«WORLDSKILLS KYRGYZSTAN 2025» УЛУТТУК ЧЕМПИОНАТЫНЫН АЧЫЛЫШЫ БОЛОТ
- 29.01.2025
- 0
30-январда «WorldSkills Kyrgyzstan» жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатынын расмий ачылышы болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, «WorldSkills» коомдук фондунун жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле улуттук эксперттер жана иш берүүчүлөр катышат.
Иш-чара 30-январда саат 10:00дөн 12:00гө чейин Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 70 дарегинде жайгашкан «Evropa» отелинин «Конгресс» конференц-залында өткөрүлөт.
Айдана МАМАТБЕРДИЕВА,
«Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер