“ТИЛИМ МЕНЕН УЛУТМУН” РЕСПУБЛИКАЛЫК РАДИОТАЙМАШТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ
- 25.11.2020
- 0
25-ноябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата Кыргыз радиосу менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия биргеликте уюштурган “Тилим менен улутмун” аттуу студенттер аралык республикалык радиотаймаштын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Радиотаймаш 3 айлампадан туруп, бир жылдан бери түз эфирде уюштурулуп келген. Ага республика боюнча 18 жогорку окуу жайынын филологиялык эмес факультеттеринин студенттери катышкан.
Ар бир оюнга экиден калыс сереп салып, жыйынтыгында 5 жогорку окуу жайы финалга жолдомо алган.
Баш байге: Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (30 миң сом)
1 -орун: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (20 миң сом)
2-орун: Кыргыз-Түрк Манас университети (10 миң сом)
3-орун: И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (5 миң сом)
4-орун: М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети (3 миң сом)
Радиотаймашка Аскар Салымбеков фонду башкы демөөрчүлүк кылган.
Нурзат Казыбекова, “Кут Билим”
Комментарийлер