ВЕНГРИЯДАГЫ ЖОЖДОРГО АЛДЫН-АЛА КОНКУРСТУК ТАНДОО

  • 18.02.2021
  • 0

17-февралда И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында Венгриянын ЖОЖдоруна техникалык жана медициналык тармактар боюнча бакалавриат программаларына тапшырып жаткан талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөө өттү.

Талапкерлер үчүн багыттар алар “биринчи тандоо” («first choice») катары көрсөткөн адистиктерге ылайык аныкталды. Катталгандан кийин, талапкерлер автоматтык түрдө түзүлгөн логин жана сыр сөздөрү бар уникалдуу шифрлерди алышкан. Шифрлер тесттен өтүү үчүн колдонулду.

Талапкерлер тесттин жыйынтыгын компьютерден тест бүткөн соң дароо көрүп жатышты.

Төмөндө техникалык жана медициналык багыттагы бакалаврдык программаларга талапкерлерди тестирлөөнүн жыйынтыктары берилген (тизме тиркелди).

Тестирлөөгө уруксат берилген:

  • Техникалык багыттар боюнча 91 талапкер;
  • Медицина тармагында 2 талапкер.

Катышты:

  • Техникалык багыттар боюнча 86 талапкер;
  • Медицина тармагында 2 талапкер.

Келбей койду:

  • Техникалык багыттар боюнча 3 талапкер.

Ошондой эле, техникалык багыттар боюнча 2 талапкер компьютердик тестирлөөдөн онлайн өтүү үчүн белгиленген тартипте арыз менен кайрылышты.

Жарыяланган жыйынтыктар акыркы жыйынтык эмес экендигине талапкерлердин көңүлүн бурабыз. Бардык программалар боюнча бакалавр даражасына талапкерлердин акыркы рейтингдик тизмеси табигый илимдер, коомдук-гуманитардык жана экономикалык багыттагы талапкерлер, ошондой эле тестирлөөнү онлайн форматта өтүү үчүн алдын-ала арыз менен кайрылган чет өлкөлөрдөгү талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн өткөндөн кийин түзүлөт.

Быйыл министрлик онлайн платформага документтерди тапшыруудан тартып сынактарга чейинки бардык процесстерди автоматташтыруу жолу менен адамдык факторду жоюп, ачыктыкты камсыздады. Буга кошумча, жылдагыдан айырмаланып, талапкерлер документтерин күнү-түнү тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Тиркеме: Результаты тестирования (Венгрия 2021, Бакалавриат, Медицинское направление).pdf
Результаты тестирования (Венгрия 2021, Бакалавриат, Техническое направление).pdf

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер