УТРК менен ОшМУ түптөгөн телестудия

  • 02.10.2025
  • 0

Ош мамлекеттик университети  менен  Улуттук телерадиоберүү корпорациясы биргеликте түптөгөн телестудия  пайдаланууга берилди. Расмий ачылышка ректор Кудайберди Кожобеков, УТРКнын башкы директору Болотбек  Тиллебаев, окутуучулар жана студенттер катышты.

УТРК менен ОшМУ түптөгөн телестудия

Жаңы студия УТРКнын Оштогу бөлүмүндө жайгашкан. Аны оңдоп-түзөөгө ОшМУ каражат бөлдү. Каражатка декорациясы жасалгаланып, лед-экрандар орнотулду. Ал эми телеканал видео, аудио техника менен жарыктандыруучу техникалар камсыздады.

Студияда окуу жайдын журналистика бөлүмүнүн студенттери тажрыйба топтоп, теле жаатында адис катары калыптанышына мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары, телеканал атайын канаа да ажыратып берген. Ал жерде студенттер түрдүү жанрдагы долбоорлорду ишке ашырса болот. Алар даярдаган контенттер УТРКнын эфиринен берилет.

УТРК менен ОшМУ түптөгөн телестудия

2023-жылы УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев менен ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков кызматташуу келишимине кол коюшкан.

Бөлүшүү

Комментарийлер