ТАСИЛКАН ЖУМАБАЕВАДАН КОНОК-ЛЕКЦИЯ

  • 09.02.2023
  • 0

ТАСИЛКАН ЖУМАБАЕВАДАН КОНОК-ЛЕКЦИЯ

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде табигый-илимий билим берүү багытында «Туруктуу өнүгүүнүн негизги максаттары» аталышында конок-лекция уюштурулду.

ТАСИЛКАН ЖУМАБАЕВАДАН КОНОК-ЛЕКЦИЯ

Иш-чаранын коногу КР Улуттук илимдер академиясынын мүчөсү жана биология илиминин доктору, профессор Тасилкан Жумабаева болуп, ал табият таануу жана география факультетинин окутуучуларына, аспиранттарга магистранттарга жана студенттерге лекция окуду.

Мында лектор туруктуу өнүгүүнүн 17 максаты тууралуу маалымат жана билим берүүдө кандай компотенттерге ээ болуу керектиги жөнүндө кенен түшүнүк берди. Ошондой эле студенттерди туруктуу өнүгүүгө салым кошууга багыттаган бир топ мисалдарды келтирип, кызыктуу талкууларды жүргүздү.

Жыйынтыгында лекциянын катышуучулары тарабынан суроолор берилип, профессордон тиешелүү жооптор алынды. андан соң профессор университеттин ректорунун кабыл алуусунда болуп, конок-лекцияларды уюштуруу боюнча баарлашышты. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.

Ч.К, «КБ»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер