ТОЛКУН — БИЛИМ ОЛИМПИН БАГЫНДЫРГАН АЙЫЛДЫК ОКУУЧУ
- 10.07.2018
- 0
Алыскы ак мөңгүлүү, аска зоолуу Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин бүтүрүүчүсү Толкун Жеткинбекова Нарын облусу боюнча жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку (224) балл алып, КР Президенттин мактоо баракчасы, компьютер, ошондой эле беш миң сом менен сыйланды. Сүйүнүчтөрү койнуна батпаган биринчи мугалими, апасы Гүлүмкан Турганбаева экөө биздин редакцияга келип, кубанычтары менен тең бөлүштү. Толкун бир эле билимдин артынан сая түшпөстөн, ал ар тараптан өнүккөн заманбап жаштардын бири. Мыкты дастанчы, комузчу, жаш акын, тренер-окуучу… Англис тилинде эркин сүйлөйт. Тээ айылдын жөнөкөй мектебинде окуп деле билим олимписин багынтса болорун далилдеген Толкун Жеткинбекова менен окуудагы ийгиликтери, алтын сертификат алуунун сыры, досчулук, көрө албастык, ата жана бала ж.б.у.с. темалардын тегерегинде кызыктуу маек курдук.
Нарын облусунун тарыхындагы зор ийгилик
Толкун менен катар эле район боюнча Кара-Суу айылынын Карыбек Карпеков атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Мырзайым Темирбекова 221 балл, Кызыл-Туу айылынын Калкан Керималиев атындагы орто мектебинен Айназик Коногалиева 220 балл алып алтын сертификатка ээ болушту. ЖРТ башталгандан бери райондун эле эмес, облустун тарыхында бул алгачкы ири ийгилик.
Кылымга тете мектеп мыктыларды даярдайт
Толкун Жеткинбекова окуган Ой-Терскен мектебинин 90 жылдан ашык тарыхы бар. Алгачкы мектеп Ой-Терскен айылындагы мечитте (баса, бул мечитти менин чоң таятам, бай-манап Чаргын салган) жайгаштырылып, ошондон тарта Ой-Терскен атындагы орто мектеби деп аталып калган. Айдыңда өскөн гүлдүү жашыл талаа «терскен» деп аталат. Ата-бабалар “ушул мектепте окуган балдарыбыз гүлдөй өскөн, дайыма жашарган, өсүп-өнүккөн билимдүү жаштар болсо” деген тилек менен билим уясына атын коюшуптур. Кылымга тете мектеп айылдын жаштарына билим-тарбия берип, талыкпай өзүнүн уясынан билимдүү-илимдүү, мекенине кызмат кылган инсандарды жылда уясынан учурат. Алсак, Ой-Терскен орто мектебин аяктап, кыргыз элине эмес бүткүл СССР учурунда таанылган эмгектин баатырлары: Орозакун Мамбетакунов, Курманалиев Жумабек, Сейитбекова Асылбүбү. Физика илимдеринин доктору, профессор Кенжебаев Шаршен, география илимдеринин доктору, профессор Чодураев Темирбек, эмгек ардагери Асаналиев Нааматбек, ал эми учурдагы Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев, “КР Эмгек сиңирген дарыгер” Асекова Клара, белгилүү ырчы Асаналиев Токтобек жана башка мекенине кызмат кылып жүргөндөр менен бир эле ачакайындыктыктар эмес, жалпы кыргыз журтчулугу сыймыктанат. Бул адамдардын катарына мыкты окуучу Толкун Жеткинбекованы да кошсок ашыкча болбостур. Бул мектеп республикадагы 100 инновациялык мектептин катарына тандалып алынган.
Биринчи мугалими
Толкундун биринчи мугалими Гүлүмкан Турганбаеванын айтымында, кызынын “Алтын тамга” аттестатын алганы, алтын сертификатка жеткени кызылдай эле өзүнүн аракети болду.
