ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР АИДА ИСМАИЛОВА КЫРГЫЗСТАН БАЛДАРЫНЫН БИРИНЧИ ОНЛАЙН САММИТИНЕ КАТЫШТЫ

  • 01.06.2020
  • 0

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын балдарынын биринчи онлайн саммити болуп өттү. Үстүбүздөгү жылы COVID-19 пандемиясына байланыштуу Балдарды коргоо күнүн белгилөө онлайн режимде өтүүдө.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова, Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФ өкүлү Кристин Жольм жана башка расмий жактар катышты.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова балдардын биринчи онлайн саммитинин катышуучуларын жана өлкөдөгү жалпы балдарды Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады!

ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР АИДА ИСМАИЛОВА КЫРГЫЗСТАН БАЛДАРЫНЫН БИРИНЧИ ОНЛАЙН САММИТИНЕ КАТЫШТЫ

«Кымбаттуу балдар! Урматтуу ата-энелер, мекендештер!

Ар бирибиздин эң жаркын, эң таза жана эң таттуу күндөрүбүз балалык кезибизге байланыштуу. Бул күндөрдү ар дайым жылуу сезимдер менен эстейбиз. Бала кезде кандайдыр бир кереметке ишенип жашайбыз. Балалык кездеги сезимдер өмүр бою эсте калат. Ошондуктан бул майрам келечек муундун ырааттуу өнүгүүсү үчүн жоопкерчилик алган чоңдор үчүн да абдан маанилүү. Жалпыңыздарды бүгүнкү – Эл аралык балдарды коргоо күнү менен чын дилимден куттуктайм!», — деп кайрылды ал иш-чаранын кичине катышуучуларына.

Вице-премьер-министр белгилегендей, мамлекеттин негизги милдети ар бир бала улуу муундун мээримине чулганып, өзүнүн жашоодогу маанилүү ордун сезип, үй-бүлө камкордугуна бөлөнүшүндө турат.

«Өкмөт балдар укугунун сакталышын камсыздоого милдеттүү! Ал эми тарбиячылар жана мугалимдер ар бир баланын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүсү кажет. Балдардын укугун сактабастан туруп, өнүкккөн коомду, келечекти куруу мүмкүн эмес. Биздин мамлекетте балдардын жашоосу мазмундуу жана кызыктуу болушу үчүн колдон келген аракеттер көрүлүүдө. Шаарларда жана райондордо спорт аянтчалары, ден-соолук чыңдоочу комплекстер курулуп, жаңы бала бакчалар жана мектептер ачылып, социалдык коргоо жана балдарды коргоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө», — деп кошумчалады Аида Исмаилова.

Вице-премьер-министр баса белгилегендей, улуулардын башкы милдети – дени сак жана адептүү муунду өстүрүү, ар бир баланын укуктарын коргоо, аларды катаал мамиледен жана зомбулуктан сактоо, мээримге курчоо болуп саналат.

«Бүгүнкү биздин кылган ишибизден,  балдардын маселелерине кылган мамилебизден эртеңки күнүбүз көз каранды, себеби балдар – биздин келечегибиз. Ар бир бала сүйүүгө, мээримге жана камкордукка курчалып турсун!

Кымбаттуу балдар! Бүгүнкү күн толук бойдон, сиздерге, Кыргызстандын кенже жарандары болгон сиздерге арналат!

Балдарга бекем ден соолук, кызыктуу жана көңүлдүү жайкы эс алуу каалайм. Бактылуу болгула, жүзүңөрдө ар дайым жылмаюу болсун! Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЮНИСЕФ Балдар фонду жана өнөктөштөр менен биргеликте Кыргызстандын балдарынын алгачкы онлайн саммитин уюштурууда. Онлайн саммиттин ишине ийгилик каалайбыз!», — деп жыйынтыктады вице-премьер-министр.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер