ТАРБИЯДА ТАНАПИС ЖОК

  • 22.02.2023
  • 0

Лейлек  районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде окуучулардын арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, өз ара тартип бузуулардын алдын алуу максатында тегерек үстөл болуп өттү.

ТАРБИЯДА ТАНАПИС ЖОК

Милициянын айыл аймактык бөлүмчөсүнүн башчысы, ага лейтенант Ырысбек уулу Абдымалик, жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспектор, ага лейтенант Эсенкул уулу Нурсейит, айылдык мечиттин имамы Каттабек Шамшиев, ардагер мугалим Абдимомун Туйчиев жана социалдык педагог Нилуфар Хидировалар  мектеп окуучуларын адептүү, ыймандуу жана маданияттуу болууга үндөштү.

Тайир АШИРБАЙ,  Лейлек району

Бөлүшүү

Комментарийлер