ТАЛБАС ЭМГЕК, КӨСӨМ МАКСАТ

  • 10.05.2023
  • 0

Бүгүн биз барган жеринин көркүн чыгара,  заманбап чөйрөгө айланта билген, көрөгөч жетекчи, менеджер, насаатчы агай, ардактуу эс алууга чыкса да мектептен кол үзбөй, эмгектенип келген Тогуз-Торо районундагы №13 М.Жаңыбаева атындагы орто мектебинин технология мугалими Сапар Аттокуров тууралуу сөз кылабыз.

Мектеп ачуу — максатым

Мугалимдик эмгек жолун Советтик Армияда кызматын өтөп келгенден кийин, туулуп-өскөн айылындагы мектептен баштаган агай, Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунун сүрөт, чийүү жана кол эмгек факультетинде билим алып, 1983-жылы  артыкчылык диплом менен бүтүрүп, эки жыл өзү окуган факультетте кафедра окутуучусу болуп, 1985-жылы Тогуз-Торо районунун Фрунзе орто мектебинде окуу бөлүм башчы болуп иштейт.

Союздун күчү солгундап, район ичинде каралбай калган имараттар пайда болуп калганына көңүл бурган жаш адис, ПМКнын жумушчуларына деп салынып, кароосуз калган эски жатакананы мектеп кылып ачуу демилгесин көтөрөт.

1988-жылы М.Жаңыбаева атындагы мектеп ачылып, мектептин директору, негиздөөчүсү жана түптөөчүсү катары уюштуруу иштерин жүргүзүүдө, мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо жана мектепке Социалисттик Эмгектин Баатыры, Жогорку Советтин эки жолку чакырылышынын депутаты М.Жаңыбаеванын ысмын ыйгарууда алгылыктуу иштерди жасаган.

Мектеп биринчи сегиз жылдык болуп ачылган, кийинки жылы он жылдык кылып ачып, ушул күнгө чейин он жылдык мектеп болуп иштеп келүүдө. Каалга-терезеси жок, дубалдары тешилген имаратты ирээтке келтирүү боюнча иштер көп болду. Мектеп эмеректерин алыш үчүн РайОНОдон 80 миң рубль бөлүнүп, бир жарым ай Балыкчыда кезек күтүп, бир машина прицеби менен толтура парта-стул, шкафтарды жүктөп келдим. Уюштуруу иштери бир аз кечеңдесе да, октябрдын 15инде мектепти жаркыратып ачып алдык, — деп эскерет С.Аттокуров.

Өзү ачкан мектепти 1988-1997-жылдары жетектеп келип, 1997-2003-жылдары Макмал орто мектебинин директорлугуна чакырылат. 1999-жылы “АРИС”долбоору менен иштешип, 23,0 миң АКШ долларлык инвестиция тартуу менен Макмал орто мектебинин жана спортзалынын үстүн чатырлатат.

2003-2007-жылдары “Саймалуу-Таш” жаратылыш паркы ачылып, ал жакка  директор болуп иштеп калат. Барган жеринин кемчилигин көз жаздымында калтыра албаган жетекчи, 2004-жылы “Саймалуу-Таш” жаратылыш паркынын кабылдоо бөлмөсүн капиталдык ремонттон өткөрүү иштерин жүргүзүп, заманбап офиске айлантууга жетишет.

     Коомдук иштерде активдүү агай, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин I курултайынын делегаты, 2002-2006-жылдары райондук Кеңештин III чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2012-жылы кайрадан М.Жаңыбаева атындагы орто мектептин директору болуп келет дагы, 1 млн 800 миң сомдук  мини-футбол аянтчасын курууга, 950 миң сомго мектептин чатырын жаңылоого, “Мерсико” уюму менен кызматташып, 1 млн сомдон ашык суммага мектепке үч бөлмөлүү ашкана жана 850 миң сомго ажааткана курдурууга көп эмгек жумшады. 2015-2016-окуу жылында «Кыргыз Алтын» концерни менен биргеликте мектептеги жашоо шарты начар, жарым жетим жана тоголок жетим балдар үчүн 32 окуучуну 48 миң сомдук кышкы кийим-кече жана бут кийимдер менен камсыздады.

       2017-2018-окуу жылында өз каражатынын эсебинен (30 миң сом, өзүнүн үй-бүлөсү, балдары менен) мектептин эки жагына дарбаза койдуруп, мектебин кайрадан ирээттеп чыкты. Өмүрлүк жары, математика мугалими  Ашырбаева Света, бармактайынан агай менен тизгиндеше жеңилин жерден, оорун колдон ала, бардык ишинде коллега жана ишенимдүү жөлөк болуп келе жатат.

     Мындан сырткары, Сапар агай мектепке ыктыярчы алып келүү менен окуучулардын англис тилине болгон кызыгууларын арттыруу максатында “Тынчтык корпусу” менен кызматташып, АКШнын Алекс аттуу атуулуна мектепте эки жыл бою эмгектенүүсүнө толук шарттарды түзүп берген. Ыктыярчы менен тыгыз иш алып баруу менен үч жолу райондук деңгээлде англис тилин окутуу боюнча семинарларды уюштуруп, “Тынчтык корпусу” аркылуу 200 миң сомго мектептин эшик-терезелерин алмаштырган.

2018-жылдан бери №13 М.Жаңыбаева атындагы орто мектебинде технология сабагынан окутуп, 48 жылдан берки тажрыйбасы менен бөлүшүп, жаш муундарга билим жана тарбия  берип келет.

