УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮ МОДЕЛИНИН ӨНҮГҮҮСҮНҮН ЖАҢЫ БАГЫТЫ
- 16.04.2025
- 0
15-апрелде И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «12 жылдык жалпы орто билим берүү системасы: Педагогикалык кадрларды даярдоодо жана реформаларды ишке ашырууда орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын ролу» деген темада тегерек стол болуп өттү.
Иш-чарага билим берүү тармагындагы улуттук жана эл аралык эксперттер, Кыргызстандагы педагогикалык жогорку окуу жайлардын жана колледждердин жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилиги катышты.
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ачып, өлкөнүн 12 жылдык орто билим берүү системасына өтүшү шартында педагогикалык билим берүүнүн маанисине токтолду: Бүгүнкү күндө тийиштүү нормативдик документтер, Концепция кабыл алынып, 46 аталыштагы окуу китептери иштелип чыгууда. Мамлекеттик стандарт бекитилип, предметтик стандарттар иштелүүдө.
Бирок эң кыйын маселе — билим берүү системасына мыкты мугалимдерди тартуу. Туура баалоо жана сапаттуу ишке мотивация жаратуу маанилүү. 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө эң негизгиси – мугалимдерди ким, эмне үчүн жана кантип даярдай турганы. Педагогикалык стандарттар кантип өзгөрөт? — мына ушул суроолор башкы маселе болуп турат. Ошондуктан сиздерден сунуштарды жана активдүү катышууну күтөбүз. Эми сандык көрсөткүчтөрдөн сапатка өтө турган убакыт келди».
Иш-чаранын алкагында төмөнкү баяндамалар жасалды:
Кыргыз Республикасынын ББИМнин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилованын — Кыргызстандагы педагогикалык билим берүүнүн учурдагы абалы тууралуу баяндамасы;
И. Арабаев атындагы КМУнун билим берүү программаларынын сапатын аккредитациялоо, лицензиялоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзада Дүйшөбаеванын — билим берүүнү трансформациялоонун «Жол картасы» тууралуу баяндамасы;
Эл аралык эксперт д-р Паулюс Лукас Тамошюнастың — Литвадагы STEAM-билим берүү экосистемасында жогорку окуу жайлардын ролу тууралуу баяндамасы;
ОшМУнун ректору Кудайберди Гапаралиевич Кожобековдун — 12 жылдык билим берүү шартында педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча баяндамасы.
Белгилүү болгондой, кесиптик билим берүү окуу жайлары жана педагогикалык багыттагы ЖОЖдор — адам капиталын, экономикалык өсүштүн, социалдык жыргалчылыктын жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бирин калыптандырууда негизги ролду ойношот.
Бул контекстте 12 жылдык билим берүүгө өтүү — мектептерге гана эмес, педагогикалык кадрларды даярдоо тутумунун бүтүндөй түзүмүнө жаңы талаптарды жүктөйт.
Өткөрүлгөн тегерек стол мамлекеттик органдар, академиялык коомчулук жана билим берүү практикасы ортосундагы ачык диалог үчүн маанилүү аянтча болду.
Комментарийлер