ТОҢ РАЙОНУНУН МЕКТЕБИНДЕ КҮНӨСКАНА АЧЫЛДЫ

  • 24.02.2021
  • 0

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Эшперов айылындагы Догдуров атындагы мектебинде мектеп ашканасын жашылчалар менен камсыз кылууга багытталган пилоттук демилге менен мектептин күнөсканасы иштей баштады. Бул Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы мектептердеги тамактандырууну оптималдаштыруу боюнча улуттук программанын алкагында ишке ашты.

ТОҢ РАЙОНУНУН МЕКТЕБИНДЕ КҮНӨСКАНА АЧЫЛДЫ

Күнөскананы ишке киргизүү Ысык-Көл Аймактык Өнүктүрүү Фонду, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) жана Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Интернешнлдин өнөктөштүгүнүн аркасында мүмкүн болду.

Бул демилге республиканын бардык башталгыч мектептеринде техникалык потенциалды жогорулатуу жана аш болумдуу тамак-аштын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.

Мектеп күнөскананы балдарды органикалык түрдө өстүрүлгөн жашылча-жемиштер менен суук мезгилдерде дагы камсыздоо үчүн колдонот. Мектептин кызматкерлери жана ашпозчулары туура тамактануу, мектеп менюсун түзүү, өстүрүлгөн жаңы түшүмдү туура пайдалануу сыяктуу кулинардык чеберчиликтерин өркүндөтүү боюнча окутулду.

ТОҢ РАЙОНУНУН МЕКТЕБИНДЕ КҮНӨСКАНА АЧЫЛДЫ

Күнөскана күндүн энергиясын максималдуу пайдаланган заманбап технологияларды колдонуу менен курулган. Энергияны үнөмдөөчү долбоорлор каржылык жактан гана натыйжалуу болбостон, экологиялык туруктуулук үчүн да маанилүү. Бул демилгенин тажрыйбасы өлкөнүн башка мектептеринде дагы ушундай күнөсканаларды ишке киргизүү үчүн колдонулат.

“Балдар үчүн сапаттуу мектеп тамак-аш өтө маанилүү. Гуд Нейборс Интернешнл менен өнөктөштүгүбүз аркылуу биз мектептерге жыл бою өздөрүн таза, аш болумдуу мөмө-жемиштер менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк бердик”,- деди Кыргыз Республикасындагы БУУ ДАТП директору Андреа Баньоли.

Ал эми Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Интернешнлдин директору Чжун Хонг Су: “Биз Кыргызстандагы мектеп тамак-аш программасын өнүктүрүүгө жана ден-соолугу чың жана ийгиликтүү муунду тарбиялоого өз салымыбызды кошконубузга сыймыктанабыз. Догдуров мектебиндеги кызматташтыгыбыздын ийгилиги жаңы биргелешкен долбоорлорго дем берет”,- деди өз сөзүндө.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер