УЧУРДАГЫ КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН ДУЛДУЛДАРЫ

  • 16.06.2025
  • 0

Эсенбек МАМБЕТАКУНОВ,

педагогика илимдеринин доктору,

профессор, КР УИАнын  корреспондент-

мүчѳсү

Кыргыз элинин «Күлүк күнүндө, тулпар тушунда» деген учкул сөзү бар. Чынында эле адамзат тарыхынын ар кандай учурларында ошол доордун даанышмандары, баатырлары, саяпкерлери, сынчылары, болуп, алардын өмүр  жолу эл оозунда айтылып кала берет тура. Мисалы, Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Жээренче чечен, Асан кайгы, Акыл Карачач ж.б. Андан кийин эл оозунан түшпөй келген Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Токтогул, Тоголок Молдо ж.б. Манасчылар Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Ыбырай Абдрахманов ж.б. Булар кыргыз элинин маданиятын, искусство менен көркөм өнөрүн, таалим-тарбия ишинин мазмунун түзүүчүлөр жана аларды эл ичине таратып, башкаларды үйрөтүүчүлөр, тарбиялоочулар, элдик педагогиканын жаратмандары  болушкан.

         Кийинки илимий педагогиканы изилдөөчүлөрдүн карлыгачтары катары Б. Кулдашев, А. Измайлов, М. Балтабаев, К. Иманалиев, И. Бекбоев, Л. Шейман, А. Сейпешев жана башкалар чыгышты. Азыркы күнү Кыргыз Республикасында  91  педагогика илимдеринин доктору, жүздөгөн илимдин кандидаттары бар. Ошолордун ичинен ой жүгүртүүсүнүн фундаменталдуулугу, чыгармачылык активдүүлүгү, замандын агымынан артта калбай, анын талаптарын аткарууга белсенип киришкендиги, агартуучулар арасында үгүт-насыят иштерин талыкпай жүргүзүп келишкендиги менен айырмаланган төрт окумуштуу-инсандар жөнүндө кеп козгогум келди.

Алар:  педагогика илимдеринин докторлору, профессорлор, менин кадырлуу кесиптештерим А.Алимбеков, А.Муратов, С.Рысбаев, Ж. Чыманов. Булардын ар бирине тиешелүү болгон өзгөчө инсандык касиетттер жана билгиликтүүлүктөр бар. Ал эми билгиликтүүлүк — бул кишичилик, адамкерчилик касиеттердин жетилген деңгээли. Ал, биздин оюбузча, эл билги, жер билги, сыр билги, сөз билги, жөн билги, иш билги, кол билги, сын билги, баа билги деген элементтерден турган система болуп эсептелет. Демек, жогоруда белгилеген төрт билгиликтүү окумуштуу-илимпоздор ушул элементтерди толук өздөштүрүшүп, өздөрүнүн кесиптик чыгармачылыгында натыйжалуу ишке ашырууга өзгөчө жөндөмдөрүн көрсөтүп келишет.

Улуу илимпоз Д. И. Менделеевдин илим изилдөөчүлөр жөнүндө мындай айтканы бар: «Илим изилдөөчүлөрдүн эки түрү бар. Биринчиси, тажрыйбага таянгандар. Алар жер үстүндө кубулуштан кубулушка өтүп, фактыларды чогултушат. Жолу туура болуп, аз жаңылышат. Бергендери аз, бирок саз болот. Экинчи акылдуулар-жерде жүрүп, андан асманга көтөрүлүшөт. Жердеги окуяларды бийиктен көрүшөт. Бирок фантазияга берилип кетип, чындыктан ажырап калган учурлар болот. Туура жол мындай болушу мүмкүн: жер үстүнөн көтөрүлүп, кыял менен бийиктикке жетип, адашып кетпес үчүн ошол замат жерге түшүү, акыл токтотуп кайрадан бийик көтөрүлүшү, асман менен жердин ширелишкен жеринен чындыкты издеп табуу. Чындыкка жетүүнүн башка жолдору натыйжасыз».

          Д.И.Менделеевдин окумуштуу илимпоздор жөнүндөгү мындай мүнөздөмөсү ушул мен атаган инсандарга туура келет. Алар тил илими, адабият, элдик педагогика, окутуунун теориясы менен методикасы боюнча бийиктик менен тереңдиктин ортосунда чабыттап жүрүшөт. Окумуштуулук изденүүчүлөрдүн натыйжасында ар бир тармак боюнча белгилүү ийгиликтерди жаратышты.

          Кыргыз илимий педагогикасынын айдыңында 1950-жылдан баштап этнопедагогика боюнча кандидаттык диссертациялар даярдалып (Койчуманов Ж. И., Имаева Н. И., Ормонов Т. А., Бешимов Ж. Б. Саипбаев С. М., Кыдыралиев К.К. ж.б.) корголгон. Бирок өзүнчө илимий багыт катары Кыргыз билим берүү институтунда этнопедагогика бөлүмү ачылгандан баштап күчүнө кирди. Анын башында ошол кездеги жаш окумуштуулар А. Алимбеков, С. Иптаровдор турушкан. Илимдин ушул багыты А. Алимбеков тарабынан кандидаттык (1990-ж.), докторлук диссертациялар (2010-ж.) корголгондон кийин өзүнүн өнүгүү этабын баштады. Ошондуктан азыркы учурда А. Алимбековдун ысмы «Кыргыз элдик педагогикасы», «Кыргыз этнопедагогикасы» терминдери менен коштолуп айтылып жүрөт. Эмесе сөзүм кур болбос үчүн  ар бирине токтоло кетейин.

 

 

УЧУРДАГЫ КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН ДУЛДУЛДАРЫАКМАТАЛЫ АЛИМБЕКОВ        

Профессор А. Алимбековдун чыгармачылыгын шарттуу түрдө бир нече топко бөлүп караса болот. Алар төмөндөгүдөй:

  1. Кыргыз этнопедагогикасын изилдөө, ишке киргизүү багытындагы иштер. «Кыргыз этнопедагогикасы» (1996-ж.) аттуу эмгегинде илимдин бул тармагынын предмети, максат, милдеттери, кубулуштары, баалуулуктары менен тажрыйбалары чечмеленип, кийинки изилдөөлөргө жол ачылган. «Ал эми кыргыз элинин билим берүү салттары» (2201-ж.) эмгеги этнодидактика тармагындагы эң алгачкы изилдөө болуп эсептелет. Соңку жылдардагы «Кыргыз педагогикасындагы дене тарбиясы» (2014-ж.), «Кыргыз педагогикасындагы адеп тарбиясы» (2017-ж.)», «Кыргыз эл педагогикасындагы эстетикалык тарбиясы» (2023-ж.) аттуу эмгектери кыргыз элин улут, мамлекет катары сактап келген педагогикалык акыл ойлору менен тажрыйбаларын түгөл камтып турат.
  2. Мугалимдерди этнопедагогикалык жактан даярдоо багытындагы иштер. Ушул проблема боюнча «Теория и практика этнопедагогической подготовки учителя в системе высшего педагогического образования» аттуу тема боюнча докторлук диссертациясын 2010-жылы биринчи болуп коргогон. Анда иштелип чыккан жоболор жана педагогикалык көрсөтмөлөр жаш изилдөөчүлөр үчүн теориялык база, башкы багыт катары кабылданып калды. Буга түрдүү эмгектердеги иштелмелер күбө.

          Мугалимдерди этнопедагогикалык жактан даярдоонун концепциясын иштеп чыгып, анын негизинде «Кыргыз эл педагогикасы» дисциплинасынын мазмунун, ошондой эле маалыматтык-технологиялык жактан камсыздоочу ондон ашуун окуу куралдарын, окуу-методикалык көрсөтмөлөрүн түзгөн.

  1. Кыргыз педагогикасынын терминологиялык базасын тактоо боюнча аткарылган иштер. Бул багытта профессор А. Алимбеков Кыргызстандын соңку тарыхында педагогика илиминин лексикографиясын түзүү боюнча демилгечил топтун башында туруп, реалдуу эмгек өтөп келет. Натыйжада, «Таалим-тарбия терминдеринин чечмелеме сөздүгү» (2002-ж.) аттуу 500 беттен турган төрт тилдеги эмгек даярдалган. Мындан тышкары, «Кыргыз педагогикасы» (2004-ж.), «Инновациялык педагогикалык терминдер жана түшүнүктөр» (2012-ж.) сөздүктөрүнүн негизги авторлорунун бири.
  2. Окутуу маселелерине арналган иштер. Профессор А. Алимбеков 30 жылдан ашык жогорку окуу жайында педагогика курсун окутуп, мамлекеттик тилде окуу китептерин даярдаган. «Педагогиканын айрым маселелери: “Лекциялар курсу» (1998-ж.), «Мугалимдик кесипке киришүү» (2002-ж.), «Окутуунун жалпы методдору» (2002-ж.), «Азыркы сабакты даярдап өткөрүүнүн технологиялары» (2011,2018-ж.), «Орто мектептерде окутуунун методдору» (2019-ж.) «Кыргыз эл педагогикасындагы эстетикалык тарбия» (2023-ж.) сыяктуу эмгектери жогорку педагогикалык окуу жайлардын окутуучуларынын негизги окуу куралы катары колдонулуп жүрөт. Анда теориялык материалдар менен катар окутуу процессинин практикалык маселелери кеңири берилген.
  3. А.Алимбековдун илимий ишмердүүлүгү түрк дүйнөсүнүн контексинде. Анын бул багыттагы ишмердүүлүгүн эки ченемде мүнөздөгө болот. 1) Туркия республикасынын илимий коомчулугун этнопедагогика илими жана кыргыз эл педагогикасынын баалуулуктары менен тааныштыруу.

             2) Туркиялык жана башка түрк элдеринин тарыхый мурастарын изилдөө. Көп жылдык изилдөө ишинин  натыйжасында төмөнкүдөй баалуу эмгектерди жараткан: «Түрк дүйнөсүнүн ойчулдарынын мурастарындагы педагогикалык идеялар» (2017-ж.), «Желалиддин Руми Мевлананын таалим-тарбия тууралуу көз караштары (2018-ж.), Махмуд Кашгаринин «Түрк сөздөр жыйнагындагы» педагогикалык балуулуктар (2024-ж.) ж.б.

            Бүгүнкү күндө А. Алимбековдун жетекчилиги менен эки докторлук (РhD), 15 кандидаттык, 32 магистрдик диссертация корголгон. Таалим-тарбия иши боюнча өтө кеңири уюштуруучулук ишке да активдүү катышып келет.

 

 

УЧУРДАГЫ КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН ДУЛДУЛДАРЫАБДЫКЕРИМ МУРАТОВ        

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Муратов Абдыкерим да азыркы учурдагы таланттуу илимпоз-педагог, жазуучу катары элибиздин сый-урматына ээ болгон инсандардын бири. Ал Ош педагогикалык институтунда окуп, андан кийин мектепте мугалимдик кесипти аркалап жүргөндө эле балдардын жашоосун чагылдырган макалаларды, балдар адабияты боюнча объективдүү пикирлерди үзбөй жазып турган. Кийин 1985-жылы профессор С.Байгазиевдин багыттоосу  менен Кыргыз педагогика илим -изилдөө институтуна келип чыгармачылык ишке баш оту менен кирди. Институттун жамааты менен бирге республиканын 400 дөн ашык мектебинде болуп 900 дөй сабактарга катышып, алардын оош-кыйышы, мугалимдердин жетишкендиктери боюнча ондогон макалаларды жазган. «Чыңгыз Айтматовдун  «Кылым карытар бир күн» романын үйрөнүүнүн айрым маселелери»  (1988-ж.), «V-VIII класстарда адабият теориясын окутуу» (1990-ж.), «Көркөм текстти жана адабият теориясын үйрөнүү» (1992-ж.) аттуу китептерди жазып, басмадан чыгарган. Акыркы китептин аты айтып тургандай, А. Муратов адабияттын теориясы менен практикасын окутуу менен, ошол эле учурда турмуштагы болуп өткөн окуяларды көркөм текстке айландыруунун сырларын ачууга белсенип киришкен. Натыйжада,  ал коюлган эки маселенин тең өтөсүнө чыгууга жетишти. Алар төмөнкүчө:

1) 2001-жылы жактаган «Адабий-теориялык түшүнүктөрдү калыптандыруунун илимий-методикалык негиздери» темасындагы кандидаттык диссертациясы. Байкаган адамга бул изилдөө ишинде автор эки маселени бири-бирине айкалыштырып чечкен: биринчиси, адабияттык теориялык түшүнүктөрүнүн калыптанышы. Экинчиси – окуучулардын аң-сезиминде адабий түшүнүктөрдүн калыптанышы. Теманын илимий-методикалык деп аталышы — ушулар менен аныкталат.