- 1-класстан баштап 11-класска чейин жалаң билимге умтулуп, өзүнүн алдына койгон максатын ишке ашырганга аракет жасап атты. Толкун 1-4-класска чейин өзүмдө окуду. Биринчи мугалимимин. Окуп жүргөндө эле ал ийгиликке жетерине көзүм жетчү. Башка окуучуларга салыштырмалуу өзүнүн өзгөчөлүгү бар эле. Мисалы, мектепке келгенде: “Апа, мени биринчи сураңыз”, — дечү. Мен башка окуучуну сурасам, мага таарынып калчу. Үйдө тапшырманы да өз алдынча аткарчу. Дегеле тапшырманы аткарууда мен көрсөтмө берген жокмун, башым дагы ооруган жок. Математикадан Толкун бир жумага алдыга кетчү. 4-класска келгенде бизде иштеген математикадан эң кыйын Бакыт Токтомамбетов деген агайга кайрылдым. “Агай 5-6-класстан баштап математика боюнча олимпиадага барат. 4-класстагы математикасын байкап көрсөңүз, же мен жөн эле мактап атамбы?” – деп. Кийин агай байкап көрүп, чын эле математиканы жакшы билээрин айтып, аны олимпиадаларга даярдай баштады. Ошентип 6-класстын окуучулары катышкан олимпиадага 5-класс кезинде катышып, райондон 1-орунду, облустан 2-орунга чыккан, — дейт мугалими.
Башталгыч класстын мугалимине жараша окуучулардын фундаменти түптөлөөрүн баардыгыбыз жакшы билебиз. Г.Турганбаева Ой-Терскен мектебиндеги алдыңкы мугалимдердин бири. Ал эмгекчил, чыгармачыл, дайыма изденип жүргөнүн гана көрөсүң.
Толкун Жеткинбекова: “Билим – дүйнөгө ачылган эшик”
- Албетте, айылдык мектепте окуп жүрүп, алтын сертификатка илинүү оңойго турган жок болуш керек. Тестирлөөгө даярданууга канча убакыт кетти?
- 10-класстан эле SECOM билим берүү мекемесинде бир жыл окудум. Андан сырткары, Нарын облусунун күчтүү мугалимдери менен тандоо сабактарыма (химия, биология, англис тилинен) даярдандым. Кыскасы, жалпы республикалык тестирлөөгө эки жыл мурун эле камынгамын. Тестирлөөгө киргенде корккон жокмун, анткени мен буга чейин иштеп жүргөн көнүгүүлөргө окшош тапшырмалар келди. Тестирлөөгө киргенде 200 баллдан ашам деп өзүмө сөз бергем, бирок алтын сертификат алам деген ой болгон эмес.
- Мектепти да “Алтын тамга” менен аяктадың. Кайсы сабак жүрөгүңө жакын эле?
- Кичинекейимен эле мен ар тараптуу өнүккөндү жакшы көрөм. Бир эле багытта адам кете берсе, ал жашоодон калып калышы ыктымал. Дүйнөтаанымы канчалык кенен болсо, бул жашоодо алган ордуң ошончолук чоң болот. Ошондуктан мен бөлүп карай албайм. Ар бир сабак өзүнчө рахат тартуулайт, өзүнчө эшигин ачып берет. 5-класстан баштап математика сабагы боюнча республикалык олимпиадага катышып жүрдүм. 7-класста предметтик олимпиададан район боюнча эки жолу биринчи орунду алдым. Ошондон баштап мен билим дүйнөсүнө сүңгүп кирдим. Сабактан тышкары комуз ийримине барып, дастан боюнча республикалык сынактарга катышчумун. 21-июнда губернатор чакырып, кызыл килемден өтүп «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын тапшырып, ЖРТ боюнча облустун алдыңкы окуучусу аталдым.
- Алтын сертификат каалаган жогорку окуу жайга тапшырууга жол ачат. Кайсы кесипти тандадың?
- Мен доктур болгонду, т.а. балдар дарыгери болгонду самап келем. Биринчиден, мен балдарга абдан жакынмын. Алардын жан дүйнөсү өзүнө мени тартып турат. Оорулардын жашарып баратышы мени тынчсыздандырат. Эгерде жаш жеткинчектердин, жаш муундардын дени сак болсо келечек жаркын болоору бышык деп ойлойм. Катардагы медицина кызматкери эмес, эң биринчи коомго пайдалуу ачылыш жасаган дарыгер болгум келет. Медицинада жеке эле дарылар, ийне саюулар менен эмес, эң биринчи жан дүйнөнү дарылаш керек экенин түшүндүм. И.Ахунбаев атындагы КММА тапшырганы турам, бирок жогорку курстарда чет мамлекеттеги мыкты окуу жайлардан билимимди өркүндөтүп, тажрыйба топтоп келгим келет. Себеби канчалык башка күчтүү мамлекеттерди көрсөң дүйнөтаанымың кеңейет. Алган билимимди өзүмдүн өлкөмө, анын өнүгүшүнө арнагым келет.
