УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫ ДАҢАЗАЛАГАН МАЗМУНДУУ СЕМИНАР
- 27.04.2026
- 0
Москва районуна караштуу Беловодский айылындагы “Колокольчик” мектепке чейинки билим берүү уюмунда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Жарлыгынын алкагында “Бала бакчада кол өнөрчүлүк салтын өнүктүрүү” аталышындагы райондук семинар болуп өттү.
Ага Москва райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айгүл Султаналиева катышып, семинар жогорку деңгээлде уюштурулуп, мазмундуу жана таасирдүү болгонун баса белгилеп өттү.

Семинардын негизги максаты – улуттук баалуулуктарды даңазалоо, ата-бабалардан калган бай мурастарды жаш муунга жеткирүү жана алардын кызыгуусун арттыруу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө кол өнөрчүлүктүн ар кыл багыттарын камтыган көргөзмө уюштурулуп, ар бир буюм кыргыз элинин терең тарыхын, бай маданиятын жана чеберчилигин чагылдырды.
Маданий программа өзгөчө көркөм номерлер менен коштолду. Балдардын аткаруусунда Манас эпосунан үзүндүлөр жаңырып, көрүүчүлөргө улуттук дух тартууланды. Ошондой эле бала бакчанын ишмердүүлүгүн чагылдырган слайд-шоу көрсөтүлүп, улуттук аспаптар оркестринин күүлөрү иш-чарага өзгөчө шаң берди.

Мындан тышкары, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасынан сахналаштырылган үзүндү көрүүчүлөргө сунушталып, жакшы таасир калтырды.
Семинардын алкагында өткөрүлгөн мастер-класстар да өзгөчө кызыгууну жаратты. Катышуучулар чоподон идиш жасоо, токуучулук, кийиз иштетүү жана табигый материалдарга сүрөт тартуу боюнча тажрыйба алмашып, кол өнөрчүлүктүн сырларына жакындан күбө болушту.
Жыйынтыгында бул иш-чара улуттук мурастарды сактоо, өнүктүрүү жана кийинки муунга жеткирүүдө маанилүү кадам болуп, катышуучулар үчүн пайдалуу жана унутулгус тажрыйба тартуулады.













Комментарийлер