2) Андан соң 2010-жылы «Көркөм адабий тексттердеги элдик педагогикалык ойлор жана аларды окутуу процессинде интерпретациялоонун илимий-методикалык негиздери» (Ч. Айтматовдун чыгармаларынын мисалында»)  деген темада докторлук диссертациясын коргогон. Мында, менин оюмча, бири-бирине ширелишкен бир нече адабий-педагогикалык проблемалар чечилген. Алсак, Ч. Айтматовдун чыгармалары, көркөм адабий текст, андагы элдик педагогикалык ойлордун чагылдырылышы, алардын баарын окутуу процессинде интерпретациялоо. Ушул аталгандардын баарынын илимий-методикалык негизин иштеп чыгуу.

Бул өтө татаал проблема. Бирок алдына койгон илимий маселени өтө дыкаттык менен изилдеп, адабияттын теориясы, этнопедагогика, дидактика багытында чиеленишкен суроолорду чечүүнүн натыйжалуу жолдорун таап чыккан. Ошондуктан диссертациянын жыйынтыктары илимий чөйрөдө колдоого алынып, окуу-тарбия процессинде колдонууга бир добуштан сунушталган.

А. Муратовдун 2006-жылдан берки эмгектери аталган адабий-дидактиканын теориялык жоболорун ишке ашыруунун ар кандай аспектилерине арналып, мугалимдерге, окуучуларга, ата-энелерге баалуу көрсөтмөлөр даярдалып берилген. Мисалы, «Чыңгыз Айтматов-жазуучу-этнопедагог» (2006-ж.), Көркөм чыгарма жана анын ички сырлары» (2008-ж.), «Окуучулардын адабий-теориялык түшүнүктөрүн калыптандыруу» (2009), «Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов (2010-ж.), «Адабиятты  жаңыча окутуу: методдор, каражаттар, иштелмелер» (2010-ж.),  «Дил баян-чыгармачылык изденүүнүн үзүрү» (2011-ж.), «Кыргыз адабиятын окутуу: теориясы жана практикасы» (2013-ж.), «Кыргыз эл педагогикасы: табияты, таралышы жана тарыхы» (2011-ж.), «Кыргыздардын элдик билимдери жана тажрыйбалары» (2021-ж.), «Мугалимдин устаттыгы жана окутуунун жаңы технологиялары» (2021-ж. автолошу-К.Акматов) ж.б. Бул китептерде жогоруда белгиленген маселелердин теориясы, алардын күндөлүк таалим-тарбия ишиндеги колдонулушу өтө чеберчилик менен берилген.

          Педагогдук жана изилдөөчүлүк иши менен катар республикалык газеталарда бөлүм башчы, башкы редактор болуп иштеп, адабият майданында да жигердүү иш аткарып келет. Анын эң сонун аңгемелери жана «Сунулган баш… Суурулган кылыч» (2012-ж.), «Алымбек датканын арманы (2025-ж.) тарыхый романдары окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, конкустарда жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон.

         А.Муратовдун адабий, педагогикалык эмгектеринде болочоктогу адабий-эстетикалык табити жогору, ыйман-ынсаптуу жана эне тил байлыктарын жакшы өздөштүргөн жаштарды тарбиялоого өзгөчө басым жасап келет. Булар улуттук дем менен ар кандай багытта дүйнөлүк бийиктикке жетүүнүн уңгу жолун табууда жаштарга багыт берүүчү маяк болуп бере алат.

 

УЧУРДАГЫ КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН ДУЛДУЛДАРЫСУЛАЙМАН РЫСБАЕВ       

Учурдагы кыргыз педагогика илимине, адабияты менен маданиятына өчпөз из салып келе жаткан билгиликтүү инсандарыбызыдын бири профессор, педагогика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз эл жазуучусу-Рысбаев Сулайман  Казыбай уулу. Айылдык мектептин мугалиминен келип,  Кыргыз билим берүү академиясында иштеген жылдары ал өзүн эне тилибиздин учурдагы талылуу проблемаларын изилдеген белгилүү окумуштуу-илимпоз, окуу китептердин изденгич автору, жаш илимпоз кадрлардын мыкты тарбиячысы жана таланттуу балдар жазуучусу катары тааныта алды. Жалпы коомчулук Сулайман Казыбай уулун «Алиппечи» (“Алиппе” окуу-методикалык комплекси 1998-жылы 1-басылган боюнча, бүгүнкү күнгѳ чейин окулуп келет), дасыккан жомокчу, лирик-акын жана обончу-музыкант катары билишет. Музыкага салынган тексттери адамдын сезимине бекем орноп алып, «мен керек болсом, качан өзү айтар экен» экен деп саргарып күтө беришет. «Жашоонун баркын билели» деп каткырып жыргап жүргөндөр канча?

          Сулаймандын мен терең түшүнүп, баалаганым анын тил-адабият боюнча даярдаган теориялык жана практикалык мазмундагы эмгектери. Бул боюнча Сулаймандын «Калем кармаган колу» (2016-ж.) эмнелерди гана жазбады. Бала бакчанын тарбиялануучулары менен тарбиячыларынан баштап, жогорку окуу жайларынын педагогикалык факультеттеринин студенттери менен окуучуларына араган окуу китептери, методикалык көрсөтмөлөрү, дидактикалык материалдары, көрсөтмө каражаттары, жомок китептери биздин республикада туруктуу окуу комплекстери катары колдонулуп келе жатат. Алардын бир нечеси эл аралык сынактарга коюлуп: Вильнюс (2000-ж.), Өзбекстан (2003-ж.), Москва (2009-ж.), Париж (2019-ж.), Англия (2023-ж.), Түндүк Америка (2023-ж.) жана башка өлкөлөрдө алтын медалдарга жана алдыңкы сыйлыктарга  татыктуу болгон.

           Окумуштуу-педагог катары С.Рысбаев орус, өзбек, тажик мектептеринде, Тажикстан, Ѳзбекстан, Кытай Республикасындагы боордошторубуздун балдарынын эне тили боюнча окуу китептерин, окутуу методикаларын жазып берген. Балдар темасынан сырткары чоңдор темасына да активдүү кайрылып, соңку жылдарда «Апендинин өмүрү», «Бүтпөй калган өмүр», «Тагдырдын мугалими» аттуу повесттерин кеңири окурман чөйрөсүнө сунган. Жалпы алганда 58 көркөм адабий китебин жарыялаган. Мындан сырткары, “Кыргыз балдар адабияты: проблемалар, портреттер жана окутуу маселелери” (2015-ж.) “Окуучунун жазуу жана сүйлѳѳ ишмердиги” (2016-ж.), “Кыргыз балдар фольклорунун педагогикасы” (2017-ж.),  592 беттен турган «Кыргыз элинин педагогикалык ойлорунун антологиясын» (2021-ж.), 780 беттен турган “Кыргыз балдар адабиятынын антологиясын” (2024-ж.) түзүп чыкты. Ал эми кийинки учурда жарыялаган “Сѳз жѳнүндѳ сѳз” (2022-ж.), «Кыргыз тилин үйрөтүү технологиялары (2023-ж.), “Баланын китеп окуусун уюштуруу технологиялары” (2021-ж.), “Деңгээлдик билим берүү технологиялары” (2023-ж.)  китептери заманбап дидактикалык талаптарга жооп берген технологиялык жана практикалык суроолорду камтыган жаңычыл эмгек катары мугалимдердин алкоосуна ээ болуп олтурат. Ошону менен бирге, 250гѳ жакын илимий-методикалык, педагогикалык, адабий-изилдѳѳчүлүк багыттардагы макалалары жарыяланган. Басмадан чыгарган эмгектеринин жалпы көлөмү 575 басма табактан ашат.

          Баамдап караган адамга Сулайман Казыбай уулунун изилдөөлөрү өзүнүн фундаменталдуулугу, педагогикалык максаттынын так коюлгандыгы, ага жетүүгө арналган дидактикалык милдеттердин логикалык жактан байланыштуулугу, ага жетүүнү камсыз кылуучу ыкмаларды колдоно билүү, алынган жыйынтыктардын практикада колдонууга ыңгайлуулугу менен айырмаланып турат. Ошондуктан алар мугалимдер тарабынан жылуу кабыл алынып, иштеген иштеринен рахат алышып, авторго ыраазычылыгын билдирип жүрүшөт.

Мына ушундай адабий-илимий-педагогикалык көп жылдык эмгеги бааланып, Тоголок Молдо, И. Арабаев, Түгөлбай ата  сыйлыктары,  КРнын Ардак грамотасы, “ Маданияттын мыктысы”медалы, И. Арабаев атындагы КМУнун, БатМунун ардактуу профессору. КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, КР эл жазуучусу, Эл аралык Манас ата академиясынын академиги, Кыргыз билим берүү академиясынын корреспондент-мүчөсү, Россиянын билим берүүсүнө жана илимине эмгек сиңирген ишмер жана башка сыйлыктар менен сыйланган. С. Рысбаевдин жеткечилиги менен 1 докторлук, 21 кандидаттык диссертациялык иш корголгон. Азыркы учурда жогоруда аталган жана башка багыттагы чыгармачылыктын үстүндө активдүү иштеп жүргөнү баарыга маалым.

Урматтуу илим-билимдин баба-дыйканынын ийгиликтерине ийгилик улана берсин деген изги тилегимди билдирем!

 

УЧУРДАГЫ КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН ДУЛДУЛДАРЫЖЕҢИШБЕК ЧЫМАНОВ        

Филолог окумуштуу илимпоздор тилчи жана адабиятчы деп эки топко бөлүнүп жүрүшөт. Ошол сыяктуу эле педагог-изилдөөчүлөр да кыргыз тилин окутуу менен кыргыз адабиятын окутуучулар болуп бөлүнүшөт. Кыргыз тилин окутуунун методикасы боюнча мурда иштеген илимпоздордун жолун улап, азыркы учурдун урунттуу маселелерин чечүүнүн үстүндө үзүрлүү эмгектенип келе жаткан окумуштуулардын дагы бири — педагогика илимдеринин доктору, профессор Чыманов Жеңишбек Арыпович. Ал 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктагандан бери ушул университеттин кыргыз филологиясы факультетинде иштеп келе жатат. Орто жана жогорку мектептерде окутуунун жана тариялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз тили) адистиги боюнча 1996-жылы кандидаттык, 2010-жылы докторлук диссертацияларын ийгиликтүү коргогон. Кеңешчилиги жана жетекчилиги  менен илимдин бир доктору, 17 кандидаты кыргыз тилин эне тили, экинчи тил атары окутуунун теориясы менен методикасы боюнча диссертациялык иштерин коргошкон.

173 илимий, илимий-методикалык эмгектери, макалалары жарыяланган. Анын ичинде: 3 монографиясы, 7 окуу куралы, 3 сөздүк, жакынкы чет өлкөлөрдө жарыяланган 5 макаласы, предметтик билим берүүнүн стандарты, окуу программасы, аларды жаңылоо концепциясы бар. Негизги эмгектеринен атап көрсөк: «Байланыштуу кепти окутуунун негиздери» (1997-ж.), «Тил илимине киришүү: жогорку окуу жайлардын филология факультеттеринин студенттери үчүн окуу китеби» (Авторлоштор: Идирисов С., Маразыков Т., 2001-ж.), «Кыргыз тили: сабактын теориясы жана практикасы (2007-ж.), «Тил жана кеп жөнүндө сөз» (2005-ж.) «Кыргыз тили: сабактын теориясы жана методикасы (2007-ж.), «Кыргыз тили:  эне тили катары окутуунун методологиясы» (2015-ж.), «Кесиптик лицейлерде кыргыз тилин окутуу» (2019-ж.) ж.б. Китептердин аттары айтып тургандай,  буларда кыргыз тилинин теориялык маселелери, аны эне тили, экинчи тил жана чет тили катары окутуунун жалпы дидактикалык жана технологиялык маселелери  ар тараптан изилденген. Теориялык жоболору сабакта колдонууга ылайыкталган технологиялар жана практикалык ыкмалар менен тастыкталган. Жыйынтыктары ынанымдуу, тил илимин өздөштүрүүнун законченемдерине толугу менен жооп берет.

           Жогоруудагы кесиптештеримдин ар бири жөнүндө өзүнчө жазсам да болмок. Бирок алардын өтө көп окшош жактары бар. Алар: жөнөкөйлүгү, өздөрү тандап алган адистик кесиптери боюнча билгиликтүүлүгү, теориялык билимдеринин тереңдиги, изилдөөлөрүнүн фундаметалдуулугу, ар тараптуулугу менен кеңдиги, изилдөөдөн алынган жыйынтыктарынын практикалык жактан баалуулугу, эмгекчилдиктери жана чаалыкпас аракеттери, мансапкорлуктан алыстыгы, үй-бүлөдөгү камкордугу, кесиптештери менен жолдошторуна болгон туруктуу көз карашы менен жан дүйнөлөрүнүн тазалыгы, ишке жана башкаларга болгон жоопкерчиликтүү мамилелери ж.б. Кай бири быйыл, айрымдары кийинки жылдары жетимиш жылдык мааракелерин белгилешет. Алдын ала чын дилимден куттуктайм!

Акырында айтаарым:

           Дүбүрт эмес, басканынан чаң чыкпас,

           Көрдүм далай илимпоздун миңдейин.

           Чар тарапка алып учуп алкынган,

           Буларды мен дулдул дебей ким дейин?!

Бөлүшүү

Комментарийлер