттери:
Бишкек ш., Москва көч. 123/1 (кирүү Логвиненко көчөсүнөн).
e-mail: [email protected]
Комментарийлер