Мектепке жарым кылым эмгегин арнаган мугалим, дагы деле тынч отурууну каалаган жок.

 — 250 орундуу 76 миллион сомдук заманбап жатак-мектепти куруу максатында проект иштеп чыгып, чиймесин чийип, даярдап алып, Каргалык айыл өкмөтүнөн акчасын бөлдүрөрдө, “Жашыңыз өтүп калыптыр, жөн эле коюңуз” деп,  жетекчиликтен колдоо таба албай калдым. Бирок максатыма жетем деп ойлойм. Тилдерди тереңдетип окуган, IT технологиясын мыкты өздөштүргөн интеллектуал муундар райондун булуң-бурчунан чогулуп келип, беш күн жатып-окуп, билим алып тура турган мектептин имараты туруп калса деп кыялданып келгем, мындай мектеп Тогуз-Торого керек, — дейт Сапар агай.

                              Жөн отурбаган адам

Сапар Аразович, такыр жөн отурбаган адам: эмгекчил, мээнеткеч анан дагы чыныгы педагог.  Ушул мезгилдерде агайдан билим-тарбия алган бир нече муун республиканын булуң-бурчтарында эмгектенип келет. Арасында илимдин кандидаттары, ар кайсы кесиптин ээлери бар. Ал эми жетекчилик кызматта жүрүп, бир топ мектеп жетекчилерин дагы тарбиялап өстүрдү десем жаңылышпайм, — дейт өз сөзүндө, учурдагы №13 М.Жаңыбаева атындагы орто мектебинин директору С.Молдалиев.

Жетекчинин айтымында, 52 жылдык жалпы эмгек жолунун 48 жылын Сапар агай жаш муундарга  билим берүүнү тереңдетип, татыктуу тарбия берүүнү учур талабына шайкеш келтирүүгө аракет жасоо менен ушул жылдар аралыгында кайсы мектепти жетектебесин жамааттын ынтымагын чыңдап, ар бир педагогдун эмгек тартибин сактоосуна калыстык мамилесинен тайбай, үзүрлүү эмгектенишине шарт түзүүгө болгон аракетин жумшаган. Мындан сырткары агай 22 жыл жетекчилик кызматты аркалоо менен жана 18 жыл райондук технология бирикмесин жетектөө менен бирге ушул күнгө чейин жаш мугалимдерге насаатчылык ишин жүргүзүп келет. Ошондой эле мезгилинде республикалык, областтык жана райондук мектептерде билим сапатын көтөрүү максатында өткөрүлгөн ар кандай иш-чараларда такай катышып, өзүнүн мол тажрыйбасын жайылтуу менен мугалимдер арасында кадыр-баркка ээ.

Ушул жылдары Аттокуров Сапар агай Каргалык айыл өкмөтүнүн, Тогуз-Торо раймамадминистрациясынын, Жалал-Абад облустук билим берүү бөлүмүнүн, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн,  КР Билим берүү жана илим  министрлигинин, КР Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин, КР Өкмөтүнө караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Ардак грамоталары менен, КР Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Билим жана илим профсоюздук кыймылынын отличниги, Билим берүүнүн отличниги төш белгилери менен, Тогуз-Торонун 80 жылдык юбилейлик медалы менен сыйланган. Ал – Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу”.

Ата-энеден алган таалим-тарбия

1-майда өтө турган республикалык “Улутум – кыргыз, урааным – Манас” аттуу манас айтуу сынагына карата райондун мугалимдеринен баштап, окуучуларына чейин даярдык көрүп жаткан кезибиз. Ушул иш-чарага декоратор кылып шайлап коюшту эле, чиймесин чийип, декорацияларды тартып жатам, — дейт агай.

Сапар агайдын табиятынан эстетикалык көз карашын, сүрөтчүлүк хоббисин, тынч албаган энергиясын  ата-энесинен калган мурас деп айтсак жаңылышбайбыз.

“Балапан үйүнөн эмнени көрсө, ошону алат” деген сөздүн чын экенине дагы бир жолу ишенүүгө Аттокуров Сапар агайдын туулуп-өскөн үй-бүлөсү далил болду. Атасы Араз менен апасы Асипа жүрөктөрү ушунча кенен, адамдарды урматтаганды, эмгектенгенди, кылган ишинин адам суктанарлык болушун, искусствону, музыканы, кол өнөрчүлүктү бийик туткан, дасторконунан береке төгүлгөн адамдар эле. Атасы Аттокуров Араз райондо жаңы уюшулган “Жеңиш туусу” редакциясын көп жыл жетектеп, бюро мүчөсү, парторг, райкомдун секретары, Исполкомдо, айыл башкармасы болуп иштеген. Апасы Асипа колхоздун китепканасында, бухгалтерияда иштеп, колунан көөрү төгүлгөн саймачы, иштүү айым болгон. Айыл ичинде жөрөлгөлүү келиндерди уюштуруп, кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмөлөргө боз үй, улуттук буюмдарды жасап, жетектеп келди. Ушул өнөрдүн бардыгы алардын он баласынын баарында бар. Алар мыкты мугалим, жетекчи, сүрөтчү, ырчы, кол өнөрчү болуп ата-эненин асыл сапаттарын мурастап чыга келишти. Эл ичинде урматка бөлөнгөн Араз Аттокуровдун ысмы Арал айылынын көчөсүнө коюлган.

Айнура Асаналиева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер