УЛАН МАМАТКАНОВ: «БАЛА ЫРЫСЫ» ЖӨЛӨКПУЛУН АР БИР БАЛА БЮРОКРАТИЯЛЫК ТОСКООЛДУКТАРСЫЗ АЛЫШЫ КЕРЕК”

  • 18.08.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун жетекчилиги астында «Бала ырысы» жөлөкпулун төлөө маселесине арналган жыйын өттү. Анда мамлекеттик долбоорду ишке ашыруунун алгачкы жыйынтыктары каралып, жарандарды тейлөөдөгү актуалдуу маселелер талкууланды. УЛАН МАМАТКАНОВ: "БАЛА ЫРЫСЫ" ЖӨЛӨКПУЛУН АР БИР БАЛА БЮРОКРАТИЯЛЫК ТОСКООЛДУКТАРСЫЗ АЛЫШЫ КЕРЕК”Расмий маалыматтарга таянсак, үстүбүздөгү жылдын 1-августуна карата аталган жөлөкпулду алуу үчүн жалпысынан 193 миңден ашуун арыз катталган. Анын ичинен 191 миңден ашуун балага жөлөкпул чегерилип, төлөмдөр үчүн мамлекеттик бюджеттен жалпы 235,8 миллион сом каражат жумшалган.

Жыйындын жүрүшүндө Улан Маматканов жөлөкпулду берүү жараяны эң жөнөкөй, даректүү жана ачык-айкын болушу керектигин баса белгиледи. «Мамлекеттин колдоосуна укугу бар ар бир бала аны бюрократиялык тоскоолдуктарсыз жана негизсиз кечиктирбестен өз убагында алышы керек», — деди ал.УЛАН МАМАТКАНОВ: "БАЛА ЫРЫСЫ" ЖӨЛӨКПУЛУН АР БИР БАЛА БЮРОКРАТИЯЛЫК ТОСКООЛДУКТАРСЫЗ АЛЫШЫ КЕРЕК”Кеңешменин жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары тиешелүү мамлекеттик органдарга аныкталган кемчиликтерди тез арада чечүү тапшырмасын берди. Ошондой эле, маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча зарыл иштерди токтоосуз аяктоо жана коюлган милдеттердин аткарылышы тууралуу үзгүлтүксүз маалымат берип туруу талабы коюлду.

Эскерте кетсек, «Бала ырысы» — бул бала төрөлгөндөн баштап 3 жашка чыкканга чейин ай сайын төлөнүүчү мамлекеттик жөлөкпул. Бул төлөм үй-бүлөнүн кирешесине, ата-энесинин жумуш менен камсыз болушуна же башка социалдык-экономикалык абалына карабастан дайындалат. Учурда жөлөкпулдун айлык өлчөмү 1200 сомду түзөт.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер