УЛУУ МАКСАТ УЛУУ КҮЧТҮ ЖАРАТАТ

  • 31.10.2022
  • 0

Чүй районунун Садовое айылындагы Иса Укуев атындагы орто мектебинде «Ата-энелер мектеби» боюнча республикалык деңгээлде семинар болуп өттү.

Семинарга ата-энелер,  КРнын Билим берүү жана илим министринин Инновация жана жаңы технологияларды жайылтуу боюнча орун басары Жылдызбек Жакшылыков, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы жаштар комитетинин өкүлдөрү, Садовое айылынын айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, Чүй, Сокулук райондорундагы КР эмгек сиңирген новатор- мугалими, Кыргызстанда  «Энелер мектебинин» автору Гапыр Мадаминов агайдын шакирттери, жалпы мектеп жамааты, айыл жаштар комитетинин өкүлдөрү катышты. Тренер-мугалимдер «Тарбиядагы катачылыктар жана анын себептери», «Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук» ,» Ата-энелер, мектеп, окуучунун биримдиги, билим берүүдөгү экосистема «,    «Тарбия дөңгөлөгү», «Тарбия багыттары» деген темаларда сабактарды өтүштү.

Ушул эле ыктыярчы мугалимдер республиканын Чүй, Талас, Ош, Нарын, Ысык-Көл облустарында эки-үч айлап онлайн сабактарды өтүп, коомчулук менен иштеп жатышат.

— Бул иштердин максаты — кыргыз элин билимге, илимге үндөп, ата-энелерге тарбиялоонун багыттарын, методдорун үйрөтүү, педагогикалык, психологиялык жактан жардам берүү, — дейт Диларкан Абасканова.

Билим берүү жана илим министринин  Инновация жана жаңы технологияларды жайылтуу боюнча орун басары Ж.Жакшылыков айтканына караганда, коомду бир максатка тартуу — бул чоң эмгек.

— Улуу максат улуу күчтү жаратат. Эң негизгиси ушул иште чоң акча жок, болсо башкача болмок, а сиздер баатыр экенсиздер. Артыңардан элди тарткыла, дагы да көп ыктыярчы тренер-мугалимдерди чыгаргыла. Мындай семинарларды мүмкүн болсо, ата-энелердин үйлөрүндө уюштурсаңар, бир эле мектеп эмес, башка коомчулукка башкача көз караш болот. Элдин кабыл алуусу башкача болот. Мүмкүнчүлүк  таап Гапыр Мадаминов агайдын мектебине барып келгиле. Ал мектептин энергиясы башка, күчтүү. Агайдын мектебинде канча адам болсо, баары бир максатта иштешет, — деди ал.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер