ТОКТОГУЛ: ЭЛ ӨКҮЛҮ ОКУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУКТУ
- 03.11.2026
- 0
Жогорку Кеңештин депутаты Болотбек Борбиев Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы №16 С.Нурманбетов атындагы жалпы билим берүү мектебине барып, мугалимдер жамааты жана окуучулар менен жолугушуу өткөрдү. 
Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүүнүн сапатын арттыруу, жаштардын келечеги жана кесип тандоо маселелери талкууланды. Эл өкүлү окуучулардын суроолоруна жооп берип, мыйзам чыгаруу органынын ишмердүүлүгү, заманбап билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жана жаштар үчүн түзүлүп жаткан шарттар тууралуу кеңири кеп кылды. 
Билимдүү, дүйнө таанымы кең жана мекенчил жаштарды тарбиялоо мамлекеттин келечеги үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгилеген эл өкүлү окуучуларды убакытты туура пайдаланууга, чет тилдерин үйрөнүүгө, билимге умтулууга жана алдына так максаттарды коюуга чакырды. Ошондой эле эл өкүлү жаш муунга билим жана тарбия берүүдөгү баа жеткис эмгеги үчүн мугалимдерге ыраазычылык билдирип, алардын жооптуу иштерине ийгиликтерди каалады.
А.К., «КБ»


