ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР АИДА ИСМАИЛОВА «АЛТЫН ТАМГА» ТЕСТИРЛӨӨСҮНҮН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 19.06.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова «Газпром Кыргызстан мектебине» барып, Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мекемелери үчүн өткөрүлгөн «Алтын тамга» көзкарандысыз тестирлөөсүнүн жүрүшү менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин чечими боюнча, «Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы реалдуу убакыт режиминде санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен өткөрүлүүдө.ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР АИДА ИСМАИЛОВА «АЛТЫН ТАМГА» ТЕСТИРЛӨӨСҮНҮН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫДене тапты байланышсыз аныктоо, колду дезинфекциялоо, жеке отургучтарды бири-биринен 1,5 метр аралыкта жайгаштыруу орун алып, коридорлордо жана эс алуу жайларында адамдардын топтолуусуна жол бербөө максатында талапкерлердин келүү графиги иштелип чыккан.

Өзгөчө үлгүдөгү аттестатты алууга талапкерлер ыкчамдык жана объективдүүлүк максатында тестти планшет аркылуу тапшырышат, ал эми анын жалпы жыйынтыгы бүтүрүүчүгө жана байкоочу эксперттерге автоматтык түрдө жеткиликтүү болот.

Белгилесек, 2019-2020-окуу жылында 1 345 бүтүрүүчү өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга талапкер болуп саналат. Өткөн жылы «Алтын тамга» сынагына 1 148 окуучу катышкан, анын жыйынтыгы боюнча 182 окуучу өзгөчө үлгүдөгү аттестатка ээ болгон. «Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына катышуу милдеттүү болуп саналбайт, ар бир талапкер ага өз ыктыяры менен катыша алат.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер