ЯПОН ӨКМӨТҮНҮН КӨМӨГҮ

  • 26.11.2021
  • 0

Жакында Япон өкмөтүнүн «Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу» гранттык программасынын алкагында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы билим берүү уюмдарына жабдуулар берилди.

ЯПОН ӨКМӨТҮНҮН КӨМӨГҮ

Жабдууларды тапшыруу аземине Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Маэда Шигэки, Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими З.Сыдыков, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Н.Тилекматова, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору жана ата-энелер коомчулугу катышты.

ЯПОН ӨКМӨТҮНҮН КӨМӨГҮ

Жогорудагы «Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы билим берүү уюмдарында окуу-шарттарды жакшыртуу» долбоору аркылуу билим берүү уюмдарындагы бир топ көйгөйлөр чечилгендиги көпчүлүктү кубандырды. Райондун жетекчилиги учурдан пайдаланып Япон элчилигине ыраазычылык билдирүү менен буйруса мындан ары да билим берүүдө шарттарды жакшыртуу багытында иштешүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Мырзаканова Махабат, Аксы району

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер