ТАРБИЯЧЫЛАР ҮЧҮН СЕМИНАР

  • 11.01.2024
  • 0

Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин усулчулары үчүн семинар өттү.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын усулчулары «Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин усулчуларынын ишинин өзгөчөлүктөрү», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарты», «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарга кам көрүү» деген тема боюнча талкууларга катышты.ТАРБИЯЧЫЛАР ҮЧҮН СЕМИНАР

 

Семинарга катышкан 40 методист окутуунун ар кандай интерактивдүү усулдарын оюн түрүндө колдонуу ыкмалары боюнча кеңири маалымат алды. Алар ошондой эле Жалал-Абад мамлекеттик университетинин үзгүлтүксүз билим берүү институтунун директору, профессор Т.Э.Уметовдон лекциясынан пайдалуу кеп-кеңештерди угушту.

Бөлүшүү

Комментарийлер