УЛУУ АКЫН ЖУСУПТУН ЖОЛУ УЛАНУУДА

  • 28.05.2025
  • 0

Көгүлтүр көлүбүздүн түштүк жээгиндеги Ак-Сай айылындагы Жусуп Турусбеков атындагы мектепте 1990-жылы түптөлгөн акындын музейи жаңыртылып, көрүүчүлөргө эшигин ачты. Жусуп акындын туулгандыгынын 115-жылдыгына арналган чакан салтанатка КР Эл акыны Кыялбек Урмамбетов, белгилүү коомдук ишмер, Алыкул таануучу Памир Казыбаев, кино оператор Бахтияр Токтосунов жана Жусуп акындын небере-чөбөрөлөрү, жакын туугандары жана айылдаштары катышты. Келген меймандар адегенде мектептин короосундагы акындын элесин чагылдырган эстеликке гүл коюшуп, эскеришти.

УЛУУ АКЫН ЖУСУПТУН ЖОЛУ УЛАНУУДА

Жоокер акын, драматург, жазма адабияттын баштоочуларынын бири Ж.Турусбековдун музейинин оңдоп-түзөө иштери мектеп менен көп жылдан бери байланышта болуп келген акындын небереси Асель Даниярованын демилгеси менен, ал өзү түзгөн Санжарбек Данияровдун коомдук фонду тарабынан жүргүзүлдү.

УЛУУ АКЫН ЖУСУПТУН ЖОЛУ УЛАНУУДА

Музейге баш бакканда эле тээ алыскы айылдардын бириндеги музейге эмес, борбордогу белгилүү музейге киргендей сезесиң. Себеби анын ички жасалгасы ушунчалык чебер, ашыкча бир дагы элемент жок, жогорку табитте жасалгаланып, сүрөттөрү абдан кылдат иштелип, өз ирээти менен жайгаштырылгандыктан, Жусуп акындын чагылгандай учуп өткөн кыска өмүрүнүн урунттуу учурларын чагылдырып турат. Анда акындын жана анын кесиптештеринин уникалдуу сүрөттөрү, 1930-жылдардагы гезит макалалары, фронттон келген каттардын көчүрмөлөрү, театралдык спектаклдерден алынган сүрөттөр жана акындын үй-бүлөсү тууралуу баяндамалар коюлган. Айрыкча чебер Акылбек Каныбек уулу даярдаган «Ажал ордуна» спектаклинин эки сценалык макети өзгөчө кызыктуу экспонат катары көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду. Музей бөлмөсүндөгү терезе пардаларда акындын небереси Гюзель Айтматова тарткан сүрөттөрү, ошондой эле латын арибиндеги ырлар жыйнагынын көзү тирүү кезинде басылып чыккан ырларынын барактары бар.

УЛУУ АКЫН ЖУСУПТУН ЖОЛУ УЛАНУУДА

Музейди заманбап жаңылап, көрүүчүлөргө тартуулаган Асель Даниярова акындын үй-бүлөсү материалдык байлыкка эмес, руханий байлыкка ээ болууга умтулгандыктан, музейде таятасынын үй буюмдары дээрлик жок экендигин айтты.

— Музей биринчи жолу 1990-жылы акын Жусуп Турусбековдун 80 жылдыгына карата ачылган. Музейди түзүүнүн демилгечиси ушул мектептин мугалими Токтомамбетова болгон экен. Анын өтүнүчү боюнча экспозицияларды, сүрөттөрдү анын кызы, белгилүү кинорежиссер Лиля Турусбекова чогултуп берген. Тилекке каршы, алар колдонгон үй буюмдары, эмеректери сакталып калбаптыр. Жусуптун жубайы, менин таянем Гүлсүн Байтиктин чөбөрөсү болгону маалым. Апам Лиля өзүнүн эскерүүсүндө алардын үйүндөгү болгон эмеректерин муктаждарга таратып беришкенин айтып калар эле. Ошол эле учурда үйүнө Саякбай манасчы, Шапак Рысмендиев, Касым Тыныстанов, Жоомарт, Мукай акындар байма-бай келип, кызыктуу кечелерди өткөргөндөрүн көп айтып берчү экен, — дейт.

 

УЛУУ АКЫН ЖУСУПТУН ЖОЛУ УЛАНУУДА

Асель Санжарбековна өз сөзүндө токсонунчу жылдардагы оор мезгилде мектепте илинип турган Жусуптун чоң портрети жана башка баалуу сүрөттөр жок болуп кеткенин өкүнүү менен белгиледи. Убакыттын өтүшү менен экспозицияларды жаңы өңүттөн оңдоп, жаңылоо керектигин жакшы түшүнгөн небереси мектеп жетекчилиги менен бирге кеңешип, заманбап өң-түз берүүгө киришкен. Келген меймандар бул музей башка мектептерге үлгү болууга толук татыктуу жана баа жеткис байлык экендигин, башка аймактардагы мектеп окуучуларын да экскурсияга алып келип таанышытырып туруу керектигин айтышты.

УЛУУ АКЫН ЖУСУПТУН ЖОЛУ УЛАНУУДА

Жусуп Турусбеков (1910-1944) Улуу Ата Мекендик согуштун фронтунда жаш кезинде курман болгон белгилүү акын жана драматург. Ал 1916-жылдагы окуяларга арналган атактуу «Ажал ордуна» драмасынын автору болгон, анын биринчи варианты Абдылас Малдыбаевдин музыкасы менен 1934-жылы коюлган, кийинчерээк жаңыланган вариантынын музыкасын А.Малдыбаев, В.Власов жана В.Фере жазган.

Бул музыкалык драма 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун декадасында көрүүчүлөргө тартууланып, көрүүчүлөр арасында чоң ийгиликке жетишкен.

Ж.Турусбеков “Семетей” эпосунун негизинде көп жылдар бою сахнада коюлган “Айчүрөк” операсынын либреттосунун авторлоштору болгону да белгилүү.

Акын жараткан “Эсимде” аттуу белгилүү ырды азыр кимдер гана билбейт жана кимдер гана ырдабайт дейсиз. Атай Огонбаевдин бул кереметтүү обонун атактуу ырчы Муса Баетовдун аткаруусунда угуп келебиз.

Эске сала кетсек, Ак-Сай айылындагы бул мектепти белгилүү коомдук ишмер, эки жолку Социалисттик эмгектин баатыры, өз учурунда Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун председатели, СССР Жогорку Советинин, Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон, үч жолу Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган Таштанбек Акматов өз демилгеси менен курдуруп, ага Ж.Турусбековдун ысымы ыйгарылган.

УЛУУ АКЫН ЖУСУПТУН ЖОЛУ УЛАНУУДА

Мектеп жамааты жана Санжарбек Данияровдун коомдук фонду мектептеги чакан музей өсүп келе жаткан муундарга, жердештерге, жалпы эле Кыргызстан элине жана конокторуна көрүнүктүү акын-драматург, мекенди коргогон баатырдын элесин өчүрүүгө жол бербейт деп ишенет.

Эсте каларлык жолугушуунун соңунда мектептин окуучуларынын аткаруусундагы “Ажал ордуна” драмасы көрүүчүлөрдүн көзүнөн жаш айлантты. Андан соң улуу акындын атактуу “Эсимдеси” жаңырды.

УЛУУ АКЫН ЖУСУПТУН ЖОЛУ УЛАНУУДА

Жердеши, тууганы Эдик Муканбетов акын агасына арнаган ырында аз, бирок саз жашап өткөн акындын өмүрүн алаканга салгандай баяндап эле бербестен, кийинки урпактарынын уучу кур эмес экендигин тастыктап үмүттүн шооласын чачкандай сезим калтырды. Демек, Жусуп акындын жолу уланганы ушул да!

Акын Жусупка арноо

Туруксуз кайгы-муңга чөгүп күн-түн,
Турмуштун ысык-суугун көрүп түркүн.
Ойлосом, аксакалдай сезилчү элең,
Отуз үч жашың да эле өлүптүрсүң.

Төрт сапка чагылдырган айланасын.
Төрүнө адабияттын, байлап атын.
Алыкул, Жоомарттардын катарын да,
Аз жашап, саз жазыпсың кайран акын.

Баш багып поэзияга жаш чагыңда,
Прозанын канат кагып асманында.
«Ажалдын ордуна» деп драма жазып,
Ажарын арттырыпсың сахнанын да.

Саптар бар ак баракка кепиндегис.
Салттуу ыр тыңшап жүргөн кечинде биз.
Эшигин тыкылдатып тирүүлүктүн,
Эфирден дайым чыгат «Эсимдеңиз».

Түбөлүк сизге деген зыйнатым бар,
Текчеде өзүң жазган жыйнак ырлар.
Акындар таазим кылат талантыңа,
Арадан өтсө дагы кыйла жылдар.

Эргүүнүн бараткан да куту кача,
Эки сап ырыңды окуйм учураша.
Мурастап аздектейбиз китебиңди,
Музейиң куттуу болсун Жусуп ата!

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бишкек-Ак-Сай-Бишкек.

Бөлүшүү

Комментарийлер