УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНДА Ч.АЙТМАТОВДУН БЮСТУ КОЮЛДУ

  • 13.12.2017
  • 0

12-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында  дүйнөлүк масштабдагы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата маданий иш-чара өткөрүлдү. КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган жыйында жазуучунун бюстунун ачылышы болуп, чыгармаларындагы каармандарынын жана китептеринин көргөзмөсү уюштурулду.

УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНДА Ч.АЙТМАТОВДУН БЮСТУ КОЮЛДУ

Иш-чарага окумуштуулар, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, айтматов таануучулар, чет өлкөлөрдөн келген окумуштуулар жана  ЖОЖдордун окутуучулары катышты.

КР Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Ч.Айтматовдун ар бир чыгармасында “жаратылышты кор кылбай сактап калалы” деген идея кездешээрин белгилеп: “2018-жылы мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги ири иш-чаралар уюштурулганы жатат. Түрк тилдүү элдердин “Түрксой” маданий уюму Казакстанда өткөн жыйынында келерки жылды “Чыңгыз Айтматов жылы” деп белгилөө чечимин кабыл алды. Ошондой эле аталган уюмга мүчө өлкөлөр маданий иш-чараларды өткөрүү, спектакль коюу, шаар көчөлөрүнө жазуучунун атын берүү сыяктуу иштерди жасоону пландашууда”, — деди.

УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНДА Ч.АЙТМАТОВДУН БЮСТУ КОЮЛДУ

Ал эми Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев жазуучу жөнүндө: “Айтматов – бул океан. Анын чыгармачылыгы жөнүндө көп айтылып келет, бирок, айтыла элеги мындан көп. Чыгармаларынын өзгөчөлүгү болсо адам баласынын түбөлүктүүлүгү жөнүндөгү суроолорго жооп издеп, мурун эле жооп берип койгондугунда”, — деген оюн билдирди.

Ошондой эле А.Акматалиев аталган иш-чараны институт демөөрчүсүз өзү уюштурганын, көргөзмөдөгү Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын жана жаныбарлардын айкелдерин скульптор Ильмир Ешмухамедов 3-4 айдай убакытта жасаганын кошумчалай кетти.

Кытайдагы Харбин университетинин проректору, профессор Ли Шё кытай заманбап адабиятынын кайра жаралуусуна батыш адабиятынын таасири чоң экендигин белгилеп: «Өз таасирин тийгизген дүйнөлүк жазуучулардын катарында Ч.Айтматовдун салмактуу орду бар. Уильям Фолкнер, Габриэль Гарсия Маркес сыяктуу белгилүү жазуучулардын чыгармалары менен салыштыра келгенде Ч.Айтматов карапайым адамдардын жашоосундагы кооздукту, мээримди өтө таасирдүү жана ачык-айкын бере алгандыгы менен өзгөчөлөнөт», — деди.

Маданий иш-чара кыргыз искусствосунун өнөр адамдарынын ыры, монологу жана ыр окуулары менен коштолду. Бул тууралуу академиянын басма сөз кызматы билдирди.

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер