Сузак: ОшМУнун психологдору көмөк көрсөтүүдө
- 08.05.2024
- 0
ОшМУнун психология кафедрасынын мугалимдери, психологдору, магистрлери, КРдин Психологдор ассоциациясынын активдүү мүчөлөрү, Түштүк региону боюнча психологдордун координатору Акчач Жолдошева баштаган команда Жалал-Абад шаарындагы областтык балдар ооруканасында ата-энелерге психологиялык жардам көрсөтүштү.
Психологдор Октябрь ооруканасында Сузактагы кырсыктан жабыркаган балдар менен иштешип, реанимацияда жаткан бейтаптардын ата-энелерине психологиялык жардам көрсөтүлгөн.
Акчач Жолдошеванын айтымында, амбулатордук дарыланган балдар-кыздар, өспүрүмдөр менен да бир жолку терапиялар жүргүзүлгөн.
— Ата-энелер жана балдар дүрбөлөңгө түшүп, уйкулары качып, стресстик абалда болгон. Окуучулардын коркуу сезимдери менен кайрылгандар көп болгондуктан убагында жардам көрсөттүк, — деди координатор.
Бул демилге 6-7-11-майга чейин Жерге-Тал айылындагы гимназия мектебинде уланат.
Турдугүл Тилек кызы, «Кут Билимдин» практиканты
Комментарийлер