ТООЛОРДУН ЭКОСИСТЕМАСЫН ЖАНА КЛИМАТТЫК ТУРУКТУУЛУГУН САКТООГО АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

  • 14.05.2022
  • 0

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде  “Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулугун сактоодо Кыргыз Республикасынын Конституциялык кепилдиги” аттуу аймактык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

ТООЛОРДУН ЭКОСИСТЕМАСЫН ЖАНА КЛИМАТТЫК ТУРУКТУУЛУГУН САКТООГО АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮИш-чара юридика-бажы факультети, илим жана магистратура бөлүмдөрү тарабынан Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына  жана 5-май — Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата уюштурулду. Конференцияны Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору Чаткалбай Райымбаев ачып берип, жаратылыш мурастарын сактоо жана тоолорду туруктуу өнүктүрүүнү колго алуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деген жарлыгы колдоого аларлык иш экенине токтолуп, турмуш-тиричилигибизди өткөрүп жаткан айлана-чөйрөбүзгө, тоолорубузга, жаратылышыбызга кыянаттык кылбай,  аяр мамиле жасайлы деген тилегин билдирди. Андан соң келген конокторго сөз берилип, конференцияны пленардык отурумдун баяндамачылары улантты.

Университеттин илимий иштер боюнча проректору, техника илимдеринин доктору Медербек Исманов “Бүгүнкү күндө илимий макала жазуунун өзгөчөлүктөрү”, Ош мамлекеттик юридикалык институтунун илимий иштер боюнча проректору, тарых илимдеринин доктору Байболот Абытов “Улуттук идеологияга руханий өнүгүү аркылуу жетишүү: маселенин зарылдыгы жана келечеги”, ОшМУнун профессору, юридика илимдеринин доктору Нурбек Мурзаибраимов “Кыргыз Республикасында жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө укук бузуулардын түрлөрү жөнүндө суроолору”, юридика-бажы факультетинин деканы, юридика-илимдеринин доктору Алмагүл Көкөева “Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулугун сактоодо Кыргыз Республикасынын конституциялык негиздери жана учурдагы проблемалар” деген темалардагы кызыктуу баяндамаларын жасашты. Түшкү тыныгуудан кийин конференциянын катышуучулары 4 секцияга бөлүнүп, иш алып барышты. Ар бир секцияда илимдин кандидат, докторлору жетекчилик кылып, мыкты баяндама жасагандарга атайын грамоталарды тапшырышты. Соңунда ар кандай ой-пикирлер, сунуштар айтылып, резолюция кабыл алынып, конференция өз ишин жыйынтыктады.

Бөлүшүү

Комментарийлер