ВИКТОР ЯКОВЛЕВИЧ БУТАНАЕВ – НЕКРОЛОГ

  • 05.06.2023
  • 0

Кыргызстандын билим берүү тармагы, этнография илими оор жоготууга учурады.

ВИКТОР ЯКОВЛЕВИЧ БУТАНАЕВ – НЕКРОЛОГ

Орусиядагы чыгыш таануучу, хакас элинин заманбап тарыхчы окумуштуусу жана педагогу, профессор, тарых илиминин доктору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери (2002), Хакасия Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери (2006),  “Теңир-тоолук кыргыздар менен хакастар Эне-Сай Кыргыз каганатын негиздеген орто кылымдардагы кыргыздардын орток урпактары” деген илимий пикирдин ырааттуу жактоочусу, “Даңк” медалынын,  III даражадагы “Манас” орденинин ээси, КР айрым  университеттердин ардактуу профессору болгон Виктор Яковлевич Бутанаев 2023-жылдын 5-июнунда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

В.Я.Бутанаев 1946-жылы 12-мартта Камчатка облусунун Запорожье айылында төрөлгөн. 1994-2011-жылдары Хакас мамлекеттик университетинин Археология, этнография жана тарыхый чөлкөм таануу кафедрасын жетектеген жана ошол эле убакта кыргыз этнография илимине чоң салым кошкон.

 1995-жылы Кыргызстан тарыхчылар коомунун (мурдагы Кыргызстан жаш тарыхчылар ассоциациясы) ардактуу мүчөсү болуп шайланган.

Профессор Виктор Яковлевич Бутанаев Саяно-Алтай этнографиясынын өзүнүн илимий мектебин түзгөн, ал Түштүк Сибирь элдеринин этникалык тарыхын, элдик маданиятын, салттуу экономикасын, каада укугун, динин, музыкалык маданиятын жана этнопедагогикасын изилдеген.

 В.Я.Бутанаевдин окуу китептери, маалымдамалар, монографиялары Хакасиянын тарыхын, этнологиясын, түрк-монгол элдеринин тарыхын, хакастардын салттуу маданиятын жана турмушун жана башка илимдерди изилдөөдө колдонулат. Жарым кылымдан ашык илимий ишмердүүлүгүнүн ичинде 400гө жакын илимий макалалар, 30дан ашык монографиялар жарык көргөн. Анын эмгектери Орусияда, коңшу өлкөлөрдө гана эмес, Швейцария, Финляндия, Түркия, АКШда да таанымал.

1996-жылы Россия Федерациясынын Жогорку билим берүү боюнча мамлекеттик комитетинин чечими менен археология, этнография жана тарых кафедрасынын профессору илимий наамы ыйгарылган.

Абаканга келген кыргыз тарыхчылары (Имел Молдобаев, Тынчтыкбек Чоротегин, Олжобай Каратаев  ж.б.) жана жазуучулары (Кеңеш Жусупов, Кердегей – Кубат Жусубалиев, ж.б.) үчүн Хакасияга жана Тывага этнографиялык сапарларды  уюштуруп, 1988-2015-жылдары өзү да Кыргызстанда бир нече ирет илимий сапарда болгон. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында студенттер үчүн дарстарды  окуган. Саян-алтай этнографиясы тармагында илимий мектеп түзүүгө жетишкен.

Кыргызстандын тарых илиминин казынасын байытууга зор салым кошкон көрүнүктүү окумуштуу Виктор Яковлевич Бутанаевдин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун жакындары менен туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри К.К. Иманалиев, министрдин биринчи орун басары У.А. Усеков, министрдин орун басарлары Р. Абазбек уулу, Т.А.Ашымбаева, А.Ж.Рысбаева, Илим бөлүмүнүн башчысы Ж.Ж. Жакшылыков, КР Улуттук илимдер академиясынын президенти К.Е. Абдрахматов,  Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору Т.А.Абдырахманов, Базарбаев Э., Ишекеев Н., Айтахунов Б.К., Сыдыкова Г.,Сырдыбаев Т.Т. Чоротегин Т., Арзыматова А.А., Омурова Ж.О., Асанов Т.И., Асипбаева М., Чаргынов Т.Т. ж.б.

Бөлүшүү

Комментарийлер