ТАШКЕНТТЕГИ НООРУЗ ФЕСТИВАЛЫНДА КЫРГЫЗ МУЗЫКАНТТАРЫ ЭКИНЧИ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

  • 11.04.2018
  • 0
2018-жылдын 3-5-апрелинде Ташкент шаарында өткөн
“Навруз садолари” (“Нооруз кайрыктары”) IV эл аралык фестивалына
М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы
катышып, 2-орунду татыктуу ээлеп кайтышты.
“Нооруз кайрыктары” фестивалына бул жылы алты өлкөдөн: Өзбекстан,
Казакстан, Тажикстан, Монголия, Бурятия жана Кыргызстандан 620 дан
ашуун катышуучу барган.
Ошону менен катар, 42 кесиптик орто окуу жайлардын жамааттарынын
ичинен М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы
аталган фестивалда калыстар тобунун бир добуштан колдоосу менен экинчи
орунга чыкканын өзгөчө белгилей кетүү керек.
IV эл аралык көп түрдүү ансамблдердин жана оркестрлердин фестивалы
балдарга жана жаштарга музыкалык тарбия берүү боюнча мамлекеттик
программаны аткарууга багытталган жана анын ичинде улуттук аспаптарда
аткаруучу кадрларды даярдоого олуттуу көңүл бурган Швейцариянын
Өзбекстан Республикасындагы Элчилигиндеги Швейцариянын
кызматташтык бюросу тарабынан колдоого алынып келет.
Эл аралык фестивалга бул жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз
мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору, профессор, Кыргыз
Республикасынын эл артисти Т. Мураталиев төрагалык кылды.
Бөлүшүү

Комментарийлер