- Ийгиликтин ачкычы эмнеде?
- Бир тараптуу издене бергенде чоң ийгилик болмок эмес. Эң биринчи мени тарбиялап, шарт түзүп берген ата-энем, сабак берген мугалимдер жана сабактарды туура кабыл алган өзүм жактан, көргөн аракеттин артында ийгилик жаралды деп ойлойм. Кичинекей кезимен эле жакшы окуганга өзүмө талап койгом. Мен окуганга аябай кызыккандыктан, ойногонго убакытым болгон жок. Заманбап технологияларга деле кызыкпадым. Соцтармактарга кошулган жокмун. Эгер интернетке кирсем, сабакка тиешелүү маалымат алыш үчүн гана пайдаланчумун.
- Акыркы жолу кайсы китепти окудуң?
- Ш.Дүйшеевдин “Агындыларын” окудум. Китеп көркөм, жөнөкөй сөздөр менен жазылып, бирок турмуштук терең сабактар берилгенине берилүү менен окугам. Китепте жакшы сөз бар экен: “Жакшылыкта бирикпеген элдин, жамандыкта биригерин көргүнүң” деп айтылат. Көрсө, жамандыктын дагы жакшы жери бар экен деген философияны түшүндүм.
- Досуң барбы? Мамилеңер кандай?
- Менин эң жакын досум апам. Апама толук ишенем. Сырымды дагы апама айтам. Анткени дос жакшылыкта да, жамандыкта да жаныңда жүрөт.
- Сүйүүнү кандай түшүнөсүң?
- Эң биринчи сүйүүм – ата-энем. Мекенди, табиятты, жашоону сүйүү – бактылуу жашоого мүмкүнчүлүк берет.
- Көрө албастык деген эмне? Жашооңдо ушундай нерсе жолуктубу?
- Көрө албастык – бул жан дүйнөнүн жардылыгы. Эгерде жөнөкөй эле адам болсо, ага эч ким деле көңүл бөлбөйт. Качан гана адам бардык жагынан жетиштүү, белгилүү болуп баштаганда көрө албагандар четтен чыгат. Менин турмушумда деле болду, андай нерселер, бирок мен ага көңүл да бөлгөн жокмун, керек болсо маани да берген жокмун. Көрө албагандар болгону мен үчүн жакшы. Анткени мен ого бетер өнүгүшүм керек деп ойлойм. Мен көрө албастык менен мага айтылган сын-пикирлерди айырмалаганды үйрөндүм. Мен 9-класста курдаштарымды бир жыл гендердик теңчилик, стереотипти жоюу, команда түзүү боюнча “Коопсуз жана бейпил мектебим” деген “ООНдун Аялдар уюмунун” долбоорунун алкагында окуттум. Бир жыл ичинде тест өткөрдүм, жашыруун анкета уюштурдум. Кыз турмушка чыгат деген мурдагы калыптанып калган көз караш бар экенин көрүп, кыздарга туура түшүндүрүү иштерин жүргүздүм. Маселен, билим алуу эркектерге жана аялдарга деп бөлүнбөйт. Билим – дүйнөгө ачылган эшик. Айрым курдаштарым түнт болчу. Жыл жыйынтыгында долбоордон алтын сертификат алдым. Баягы түнт балдар күлүп, сүйлөп калышты. 15 окуучу менен баштагам, аягында 19 окуучу бүттү. Ишенимди жогорулата алышты. Курдаштарымдын сүйлөп калганына абдан сүйүндүм.
- Ата-бала маселесине кандай карайсың?
- Мен кичинекейимен чоң апамдын жомокторун угуп өстүм. Өзүмдүн ата-энемдин чоң ата, чоң апаларыма жасаган мамилелерин көрүп, чоңойдум. Аларга болгон сый-урматты көрүп, бизде дагы жакшы таалим-тарбия калыптанган. Биздин үй-бүлөдө ата жана бала маселеси болгон жок. Бирок турмушта айрым окуучулардыкында ушундай маселе бар болчу. Ар бир маселенин сөзсүз жакшы жагы болот, болгону туура кабыл алыш керек. Менин ата-энем мага үлгү болуп берди. Маселен, «Улууну урматта, кичүүнү ызатта», «Эжени көрүп, сиңди өсөт» ж.б.у.с. Мен 21-кылымдын жаштарындай эле эркин өстүм, бирок чектен чыкпай улуттук таалим-тарбияда чоңойдум.
Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”
Комментарийлер