Тюмень университетинин ректору ОшМУда
- 16.06.2025
- 0
Тюмень мамлекеттик медициналык университетинин ректору Иван Петров баштаган делегация12-июнда ОшМУда болушту. Алар ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, эки окуу жайдын ортосундагы келишимдин алкагында ишке ашып жаткан кош дипломдуу билим берүү программалары, академиялык мобилдүүлүк, илим изилдөө жаатындагы кызматташуулар боюнча пикир алышты.
Ошондой эле мындан ары да биргелешкен иш аракеттерди жаңы деңгээлге көтөрүү жаатында макулдашышты.
Үч күндүк иш сапардын алкагында делегация ОшМУнун билим берүү, илим изилдөө, медициналык билим берүү багытындагы жасалып жаткан иштери менен таанышты. Мындан тышкары конок лекцияларды өтүп, кош дипломдуулук багытында билим алып жаткан студенттер менен жолугушууларды өткөрдү.
Тюмень мамлекеттик медициналык университети менен ОшМУнун ортосунда кош дипломдуу билим берүү боюнча келишимге 2022-жылы кол коюлган. Учурда стоматология адистиги багытында аталган программа боюнча 15 студент билим алууда.
Буга чейин 21 студент Тюмень мамлекеттик медициналык университетине барып, академиялык мобилдүүлүк багытында билим алып келишкен.
Комментарийлер