ТОҢДО 17 МЕКТЕПТЕ ОФФЛАЙН ОКУТУЛУП ЖАТАТ

  • 07.12.2020
  • 0

ТОҢДО 17 МЕКТЕПТЕ ОФФЛАЙН ОКУТУЛУП ЖАТАТ

Тоӊ райондук жугуштуу ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бардык мектептерде санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышы жана эпидемияга каршы алдын алуу чаралардын аткарылышы боюнча рейддер жүргүзүлүүдө.

Маалым болгондой, район боюнча жалпы 30 мектеп болсо, алардын ичинен 17 мектепте окуучулар салттуу режимде окутулуп жатат. Ал эми 12 мектепте эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1-5-9-класстардын жана 11-класстардын окуучулары, 1 мектепте 1-9-класстын окуучулары салттуу, калган класстардын окуучулары онлайн режимде окуп жатышат.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер