ТАРЫХ ЖАРАТКАН ЭРЛАН ШЕРОВ ЭР ДА, ШЕР ДА ЭКЕН

  • 23.05.2024
  • 0

ТАРЫХ ЖАРАТКАН ЭРЛАН ШЕРОВ ЭР ДА, ШЕР ДА ЭКЕН Курман кыргыз элим сүйүнчү! Абу-Дабиден кубанычтуу кабар келди!

Эл аралык спорт чеберибиз Эрлан Шеров Кыргызстандын тарыхында дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында алгачкы медаль утуп алган балбан болуп тарых жаратты!

Бул күндөрү Бириккен Араб Эмиратынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык атактуу балбан Эрлан Шеров коло медаль тагынды.

ТАРЫХ ЖАРАТКАН ЭРЛАН ШЕРОВ ЭР ДА, ШЕР ДА ЭКЕН25 жаштагы Эрлан Шеров 22-майда 90 килограммга чейинки салмак ченинде беттешип, анда жалпысынан 50 спортчу күч сынашты. Эрлан таймашууларды 1/16 финалдык баскычтан баштап, сербиялык жана бельгиялык спортчуларды утуп, чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда атаандашы килемге чыкпагандыктан, жеңиш Шеровго ыйгарылып, жарым финалда беттешүүгө укук алган.

Финалга чыгуу үчүн жарым финалдык күрөштө кыргызстандык балбан жапониялык Гоки Тадзима  менен беттешип, ага «алтын ылдамдык» менен гана утулуп калды.

Үчүнчү орун жана коло медаль үчүн күрөштө Шеров 2022-жылы Ташкентте өткөн дүйнө чемпионатынын  күмүш байге ээси, жаштар арасында Европа чемпиону, Европа оюндарынын жеңүүчүсү, Эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, италиялык Кристиан Парлати менен беттешти. Эрлан Шеров атаандашы 26 жаштагы тажрыйбалуу дзюдочу Кристианды “иппон” ыкмасы менен таза   жеңип, коло медаль тагынды.

ТАРЫХ ЖАРАТКАН ЭРЛАН ШЕРОВ ЭР ДА, ШЕР ДА ЭКЕНЭске салып кетели, мындан тышкары Эрлан 2022-жылкы Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси, 2024-жылкы Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси.

Ал Кыргызстандын тарыхында дзюдо күрөшүндө Азия оюндарынын алгачкы чемпиону болуп саналат. Ошондой эле 2023-жылы Улан-Батор шаарында өткөн “Чоң шлем” Гран-При турниринин күмүш медалын уткан. Быйыл 2024-жылы февралда Париж шаарында өткөн “Чоң шлем” Гран-При турниринин коло байге утуп алган. Мындан тышкары ал жаштар арасында Азия, Европа чемпионаттарында бир нече жолу байгелүү орундарды ээлеген.  Эми Эрлан рейтинг жана упайларынын жыйынтыктары боюнча Париж олимпиадасына жолдомо алды деп кубанып турабыз.

Эрлан бул ийгиликти жаратууда Кыргызстандын Улуттук дзюдо федерациясынын жетекчилеринин, машыктыруучулардын салымы да тоодой!

Кыргызстандын спорт күйөрмандарынын жана спорт журналисттер федерациясынын атынан Эрланды жана устаттарын куттуктайбыз!!!

Кабыл Макешов,

 спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер