УШУЛ ЖЫЛЫ 65 МЕКТЕП КУРУЛАТ
- 18.06.2024
- 0
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги үстүбүздөгү жылы 65 мектепти курууну пландап жатат. Бул тууралуу агенттиктин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 105 мектеп курулуп, ишке берилсе, 40 мектептин курулушу келерки жылга калган эле.
— Быйыл 65 мектептин курулушун аяктоо пландалууда. Ошондой эле 30га жакын мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Быйыл өлкө боюнча 430 объектиге каржылоо ачылды, ага мектеп, бала бакча, таза суу, спорт жана маданият объектилеринин курулушу кирет, — деп билдирди Иманакун уулу Жогорку Кеңеште билдирген маалыматында.
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Мамлекеттик мектептердин курулушун тартипке келтирүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун жактырды.
Депутат Эльдар Абакировдун айтымында 2010-жылы Кыргызстандагы 1997 мектепте 1 млн окуучу билим алган. Азыр кошумча 350 мектеп курулуп, окуучулардын саны 57% өскөн. Ал өз сөзүндө мектептер кызыл, сары жана ак түстүү болуп үч зонага бөлүнгөнүн, кызыл зонага окуучулардын саны нормадан 2,5 эсе жогору мектептер кирерин белгиледи. Мындай абал айрыкча борбор шаарларда катталган. Алсак, Бишкек, Ош сыяктуу калк жыш жайгашкан шаарлардагы кээ бир мектептерде балдардын саны нормадан алты эсе ашык.
— 2025-жылы мектепти так ошондой балдардын саны ашыкча көп жана үч нөөмөттө окуган кызыл зоналарга куруу керек. Андай мектептердин жүктөмүн жеңилдетип, кошумча корпустарды же жакын жерге жаңы мектеп куруу керек, — деди депутат Э.Абакиров.
Кошумчалай кетсек, учурда 600 мектепте балдар үч нөөмөттө окуйт.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер