УЛУУ УСТАТТЫН ӨЧПӨС ИЗИ

  • 19.11.2024
  • 0

2024-жылдын 18-ноябрында Ж.Баласагын атындагы КУУнун башкы имаратында И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун ФжСЭББ кафедрасы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына, И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун 15 жылдыгына жана “Мугалим” журналынын 10 жылдыгына арналган  “Студенттен ректорлук кызматка чейин: Педагогика илимдеринин доктору, профессор И.Ч. Исамидиновдун педагогикалык мурасы” аттуу студенттик илимий-практикалык конференция өткөрдү.

УЛУУ УСТАТТЫН ӨЧПӨС ИЗИ

Конференциянын максаты — илимдин жана билимдин улуу устаты, педагогика илимдеринин доктору, профессор Искендер Чоңмурунович Исамидиновдун педагогикалык мурасын изилдөө, аны таанытуу жана жаш муундарга өрнөк болгон инсандык сапаттарын даңазалоо.

Институттун негиздөөчүсү Искендер Исамидиновду студенттерге таанытууга багытталган илимий иш-чаралардын циклы алгач педагогикалык колледжден башталып, тандалган мыкты баяндамалар  конференцияда окулду.

УЛУУ УСТАТТЫН ӨЧПӨС ИЗИ

Жыйындын ачылышында Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору, г.и.д., профессор Догдурбек Чонтоев Искендер Исамидиновдун жетекчилик жана устаттык сапаттары тууралуу баяндама жасап, анын Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү ролун баса белгиледи.

Иш-чараны И.Ч. Исамидинов атындагы ПКМДИнин директору, п.и.д., профессор Рахат Сулайманова алып баруу менен институттун тарыхы, ишмердүүлүгү, иш-чаранын  мааниси жана максаттары тууралуу ой бөлүштү. Ал эми Кыргыз улуттук “Манас” театрынын төкмө акыны Мухаммед Султанов Искендер агайдын өрнөктүү өмүрү, жасаган эмгеги тууралуу, университеттин азыркы жетекчиси Докдурбек Чонтоевдин ишине да ийгиликтерди каалап ырдады.

УЛУУ УСТАТТЫН ӨЧПӨС ИЗИ

— Конференциянын жүрүшүндө студенттер Искендер Исамидиновдун илимий ишмердүүлүгү, педагогикалык философиясы, эл аралык ишмердүүлүгү жана инсандык сапаттары тууралуу төмөнкү баяндамаларды жасашты:  “И.Ч. Исамидиновдун илимий изилдөөлөрү жана алардын кыргыз педагогика илиминен алган орду” Сакышева Сезимай — 4-курс, Фок(б)-1-21  (филол.и.к., доц. Г.К. Исмаилова); “Студенттик  жашоодон ректорлук кызматка чейин  өткөн жол жана ал этаптагы маанилүү тажрыйбалар” Талгарбекова Анара — 2-курс, ФОк(б)-1-23  (п.и.к., доц.             К.К. Сураналиева, окут. С.Т. Эсеналиева); “И.Ч. Исамидиновдун нарктуулугу жана жөнөкөйлүгү” Абакирова Элнура — 3-курс, ФОк(1)-1-22  (окут. Кубатбек кызы М.); “И.Ч. Исамидиновдун эл аралык ишмердүүлүгү”  Нашатбекова Мырзайым — 3-курс, ФОк(б)-1-21 (филол.и.к, доц. Б.А. Мурасатов); “Кеп мезгилде эмес, мезгил каарманы боло алганда” Кылычбек кызы Айзат — 3-курс, ПНК-1-22(9) (ага окут. Э.Б. Нааматова); “Let’s keep the teacher’s name forever / Агайдын аты түбөлүк сакталат” Кенешбекова Аделина — 2-курс,   ФОи(б)-1-23 (филол.и.к., доц. А.О. Абдимомунова ); “Тоолордон башталган кадам” Абдыкалык кызы Марина — 2-курс, СП-1-23(9) (окут. С.Р. Асыранбекова), — дейт окуу жайдын илимий иштер боюнча орун басары Айсулуу Эгамбердиева.

УЛУУ УСТАТТЫН ӨЧПӨС ИЗИ

Андан соң п.и.к., доцент Сууракан Конгайтиева жана студенттер Искендер агайга арналган автордук ырларын окушту. Бул чыгармалар иш-чарага эмоционалдык жана руханий көрк кошуп, катышуучулардын жүрөгүн толкутту. Алсак, “Устат жана илимпоз” С.А. Конгайтиева — мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын доценти,  п.и.к.,  “Искендер ата” Олжоева Жаңыл — 1-курс, ЛО-1-24, “Агайга” Шаршенбек уулу Кымбатбек — 4-курс, ФОк-1-21, “Искендер Исамидиновго арналат” Сакышева Сезимай — 4-курс, Фок(б)-1-21,  “Мекен уулу” Талгарбекова Анара — 2-курс, ФОк(б)-1-23.

И.Ч. Исамидиновдун илимий кеңешчиси, Ж.Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, п.и.д., профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Назаркул Ишекеев Искендер агайдын билим берүүдө жана муундарды тарбиялоодогу орду тууралуу эскерди. Ошогдой эле ФжСЭББ кафедрасынын башчысы, фил.и.к., доцент Зейнеп Кудайбергенова өз сөзүндө профессор Искендер Исамидиновдун институтту жетектеген учурундагы жетекчилик көрөгөчтүгүн жана билим берүү тармагындагы өрнөктүү эмгегин өзгөчө баса белгилеп өттү. Ал Искендер агайдын эмгеги институттун өнүгүшүнө гана эмес, жалпы педагогикалык коомчулуктун калыптануусуна олуттуу таасирин тийгизгенин терең ыраазычылык менен эскерди.

Албетте, иш-чарага келген агайдын жакындары – жубайы Бактыгүл эже жана уулу Нурлан – Искендер Чоңмуруновичтин үй-бүлөдөгү жана коомдогу орду, Улуттук университетке кылган астейдил мамилеси тууралуу жылуу эскерүүлөрү менен бөлүшүп, уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиришти.

— Институттун негиздөөчүсү Искендер Исамидиновго арналган иш-чараларды өткөрүүдө өзгөчө жигердүүлүктү көрсөтүп жаткан педагогикалык колледждин жетекчиси Мирбек Шарабидиновдун жана анын жамаатынын ишмердүүлүгү да өзүнчө бөлүп көрсөтүүгө арзыйт. Бул иш филологиялык жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын жамааты тарабынан улантылып, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул иш-чара И.Ч. Исамидиновдун өмүр жолу, ишмердүүлүгү келечек муун үчүн чыныгы үлгү экенин дагы бир жолу далилдеп, жаштарды, болочок мугалимдерди улуу устаттын өрнөктүү өмүрүн, баалуу ишмердүүлүгүн улантууга шыктандырып, мекенчилдик жана педагогикалык идеяларын жайылтты, — дейт Айсулуу Эгамбердиева.

Конференциянын соңунда бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, эстеликке сүрөткө түшүү уюштурулду.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер